Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:53

Өзбекстандагы окуялардын Кыргызстандагы жаңырыгы


Анжиян алааматы, 13-май, 2005
Анжиян алааматы, 13-май, 2005

Айрым бир үзүл-кесил маалыматтар болбосо Өзбекстандын Канабат менен Анжиян шаарларындагы окуялар көпчүлүккө бүдөмүк бойдон калышы мүмкүн. Бирок да жардыруулардын себеп-жөнү тергелип, такталышын күтпөй Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын куралчан адамдардын Кыргызстан тараптан келишкенин ырастоосу биртоп түкшүмөл суроолорду жаратууда.

Кыргыз парламентинин 28-майдагы отурумунда социал-демократиялык фракциянын мүчөсү, депутат Роза Отунбаева Коргоо министри Бакыт Калыевге Канабат шаарына кирип келген куралчандар менен кагылышуу Жамааттык коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөрдүн Коргоо министрлеринин отурумунда талкууга алынабы суроосун узатты. Б.Калыев Жаматтык коопсуздук келишимине мүчө өлкөлөрдүн министрлер кеңешинин 3-июнга белгиленген жыйынына бул маселе кошула электигин билдирди.

- Азырынча бул маселе киргизилген жок. Анын үстүнө билесиздер, Өзбекстан бул маселени жабык тартипте чечүү аракетин жасоодо. Бизде маалымат да жок. Азырынча болбойт. Мүмкүн ал тууралуу кыскача маалымат берилип калар.

Роза Отунбаева Өзбекстан куралчан кишилер Кыргызстандан келгенин апачык билдирип жатса расмий бийлик өкүлдөрүнүн маалыматтын жоктугуна шылтап, мамилесин билдирбей жатышканына таң калганын жашырган жок.

- Өзбектер куралчандар Кыргызстандан келди деп айып коюп жатышат. Жамааттык коопсуздук келишим мындайда конкрет бир иштерди жасашы керек го. Териштирүү жөнүндө, жаңыдан түзүлүп жаткан системаны мен айтпай эле коеюн. Жагдайдын кандай болгонун иликтеп, ал жерде эмне болгонун териштирип, ал тууралуу пикир алыш керек го. Жамааттык коопсуздук пикир алышуунун ыңгайлуу аянтчасы эмеспи.

Парламенттеги “Акжол” фракциясынын мүчөсү Рашид Тагаев Өзбекстандагы окуялар Жамааттык коопсуздук келишимине мүчө өлкөлөр жетиштүү материалдар топтолгон соң сөзсүз талкууланарын ырастап, ал үчүн убакыт керектигин белгиледи.

- Бул окуя Жамааттык коопсуздук келишимине мүчө өлкөдө жакында эле болуп өттү. Азыр болсо менин билишимде ар жактан маалыматтар чогултулуп, талданууда. Жамааттык коопсуздук келишиминдеги адистер болгон маалыматтарды талдап, иликтеп чыккандан кийин, албетте, ал уюмдун жыйынында каралат.

Негизи куралчан адамдардын Кыргызстандан өтүп келгендиги тууралуу Өзбекстан кинеси болбосо Канабат менен Анжияндагы окуялар мынчалык чоң кеп-сөзгө арзышы деле күмөн эле. Айрым кыргызстандык эксперттер Ташкендин куралчан топ тууралуу билдирүүсүн шашылыбыраак чыгарылган бүтүм катары сыпатташууда. Мындай пикирин Борбор Азиядагы диний жагдайды изилдеп келаткан Кадыр Маликов менен Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Улукбек Чыналиев билдиришти.

Куралчан адамдар жөнүндөгү кинеге чейин эле расмий Ташкен менен Бишкектин ортосундагы мамиле кыйла салкын суз тартып кеткени белгилүү. Антишке “Камбарата – 1” ГЭСинин курулушуна орусиялык 1 миллиард 700 миллион доллар кредиттин бөлүнүшү, ортолук чек араны аныктоо-тактоо жумуштарынын мыйзамдык жөрөлгөлөрү баштала электе Өзбекстандын Чек айылына тосмолорун коюп алышына Кыргызстандын нааразылык нотасын жөнөтүшү себеп болду.

- Эми бул жерде бир нерсени айтууга болот. Эреже боюнча ошол тосмолорду койгондо биз менен макулдашуу керек эле. Жанагы биз тактаган чекара ратификациядан өтүп бекитмейинче андай чараларды көрбөсө болот эле.- дейт кыргыз өкмөтүнүн чөлкөмдүк маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов.

Энергетикалык кризистин оорчулугун башынан өткөрүп жаткан Кыргызстан менен Тажикстанда ири гидрокурулуштарды эларалык экспертизадан өткөргөндөн кийин гана куруу талабын коюп келаткан расмий Ташкендин куралчан адамдар коңшу өлкөдөн келгенин окуянын изи сууй электе жарыя кылышы ошондон биртоп түкшүмөл суроолорду жаратууда.

XS
SM
MD
LG