Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

Ош: Дагы бир ММК өкүлүнө кол салышты


Ош шаарында ОшТВ телеканалынын башкы оператору белгисиз адамдар тарабынан катуу ур-токмокко алынды. Телеканал жетекчилиги шаардык ооруканада оор абалда жаткан кызматкеринин сабалышын анын түздөн-түз кесиптик ишмердигине байланыштуу деп билдирүү таратты.

Учурда шаардык ооруканада оор абалда жаткан ОшТВ телеканалынын башкы оператору Бахадыр Кенжебаев кечки саат сегиздер чамасында борбордук көчөлөрдүн биринде белгисиз адамдардын капыстан кол салуусунан улам, дароо эс учун жоготкондугун айтууда.

-Мен бир эле адамды көрүп калдым. Калган эч нерсени эстей албайм, акыл эсимди жоготуп коюптурмун. Ооруканага милиция кызматкерлери алып келишиптир. Мурда рейдке чыгып, "түнкү көпөлөктөрдү", сауналарды тарткан элем.

Азаттык: -Эми сиз айыксаныз, ишинизди улантасызбы?

-Ооба, мен иштей берем.

Кенжебаев иштеген ОшТВ телеканалынын жетекчиси Халил Кудайбердиев көп жылдык тажрыйбалуу оператордун өлөрчө сабалышына анын шаардагы чуулгандуу окуяларды тасмага тушуруп келгендиги себеп болду деп жоромолдоп жатат:

-Ал тажрыйбалуу оператор болгон үчүн, чуулгандуу, орчундуу окуяларды тартчу. Эки кун мурда да «түнкү көпөлөктөр» туурасында берүү даярдаган. Бардык чуулгандуу нерселерди Кенжебаев тартчу.

Кудайбердиевдин айтымында, бул окуя операторлорго жасалган алгачкы кысым эмес. Буга чейин да айрым чырлуу иштерди коомчулука чагылдырып койгон үчүн бир катар операторлордун бети башы көгала болгон. ОшТВ жетекчилиги Кенжебаевдин сабалышы сөзсүз анын кесиптик ишмердигине байланыштуу экенин айтып чыгышты.

Соңку жылдары өлкөдө кенен орун алган эркин маалымат каражаттарына көрсөтүлгөн кысымдардан, уруп-сабоолордон оштук журналисттер да четте калган жок.

Жергиликтүү журналист Айбек Асан уулу, соңку кезде саясий темаларды чагылдыруу мындай турсун, жөнөкөй эле социалдык көйгөйлөрдү алып чыгуу кыйынга туруп баратканын белгиледи:

-Кенжебаевдин сабалышы чын эле кесибине байланыштуу болсо, бул кыргыз коомчулугу учун опурталдуу көрүнүш. Бул эркин басма сөзгө болгон эскертүү, кысым. Жергиликтүү көйгөйлордү чагылдыруу да кыйынга туруп баратканын көрсөтүп турат. Демек, жалаң гана мактоолорду берип, көйгөйдү тартпаш керекпи?

Журналисттердин «Тамга» коомдук фондунун директору, эркин журналист Алмаз Исманов эки жыл мурун Алишер Саипов атып өлтүрүлгөндөн кийин эркин журналисттер саясий темаларды жазуудан, журналисттик иликтөөлөрдөн кача башташканын байкаган.

-Алишер Саипов өлтүрүлгөндөн кийин көп журналисттер саясий журналистикадан кетип калышты. Эркин дагы, мамлекеттик дагы гезиттерде саясий курч макалалар жарык көрбөй калды. Себеби, биздин коопсуздугубуз тууралуу эч кимдин иши дагы жок.

Ошентип эркин журналисттер аймактарда да сөз эркиндигинин абалы күн санап тарып баратканын конгуроо кагышууда. Маселен Алишер Саиповдун өлүмүнө байланышкан кылмыштын бети ачыла элек.

"Кабар" агенттигинин журналисти чак түштө эле ур-тепкиге алынган. Жакында эле Бишкекте коомчулук үрөйүн учуруп эркин журналист Сыргак Абдылдаев аесуз бычакталды. Эми минтип ОшТВнын оператору эс-учун билбей ооруканада жатат.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG