Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Н.Түлеев: Шаарга саясатчы эмес, чарбачыл мэр керек


Шаар башчысы Нариман Түлеев
Шаар башчысы Нариман Түлеев

29-январда Бишкек мэри Нариман Түлеев Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери менен жолугушту. Анда бишкектиктердин экономикалык-социалдык жана маданий укуктарын коргоо боюнча маселелер көтөрүлдү.

Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев Акыйкатчы институтунун кызматкерлери менен жолугушууда мэриянын иштерине токтолду. Мэр Бишкек шаарынын жолдорун оңдоо, көчөлөргө жарык берүү, борборду көрктөндүрүү, жаңы батирлерди куру өңдүү социалдык маселелерге көбүрөөк көңүл бурулуп жаткандыгын айтты:

- Жер таратканды токтоттук. Ансыз деле бир жерге үч-төрт документ берип коюшуптур. Ушунчалык баш аламан болуп кетиптир, ушул убакка чейин баш-аягын таппай жатабыз. 1,5 миңдей участокту тактоо иретинде сотко кайрылганбыз. Ал жерлер такталгандан кийин 1985-жылдан бери катарда тургандарга берели деп жатабыз. Тилекке каршы, катарда тургандар эмес, урунуп-жулунгандар алып кеткен.

Мындан соң жолугушуу суроо-жооп иретинде уланды. Аппараттын жарандык жана саясий укуктарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Аскар Мамиров соңку кездерде тынч митингдердин демейде өтүп жүргөн Горький сейил багынан жылдырылып салышына токтолду. Ал укук коргоочу катары мындай чечим демократиялык өлкөгө коошпой тургандыгын белгиледи.
Мисалы, борбордук аянтты ремонт кылып баштаганда, айрымдар биз атайын жаап жаткандай, башкача ойлошкон.


- Кыргызстандын Баш мыйзамында ар бир жарандар тынч митинг, чогулуш өткөргөнгө укугу бар деп жазылган. Эмнегедир былтыр Горькийден ипподромго которуп, ал жакка эч ким барбайт, эл да укпайт. Бул маселени чечиш керек.

Аскар Мамировдун бул суроосуна шаар мэри Нариман Түлеевдин жообу мындай болду:

- Биз Горький сейил багын реконструкциялоо үчүн ушундай чечим кабыл алганбыз. Качан гана биринчи кар кетип, иштөөгө мүмкүн болгондо биз ишти баштайбыз. Ким акция уюштуруп, митингге чыккысы келсе ипподромдо митинг өткөрө берсин. Мисалы, борбордук аянтты ремонт кылып баштаганда, айрымдар биз атайын жаап жаткандай, башкача ойлошкон. Азыр эми аянт митинг үчүн эмес, шаардын жүзүн көрсөткөн, эс алчу жайга айланды.

Аскар Мамиров мындай жоопко канааттанган жок.

- Эмнеге уруксат бербегендин себебин биз билип турабыз. М.Горькийде эле уруксат бере берсе болмок, эмнеден коркушат? Эл баары бир сурай беришет. Бул маселени чечиш керек.

Жер жок, үй да жок, жада калса унаа жок...

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерин кызыктырган дагы бир суроо – турак-жай маселеси болду. Алар мэрден жок дегенде үй курууга жер бөлүп берүүнү суранышты. Бирок мэр үй берүүгө укугу жок экенин айтты.

- Мен бул жерден “кесмени” кулагыңарга илип коюп кетип калсам Турсунбек акени “убада бербеди беле, ал” деп сайгылайсыңар. Ал эми жер боюнча азыр мораторий жарыяланган. Качан ал маселе ачылганда отуруп сүйлөшөлү, карайлы. Чын эле үйгө, жерге муктаж болсоңор аны да карайбыз.

Аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Топчугүл Шайдуллаева мэрден ары-бери чыкканга унаа маселесин чечип берүүсүн өтундү. Бирок бул маселе да чечилген жок.
Мэр бизге абдан жакшы жооп берди. Көп маселелерди премьер-министр менен сүйлөшсөк болот экен.


Т.Шайдуллаева: Унаа маселеси чечилсе жакшы болот эле. Анткени бир жакка барганда унаа жок, коомдук транспорт менен камераларды көтөрүп алып барган учурларыбыз болот.

Н.Түлеев: Мен сиздерге унаа бөлүп беришимди каалап жатасызбы? Мен бир жарым жылдан бери иштеп атам. Өзүмдүн кызматтык машинам жок. Сиздин сурооңузга ушундай жооп берейин.

Акыйкатчы Турсунбек Акун жолугушууда көп иштерди ким менен кантип сүйлөшүү жолдору аныкталды деген пикирде.

- Мэр бизге абдан жакшы жооп берди. Көп маселелерди премьер-министр менен сүйлөшсөк болот экен. Айрым маселелерди Айыл чарба, Саламаттыкты сактоо министрликтери менен сүйлөшөт экенбиз. Эми ошолордун артынан түшөбүз.

Жолугушууда мэр бир топ маселелерди чечүүгө укугу болбогонун белгиледи:

- Мен ал укуктарды мага бергиле деп сурашым керек. Бирок айрымдар мэр бардык күчтү өзүнө топтоп жатат деген сөздөрдү чыгарышат. Мен саясатка аралашкым келбейт. Сиздерге жана бардык шаар тургундарына саясатчы эмес, чарбачыл мэр көбүрөөк керек деп ойлойм.

"Азаттыктын" архивинен: Жаңыланган "Ала-Тоо" аянты

Жаңыланган "Ала-Тоо" аянты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:39 0:00
XS
SM
MD
LG