Барак Обама президенттик шайлоо өнөктүгү кезенинде берген сөзүндө туруп, Осмон империясынын акыркы жылдарындагы армяндарды массалык кырууну “геноцид” же “максаттуу тукум курут кылуу” деп жарыялайбы деп күтүлүп жаткан.
Президент Обама 24-апрелде кат жүзүндө жасаган билдирүүсүндө кандуу алааматты “XX кылымдагы өтө ырайымсыз кыргын” деп атады, бирок "геноцид" (“тукум курут”) терминин колдонгон жок.
“Мен 1915-жылы орун алган окуяларга карата өз көзкарашымды ырааттуу билдирип жүргөм. Бул тарыхый окуя тууралуу пикирим өзгөрбөдү. Мен фактыларды толук, айкын жана калыс таануу керек деп санай бермекчимин”, - деген Обама армяндар менен Түркиянын калкын өткөн окуяга салабат кылып, келечектин жолун бирге чабууга чакырды.
Обаманын кеңсеси башынан эле Анкара-Ереван алакасын жакшыртуу үчүн этият аракеттенүүдө. Себеби, Түркия 1993-жылкы Армения жана Азербайжан арасында Тоолуу Карабак үчүн болгон согуштан улам токтоткон дипломаттык мамилени калыбына келтирсе, Армения үчүн Европага кыска жол ачылат.
Ырасмий Вашингтон былтыр августта Россия менен Грузия ортосунда болгон кыска убакыттык согуштан кийин Түштүк Кавказда түзүлгөн кырдаалды НАТОго мүчө Түркиянын катышуусу менен стабилдештирүүгө мүмкүн болот деп үмүттөнөт.
Жыл сайын 24-апрелде ар кайсы өлкөлөрдө жашаган армяндар I Дүйнөлүк согуш мезгилинде Түркиянын аймагында болгон улуу кыргынды эскеришет.
Армениянын саясатчыларынын жана геноцидди изилдөөчүлөрдүн айтышынча, 1915-1923-жылдары осмон түрктөрүнүн колунан дээрлик 1,5 миллиондой армян набыт болгон.
Ырасмий Анкаранын ырасташынча, Осмон падышалыгы армяндарга каршы эч кандай тукум курут кылуу саясатын жүргүзбөгөн, ал эми Чыгыш Анадолудан көчүрүүнүн жана согуштун кесепетинен 600 миң армян өлгөн жана эки тараптан тең оор жоготуулар болгон.
Армяндар, Түркиянын айтышынча, өлкөгө басып кирген россиялык аскерлер тарабына өтүп, көтөрүлүшкө чыкпаса, бейчеки кагылышуулар болмок да эмес экен.
Ошондуктан, президент Обама армяндарды жүз миңдеп өлтүрүүнү атайылап уюштурулган геноцид деп тааныса, Түркияны АКШдан алыстатмак жана акыркы жумаларда оңолуп бараткан Анкара-Ереван мамилесине доо кетмек.
АКШ президенттеринин ичинен Роналд Рейган гана нацисттер уюштурган жөөт кыргыны- холокостту эскерип жатып, армян геноциди жөнүндө айта кеткен.
“Мындан мурда болгон армян геноцидиндей эле кампучиялыктар да геноцидге кабылган. Башка да бу сыяктуу бир катар бөлөк элдерди куугунтуктоо мисалдары өңдүү эле, холокосттун сабагы эч качан унутулбайт”, - деген президент Рейган 1981-жылы 22-апрелде “Холокостун курмандыктарын эскерүү күнү”.
Барак Обама туулуп өскөн Гавайя штатында 24-апрелде биринчи жолу 1915-жылкы армян геноцидин эскерүү күнү белгиленди.
Гавайя АКШнын 50 штатынын ичинен армян кыргынын ырасмий белгилеген 42-штаты.
Эки ай мурда америкалык конгрессмендердин бир тобу да Вашингтонго армян кыйраканын Канада жана Франция сыяктуу эле геноцид деп жарыялоо жөнүндө сунуш киргизген.
Түркия эбак эле 1915-1923-жылдары армяндардын башына түшкөн мүшкүлгө кийлигишүү үчүнчү тараптын иши эмес экенин ачык айтып келген жана апта башында Канада бийлиги армяндар геноцидге учурады деген пикирин кайра тастыктаганга байланыштуу Оттавадагы элчисин Анкарага чакырып алды.
Тасма: Армения: Элеттиктер чек аранын ачылышына зар
Армениянын Маргара кыштагынын тургундары чектеш Түркиядагы коңшулары менен соода жүргүзө албайт, жада калса чек аранын бери жагындагы өз үлүшүндөгү жер тилкесине да оңдоп каттай алышпайт. Алар Анкара менен Еревандын мамилеси жакшырат деп үмүттөнүшөт. ZMa.

Мен 1915-жылы орун алган окуяларга карата өз көзкарашымды ырааттуу билдирип жүргөм. Бул тарыхый окуя тууралуу пикирим өзгөрбөдү. Обама.

Мындан мурда болгон армян геноцидиндей эле кампучиялыктар да геноцидге кабылган. Рейган.