Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:58

Өзбек-Тажик чекарасы бир аптадан бери жабык


Өзбекстан чекарачылары Тажикстандан өзбек жерине өтөм дегендерди артка кайтарышууда
Өзбекстан чекарачылары Тажикстандан өзбек жерине өтөм дегендерди артка кайтарышууда

Өзбекстан өткөн аптада, 27-ноябрда, Тажикстан менен чектеш жерлериндеги чекарасын жапкан болчу. Чекара азырга чейин ачыла элек жана өзбек тарап бул тууралуу ачык түшүндүрмө бере элек.

Тажикстандын Кожент (Хужанд) шаарынын тургуну Дилмурод Өзбекстанга барыш үчүн беш күндүк виза алган. Эки күндөн бери ал “Айбек” чекара бекетине каттайт, бирок аны, ондогон тажикстандыктардай эле, чекарадан өткөрбөй жатышат.

- Жок. Бизди Өзбекстанга такыр өткөрбөй жатышат. Себебин да айтышкан жок. Дарбазаларды жаап коюшкан. Биз эмне үчүн деп сурасак, жөн гана: “Мүмкүн эмес! Бүттү!”, - деп коюшту. Башка мамлекеттердин жарандары эркин эле өтүп жатышат, - дейт Дилмурод.

Фергана өрөөнүнүн Беш-Арык аймагына жакын жердеги чекара бекеттери да иштебейт турат. Ал жерге жакын аймактагы “Патар” бекетинде канибадамдык Максуд Жура да эки күндөн бери турганын айтты.

- Мен өзүм Канибадамдан (Конибодомдон) болом. Менин Беш-Арыктан бизге өтүп иштеп жүргөндөр менен алыш-беришим бар эле. Бул жерде өзбекстандык мардикерлердин базары иштечү. Бирок азыр эч ким жок. Сураштырсам, Өзбекстан чекарасын жаап коюптур. Бул иш берүүчүлөргө да, мардикерлерге да аябай ыңгайсыз жагдайды түзүп жатат, - дейт Максуд Жура.

Тажикстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Давлат Назри бул тууралуу “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, Өзбекстан тараптан азырынча расмий жооп боло электигин айтты.

- Тилекке каршы, Тажикстандын тышкы иштер министрлиги Өзбекстан тараптан чекаранын жабылышы тууралуу эч кандай расмий жооп ала элек. Азыр биз эмне үчүн мындай болгонун билгенге аракет кылып жатабыз, - деди Тажикстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Давлат Назри.

Айрым серепчилердин айтымында, Өзбекстан бул жолу Тажикстан менен чекарасын 8-декабрда белгиленчү мамлекеттин Конституциясынын күнүнө байланыштуу жапкан болушу мүмкүн.

Өзбекстан, адатта, коңшулаш мамлекеттер менен чекарасын өзүндө расмий майрамдар болгон күнгө жакын жаап койот. Мисалы, бул Эгемендик күнүнө же шайлоолорго жакын калганда болушу мүмкүн. Эки мамлекет ортосунда бир топ жылдардан бери өз ара учак каттамы жок.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG