Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Чочко тумоосуна кабылгандар көбөйүүдө


Адистер чочко тумоосунан сактануу үчүн беткап тагынуу зарылдыгын айтышууда.
Адистер чочко тумоосунан сактануу үчүн беткап тагынуу зарылдыгын айтышууда.

Ушул тапта өлкөдө чочко тумоосу менен ооруган адамдардын саны 61ге жетти. Алардын 25и сырттан келгендер, калганы жергиликтүү тургундар.

Кыргызстанда A/H1N1 вирусу алгачкы жолу ушул жылдын август айында катталган. Андан бери ооругандардын саны өсүп, ушул тапта алтымыш бирге жетти. Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башкы адиси Абдыкадыр Жороев алардын абалы тууралуу “Азаттыкка” буларды айтты:

- Ооругандардын он алтысы учурда ооруканада дарыланып жатат. Калгандары айыгып, үйлөрүнө чыгышты. Кеселдердин абалы жакшы, катуу ооругандары жок.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан чочко тумоосуна каршы вакцина сурап кайрылган. Абдыкадыр мырзанын айтымында, эмдөө каржаттары декабрдын ортосунда келээри күтүлүүдө:

- Биз алгач кооптуу топко киргендерди эмдейбиз. Кош бойлуу аялдар, дарыгерлер, калк менен тыгыз карым-катнашта иштеген бажы, салык, почта кызматкерлери эмделет. Учурда канча адам вакцина алаарын эсептеп, тактап койдук.

Адистердин айтымында, чочко тумоосунун белгилери кадимки тумоодон айрымаланбайт деле. Республикалык клиникалык-инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Нарынбек Айткулиев буларды айтат:

- Чочко тумоосунда дененин табы 38-39 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Чыйрыгып, жөтөлүп, булчуңдар менен сөөк-саак ооруйт. Эгерде мындай болсо эмне кылуу керек? Кымгуут түшпөстөн, эки-жакка чыкпай, жок дегенде беш күн төшөктө жатуу керек. Суюктуктан көбүрөөк ичип, парацетомол, панадол, антигриппин өңдүү вирустарга каршы дары-дармектерди колдонуу зарыл. Эгерде иммундук система нормалдуу болсо, анда жогорудагы эрежелерди сактап, жакшынакай эле айыгып кетсе болот.

Нарынбек мырзанын айтымында, аталган илдет кан-тамыр, өпкөнүн өнөкөт оорулары, кант диабети өңдүү илдеттер менен ооруган, иммундук системасы начар адамдар үчүн өтө коркунучтуу болгондуктан, организмди күчтөндүрүү зарыл. Ал үчүн витаминдүү тамактанып, көбүрөөк таза абада болуу керек. Мындан тышкары колду самын менен тез-тез жууп, эл көп чогулган жерде сөзсүз түрдө бет кап тагынып жүрүү сунушталат.

XS
SM
MD
LG