Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

Жалал-Абад: кырдаал тынч, бирок маселе көп


Жалал-Абадда абал турукташууда. Бирок элдин коркунучу тарай элек. Ал эми Сузак районунун тургундары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул туурасында акыйкатчынын Жалал-Абаддагы өкүлү Алима Аманова “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Ал тополоңдо жабыркап ооруканага жаткандардын көбү ок жеп, токмок жегендер экенин белгилейт.

- Жалпысынан Жалал-Абадда кырдаал кандай болуп турат?

Алима Аманова: Жалал-Абад шаарында кырдаал жакшы, базарлар иштеп эл эркин басып жүрөт, транспорттор жүрүп атат, бийлик тарабынан көзөмөлгө алынган.

- Сузакта абал кандай?

Алима Аманова: Ал эми Сузак районунда бүгүнкү күнгө чейин аскер күчтөрү киргизилген эмес. Жергиликтүү өзбек улутундагы жашоочулар Сузакка кире бериш жерлерге өздөрүнчө тосмо коюп, өткөн кеткендерди текшерүүгө алып аткан эле. Ошол маселени чечүү боюнча комендант Кубатбек Байболов өзү баш болуп губернатор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атат. Бүгүн жолдорду ачып, Кара-Дарыя, Достук айылына жол өтөт. Бийлик тарабынан ошол региондорду толук көзөмөлгө алууга шарт түзүлөт деп ойлоп турабыз. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

- Сүйлөшүүлөр негизинен жүрүп эле атат, негизи маселе чечилчүдөйбү?

Алима Аманова: Маселе чечилчүдөй бирок эл да коркуп калды, аскердик күч кирген жерлерде чагымчылар үйлөргө өрт коюп жиберишип, ошондон Сузак эли коркуп калган. Булардын оюнда аскерлерди киргизсе эле үчүнчү күч пайдаланып кетип, Сузак да өртөнүп кетпесин деген ой менен киргизбей атышат. Бирок бийликке каршы эмес.

- Сузакта коменданттык саат иштебей аткандыгы айтылып атат. Бул чынбы?

Алима Аманова: Жок, коменданттык саат иштебейт деген туура эмес. Коменданттын буйругу менен саат сегизден баштап, Сузактын айылында мен кыдырып жүрдүм, өздөрү эч кимди сыртка чыгарбай атат.

- Ош менен Жалал-Абаддын жолунда анча мынча дагы эле атышуулар болуп, курман болгондор бар экен деген сөздөр айтылып атат.

Алима Аманова: Турпак-Бел менен чек арага чейин ошондой сөздөр мурдагы күнү айтылып аткан. Номуру жок унаалар жүргөн, 13-14-июнда ушундай фактылар болуп аткан. Андан бери Ош-Бишкек жолу коменданттык саатта атайын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген, мен азыр ошол Турпак-Белге чейин барып келдим, кээ бир кыргыз улутундагы жүргүнчүлөр коркуп атышат. Менин телефонумду алып "эже, кантип өтөбүз" деди эле бир-эки адамды өзүмдүн унаам менен жетектеп барып, өткөрүп ийген учурлар болду. Жол тынч, жолду бийлик көзөмөлгө алды.

- Гуманитардык жардам маселесинде да көп суроолор болуп атат, көп айылдарга булуң-бурчтардын барына жетпей калып атат деген сөздөр айтылып атат. Ушул жагын кичине көзөмөлдөп көрдүңүзбү?

Алима Аманова: Өзүңөр билесиңер, шаарда тургандар үйүнө запас продуктыларды камдабай, күнүнө базардан алганга көнгөнбүз, нанды да базардан алабыз. Бирок ачка калып, Жалал-Абад облусунда кыйналгандар жок. Мага Базар-Коргон районунан чалышты. Ошондой эле Кара-Дарыя айылынан булар боюнча штаб түзүлгөн облустун мамлекеттик администрациянын алдында. Биринчи кезекте өлүк чыккан үй-бүлөлөргө, үйлөрү өрттөнгөнгө, ок тийгендерге түздөн-түз жабыр тарткандарга таратуу боюнча кам көргөндөрүн азыр көрүп келдим. Түшүп атат, бирок кырсыктагандар көп болгондуктан бардыгына жетүү абдан кыйын.

- "Мага чалышты" деп айттыңыз. Эмне деп чалышты эле?

Алима Аманова: Базар-Коргондон чалышты, гуманитардык жардам болсо ун жеткиришсе жакшы болот эле дегендей өтүнүч менен кайрылышты. Ал эми Кара-Дарыяда да азыр эле бирөө "ун алсак жакшы болот эле, ун жок" деп айтты.

- Барымтага алгандар да бири-бири менен алмашып атпады беле. Ушундай учурлар болуп атабы? Барымтага алган учурларды байкадыңызбы?

Алима Аманова: Сузакта байкаганым жок, мен ага күбө болгон да жокмун. Мага бирөө кайрылган да жок. Көбүнчө бизде адамдардын көбү өлүп кетти, номуру жок унаалар жүрүп калды.

- Каза болгондордун саны боюнча пикириңизди айтсаңыз, расмий булактарга караганда дээрлик көп экени айтылып атат.

Алима Аманова: Мен бул боюнча так маалыматым жок.

- Ооруканаларга барып көрдүңүзбү? Көбүнчө кандай жаракат алышкан?

Алима Аманова: Ооруканага барып көрдүм, жаракаттын ар кандай түрү бар, октон жаракат алгандар да көп. Азыр эле Сузак ооруканасына бардым. Бутунан, мүчөсүнөн, ар жеринен ок жегендери, таяк жегендер, анан күйгөндөр бар.
XS
SM
MD
LG