Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

Дүйнөнү дүңгүрөткөн “чечим”


180 күндүк эсеп башталды...
180 күндүк эсеп башталды...

НАТОго мүчө өлкөлөр Ооганстанда талиптерге каршы күрөштү талкуулап жаткан чакта, Кыргызстан террорго каршы колдонулган базаны өлкөдөн чыгара турган болду. Базаны чыгаруу боюнча мыйзамдык эрежелер жума күнү толук аткарылып бүттү.

Бүгүн, 20-февралда, президент Курманбек Бакиев АКШ аскерий базасын өлкөдөн чыгаруу тууралуу мыйзамга кол койду. Ушул эле күнү кыргыз тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гпфеллерге бул тууралуу нота тапшырды. Ушуну менен Американын базасын чыгарууга байланышкан мыйзамдык эрежелер толук аткарылды. Эми АКШ тарап жарым жылдын ичинде Ала-Тоодон базаны чыгарып кетиши керек.
АКШ базасы Кыргызстандан чыгарылаарын өлкө президенти алгач ушул айдын башында Москвадагы маалымат жыйынында жарыялаган

Орусиянын аскерий эксперти Павел Фелгенгауер “Азаттыкка” курган маегинде Кыргызстан базаны жабуу тууралуу чечимин Орусиянын кысымы астында кабыл алган деген эле. Буга жүйөө катары ал Орусия Кыргызстанга эки миллиард доллар насыя сунуш кылганын келтирди. “Кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында коалициялык күчтөрдүн авиабазасы чыгарылып жатканы Москва менен Вашингтондун ич-ара карым-катнашын иритпей койбойт”, - дейт ал.

- АКШда жаңы администрация бийликке келгенде, Америка менен Орусиянын мамилеси жакшырат го деп үмүт жаралган. Бирок андай болбоду окшойт. Себеби АКШнын жаңы президенти Ооганстандагы аракеттерди тышкы саясатындагы негизги багыты катары атады. Москва бул багытта АКШга көмөк көрсөтмөк турсун, тетирисинче, Кыргызстанга акча берип, ооган операцияларына таяныч болуп турган “Манас” базасын чыгарууга жетишти. Эми алакалардын начарлашы турган иш.

КМШ өлкөлөр институтунун Орто Азия жана Казакстан боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Андрей Грозин болсо, бул Орусия үчүн геосаясий айдыңда утуш болду деп “Интерфакс” маалымат агентигине билдирген. Анын айтымында Бишкектеги база АКШ үчүн да геосаясий гана мааниге ээ болчу.

Ал эми АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс болсо 19-февралда Польшага сапары учурунда бул маселеге кайрылып, АКШ баары бир Кыргызстан менен бул жаатта сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө кызыкдар экенин айтты.

“Биз бул база боюнча Кыргызстан менен ишти уланта беребиз. Азырынча биз бул жаатта акыркы сөз айтылды деп санабайбыз. Демек, мен буга биротоло чекит коюлду деп айтпас элем. Кыргызстан менен бул чечимди кайра артка кайтаруу жана базаны колдонууну улантуу боюнча мунасага келе алабыз деп үмүттөнөм”, - деди бейшембиде АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс.

Айрым серепчилер “кыргыз бийлигинин көптөн күткөнү мына ушундай билдирүү болгон, эми мындан ары окуя кайсыл нукта өнүкпөсүн, мунун пайдасын Курманбек Бакиев көрөт” дешет. Бир чети, кыргыз президенти насыя алууга да жетишти, экинчиден соодалашып нааразыланган тарап катары Вашингтондун алдында Кыргызстандын да наркын көтөрө алды деген пикирлер байма-бай айтылууда.

Деген менен АКШнын Мамдепартаментинин расмий өкүлү Гордон Дагид база жабылса да, жабылбаса да Ооганстандагы иш-аракеттер үзгүлтүккө учурабайт деп билдирди. “Ооганстандагы операцияларды ийгиликтүү жүргүзүү үчүн бизде башка да мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Пентагон өз күчтөрүн, куралдарын жана башка жабдууларын дүйнөнүн ар булуң-бурчуна жеткирүүгө кенен мүмкүнчүлүгү бар экендиги менен жакшы белгилүү”, - деп айтты бүгүн Гордон Дагид.

Ал ортодо Тажикстан НАТОнун аскердик эмес жүктөрүн өз аймагы аркылуу Ооганстанга өткөрүүгө макулдугун бергени кабарланды. Бул жүктөр Тажикстандагы темир жол жана автожол аркылуу Ооганстанга ташылмакчы. Бул тууралуу АКШ адмиралы Марк Харничек бүгүн Тажик сыналгысынан билдирди.






АКШнын "Манас" базасы: Сын жана жүйө
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:02 0:00


Тасмада: Базада бир күн: Далилдер жана аргументтер

Орусияда А.Мамонтовдун “База” аттуу програмасы көрсөтүлүп, Ооганстандагы анти террордук иштерге негизги таяныч болгон АКШнын Кыргызстандагы “Манас” базасы тууралуу бир катар маалыматтар айтылган. Бирок база жетекчилиги булар менен макул эмес. ES, MiT, SA

XS
SM
MD
LG