Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Баткендиктер Тажикстандан дарыланууга аргасыз


Баткендиктер көбүнчө кошуна Тажикстандын ооруканаларына барып текшерилүүгө мажбур. Мындай көрүнүш дарыгерлердин сапатынан эмес, алардын жетишпестигинен болууда.

Исматали Жамалов жакында ден соолугу начарлап, Тажикстандын Исфара райондук ооруканасынан дарыланып келген. Ал кошуна өлкөдөн дарылануусун өз аймагындагы ооруканада дарты жакшы аныкталбаганы жана тиешелүү дарыгерлер жоктугу менен түшүндүрдү:

- Баткенде медициналык жактан тейлөө анчалык эле жогору дегенге болбойт. Бизде мына кошуна Тажикстандын Исфара районуна күчтүү текшеришет. Дартты да жакшы аныкташат, жакында эле мен өзүм ошол жактан текшерилдим. Арзан жана сапаттуу текшерүү менен дарылануу жобосун жасап беришти. Сакайдым, бөйрөк, боор жактан жакшы адистери бар. Бизде болсо көпчүлүк адистер да жетишпейт, жабдыктары да күчтүү эмес ошондуктан жакшы деп айтыш кыйын. Баткендин Самаркандек аймагынын көпчүлүк тургундары Исфарага барышат.

Ал эми Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер жана мээрбан эжелер ассоцациясынын административдик жетекчиси Тургунбай Айжигитов дарыгерлердин жетишсиздигинен үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору жабылып калганын, депозиттик пргорамма аркылуу келген даргерлер да ишин таштап чет өлкөгө кетип жатканын айтат:

- Көп дарыгерлер жетишпей жатат. Маянанын аздыгы жана шарттын начардыгынан бизге врачтар келишпей жатат деп ойлойм. Кадамжай районунда врачтардын жоктугунан үч үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жабылып калды. Ал эми Лейлек районунда болсо эки үй-бүлөлүк топ дарыгери жок болгондуктан ордуна өз ишин жакшы билген мээрман эжелер иштеп жатышат. Анан депозитке өткөн эки дарыгерибиз ишин таштап кетип калышты. Ушу чек ара аймак деп, үйдүн жоктугу, негизи маянанын төмөндүгүнөн келбей жатат жаш дарыгерлер.

Исматали Жамалов болсо жергиликтүү элдер ден соолугуна анчалык маани бербегенин эске алып, дарыгерлер үчүн мамлекеттик деңгээлде көнүл бөлүп, шарттарын түзүп, борбордон кесиптик чеберчилиги жогору дарыгерлерди алып келүү зарыл дейт.

-Мына Тажикстандын “Зумрад” деген санаториясы бизге жакын турат. Ал жерде болсо жөнөкөй эле жакшы кылып шаттарды түзүп, күчтүү дарыгерлерди алып келип койгон. Бизде да ошондой кылып койсо кана. Анан биздин врачтарга мамлекет көңүл бөлүп, үйлөрүн берип, жакшы шарттарды түзүп берсе, борбордон күчтүү адистерди жөнөтсө, маяналарын көбөйтсө жакшы иштешмек. Айрыкча Баткенде элдер ден соолугуна анчалык маани беришпейт.

Негизи көрсөтмө боюнча эки жарым миң атуулга бир дарыгер талап кылынса Баткенде 10-15 миң кишинин ден соолугу үчүн бирден дарыгер күрөшүп жатканы көнүмүш эле көрүнүштөй.

Баткен облусунда өткөн жылкы эсептөөлөрдүн жыйынтыгында медицина кызматкерлеринин кирешеси эң төмөн деп табылган. Орто эсеп менен дарыгерлер айына 2700 сом маяна алса, мамлекеттик кызматкерлер 5600 сомдон айлык алышат.

XS
SM
MD
LG