Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:04

Борбор Азия: ортолук чектин сарсанаасы


Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чегара .
Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чегара .

Борбор Азиядагы чегара проблемалары 3-февралда Бишкекте башталган эл аралык жыйында талкууланып жатат. Ага АКШ, Германия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстандын чегара кызматынын өкүлдөрү, эксперттер катышууда

Борбор Азиянын чегара коопсуздугуна арналган ушундай жыйын Бишкекте экинчи ирет өтүүдө. Биринчи жыйын 2008-жылдын майында уюштурулган. Эл аралык Маршалл кору менен Кыргызстандын Чегара кызматы биргелешип уюштурган 2-жыйында чегараларды чыңдоо, чөлкөм коопсуздугу, жыл санап күчөп бараткан капсалаңдарга каршы туруу маселелери талкууланууда.

Аны жыйында чыгып сүйлөгөн Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гфеллер айым да бышыктады.

- Быйыл ортолук кызматташтыктын натыйжасында “Чалдыбар”, “Достук” жана “Бекабад” чекара пункттары ачылды. Биз элдин карым-катнашын жеңилдетчү жакшынакай өткөрмө жайларды курдук. Ошто регионалдык борбордун имаратынын курулушу бүттү.

Татьяна Гфеллер Кошмо Штаттары Кыргызстандын чегара кызматын жакшыртууга кийинки үч жылда 8 миллион доллар каражат бөлгөнүн маалымдады. Элчи айым Кыргызстандын Чегара кызматынын Оштогу жаңы борбору керектүү маалыматтарды кечиктирбей алып турууга мыкты шарт түзгөнүнө токтолду.

Кыргызстандын Чегара кызматынын жетекчиси Замир Молдошев эл аралык уюмдар 148 миллион долларлык көмөк көрсөтүшкөнүн, анын натыйжасында, заманбап өткөрмө жайлар жасалганын, жакын арада кыргыз-кытай чегарасындагы “Эркештам” пункту заманбап деңгээлде жасалгаланарын кабарлады.

Анткен менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда чегара маселелери азырынча толук чечиле элек. Кыргызстандын Өзбекстан, Тажикстанга чектеш аймактарында талаштуу деп эсептелген жерлер өтө эле көп.

- Мына өкмөттөр ортолук комиссиянын Өзбекстан менен 78 жолугушуусу болгон. Тажикстан менен 19 жолугушуу болгон. Ал маселелер дагы эле жүрүп жатат. Ошону да караштырып жатабыз. Чектелбеген жерлердин кыйынчылыгы кандай? Биздин жарандарыбыз “мобул жер биздики” деп чыгышат. Чет мамлекеттегилер, “жок, биздики” деп, ошонун ортосунда чек аныкталбаган үчүн ар кандай талаш-тартыш болуп жатат. Андай жерлер көп,- деп айтты Замир Молдошев.

Чегара кызмат жетекчисинин айтуусунда, Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы талаштуу жерлер элүүдөн ашуун.

Кооптонткон маселе - кийинки жылдары Ооганстандан баңгизаттардын арбын ташылып жатышы. Өткөн жылы КМШ мамлекеттеринин чегара кызматтары бирге уюштурган “Канал” операциясынын аркасында 2 тоннадан ашуун баңгизаты кармалган.

Чегарадан кармалган баңгизаттардын арбып жатканын Тажикстандын чегара кызматынын жооптуу кызматкери Парвиз Сайдуллоев да ырастады.

- 2008-жылы эле чегара күзөтүндө тургандар тарабынан жашырын ташылып бараткан 1 тонна 400 кило баңгизат кармалган. Анын көпчүлүк бөлүгүн героин түзөт. Бул жалгыз эле чегара кызматы кармаган баңгизаттар.

Парвиз Сайдуллоев өткөн жылы Тажикстанда 4 тоннадан ашуун баңгизаттар кармалганын да маалымдады.

Эл аралык Жорж Маршалл корунун өкүлү Франк Одендалдын ырасташынча, чегарачылардын жыйынында өз ара пайдалуу пикир алмашуу жүрүүдө.

- Бирок да кээде айрым өлкөлөрдүн чегара кызматынын өкүлдөрү мынабул аспектти биз өз өлкөбүздүн шартына ылайык жүргүзөбүз, дешет.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн чегара кызматкерлеринин Бишкектеги жыйынына Түркмөнстан менен Өзбекстандын өкүлдөрү катышкан жок. Эл аралык жыйын 5-февралга чейин созулат.

XS
SM
MD
LG