2008-жылы БУУ кыргыз өкмөтү менен макулдашып эл аралык донорлорго он беш миллион долларг акча сурап кайрылган. Натыйжада тогуз миллионго чукул каражат топтолгон.
Бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгү эл аралык коомчулуктун Кыргызстанга берген жардамын натыйжалуу пайдалануу боюнча Бирдиктүү программа ишке киргенин жарыялады.
Программа эң оболу өлкөдөгү элдин жакыр катмарына азык-түлүк каатчылыгынын тийгизген кесепетин азайтууга, айыл чарбаны чыңдоого, социалдык кызматтарды жакшыртууга, элеттердеги оорукана, тез жардам кызматтарын чыңдоого, мындай жайлардын энергетикалык кубаттуулугун арттырууга жумшалмакчы.
БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нил Волкердин маалымдашынча, дүйнөлүк каатчылыктын Кыргызстанга таасири олуттуу болду. Мунун айынан сырттан келген жардамдын көлөмү кыскарды. Мунун айынан өлкөдө жакыр адамдардын санынын көбөйүп кетиши ыктымал.
- Кыргызстанда көптөгөн социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөр мамлекеттен жетиштүү деңгээлде жардам ала албай калуу коркунучу бар. Мунун баары алардын жардам алууда тийиштүү документтерди толтуруудагы кыйынчылыктардан жана тоскоолдуктардан улам болушу мүмкүн. Ушул эле адамдар көпчүлүк учурда электр энергиясынын чектөөдөн, азык-түлүк каатчылыгынан жана медициналык жардамга муктаж, жетиштүү билим ала алышпайт, - дейт Н. Волкер.
Экономика адиси Бакыт Турдумамбетовдун айтымында, бирдиктүү программанын негизинде берилип жаткан тогуз миллон доллар көп деле каражат эмес. Мындай колдоонун натыйжалуугун арттыруу үчүн каражат кайтарымы бар долбоорлорго жумшалганы жакшы:
- Эгер каражаттар экономикалык тармактарга чегерилсе салымы болмок. Буга чейин белгилүү болгондой экономика тармактарына түздөн-түз эмес, социалдык тармактарды колдоо үчүн келип жатпайбы. Кыргызстандын экономикасында артыкчылыктуу тармактар такталган. Ал тармактарга инвестициялык ар кандай колдоолор сөзсүз керек.