Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштырууга бир ай берилди


Айдоочулук күбөлүк.
Айдоочулук күбөлүк.

Кыргызстанда 15-январдан 15-февралга чейинки убакта мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштырууга болот. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев журналисттерге билдирди.

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр жоюлуп, аны 2026-жылдан тарта он жылдык мөөнөткө берилүүчү күбөлүккө алмаштыруу зарылчылыгы былтыр күзүндө жарыяланган. 2009-жылдан 2012-жылга чейин берилген айдоочулук күбөлүктөргө 2027-жылга чейин мөөнөт коюлган.

Мөөнөтсүз күбөлүктү алмаштыруу үчүн айдоочулар медициналык кароодон өтүүгө тийиш. Мындан улам бейтапканаларда узун кезек жаралганы соцтармактарда жазылган. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги ырастап, айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу учурунда 083 формасындагы медициналык маалымкат алуучулардын саны күнүнө үч миң адамга чейин чыкканын билдирген. Министрликтин маалыматына караганда, сентябрь айында бул маалымкат үчүн күнүнө 500дөй адам кайрылса, декабрь айында алардын саны үч миңден ашкан.

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү жарандар сынаксыз жана акысыз ала турганы айтылганы менен, документин "Түндүк" тиркемеси аркылуу жаңылаган жарандар ал үчүн 600 сомдон 1200 сомго чейин акы төлөшкөнүн билдиришүүдө.(ZKo)


Шерине

 

XS
SM
MD
LG