Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

Токмоктогу кандуу мушташтын чоо-жайы


Токмок шаары.
Токмок шаары.

Чүй айылдык кеңешинин депутаты Тилек Сейитбековдун бычакталып өлтүрүлүшүнө байланыштуу кылмыш иши Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына өттү.

Токмок шаарында киши өлүмү менен аяктаган калайман мушташтын эки тарабы азыр бирин бири күнөөлөп жатат. Тергеп-иликтөө иштери тууралуу доомат да айтыла баштады.

Адам өлүмү менен аяктаган бул окуя 16-марттан 17сине оогон түнү Токмок шаарынын мэриясынан анча алыс эмес жерде, борбордук көчөнүн так боюнда болгон. Чүй айылдык кеңешинин 29 жаштагы депутаты Тилек Сейитбеков ал жерде эки адам менен жүргөн. Алардын бири Талант Шекинов азыр шаардык ооруканада жатат. Анын аркасына, колуна бир канча жолу бычак тийген.

«Биз гамбургер жейли деп баратсак ошол жерде үч-төрт бала туруптур, - деди Талант Шекинов. - Алар мас экен, бир нерселерди эле айтып кыйкырып жатышкан. Дос балам барып «эмне кыйкырасыңар» десе сөздөн сөз чыгып отуруп эле чырга айланып кетти. Алардын бирөө түртүп жиберди, досум аны уруп жиберди. Алардын бирөө кетип калган. Уруш токтоп, биз алардан кечирим сураганбыз. «Токмок кичинекей, урушпай эле коелу» деп жатканбыз. Кетип баратсак эле тигил тарапка дагы бир бала келип, абал чыңалып кетти. Ал ызы-чуу салып жиберди. Аны менен деле жакшы эле сүйлөштүк, андан да кечирим сурадык. Биз тынчып калдык».

Талант Шекиновдун айтымында, аны «Жоник» деген каймана аты бар Жапаркул Сакараев, ал эми Тилекти Дастан аттуу жигит бычак менен сайган.

«Мен бир бала менен тургам. Ошондо «Жоник» деген бала кинодогудай эле атырылып келип досумду урду. Мен анын жанына бара калдым, баары ошондон башталып кетти. «Жоник» менин аркама эки жолу бычак сайды. Дастан деген бала да колума эки жолу сайды. Канымды жоготуп, эс-учумдан танып, бир сыйра өзүмө келип жатсам ал балдар Тилекти көздөй басып кетишти. Анан машинелерин от алдырып эле кетип калышты. Басып баратсам Тилек кулап жатыптыр, карасам жүрөккө эки жолу, колго бир жолу бычак сайышыптыр», - деди Шекинов.

Токмок шаардык милициясы бул окуяга байланыштуу 24 жаштагы Дастан аттуу жергиликтүү тургунду камакка алган.

Жапаркул Сакараев - Токмоктогу бир канча май куюучу, көңүл ачуучу жана башка жайлардын ээси, шаардагы эң бай деген адамдардын сап башында турган Медербек Сакараев аттуу ишкердин уулу.

Өзүн маркум Тилек Сейитбековдун досу катары тааныштырган Төрөкул аттуу жергиликтүү тургун калайман мушташка катышкан Жапаркул Сакараев баштаган башка жигиттердин камалбай жатканына нааразы болду:

«Мен азыр тергөөгө нааразымын. Бул жерде «акчанын күчүнө салып эле Жапаркул Сакараев деген бала эч кайда чыкпоо тууралуу тилкат менен жүрөт» деп угуп жатам. Чынбы же калппы, билбейм. Бирок ал камалган жок, бир эле бала камалды. Ортодо бир жаш баланын өмүрү кыйылды. Ушуну кылган балдардын баары өз жазасын алсын. Эгер ошол кылмышты кылган баланын ордунда колунда жок карапайым башка бирөө болгондо эчак эле камашмак. Менин буга көзүм жетип турат. Азыр акчанын күчүнө салып эле кутулуп жатышат. Тилек ичинде кири жок, ак көңүл, эч кимге зыяны жок, ар дайым күлүп эле жүргөн бала болчу. Кайрымдуулук кылып, элге жардам берген бала эле. «Быйыл жайында үйлөнөм» деп жүргөн. Эч бир жаман сапаты жок эле...»

Бул макала жазылып жаткан чакта биз Жапаркул Сакараев менен байланыша алган жокпуз. Бирок аны ошол жерге чакырган, калайман мушташ учурунда ошол жакта болгон Урмат Сулаймановго жолугуп, алардын түшүндүрмөсүн уктук. Сулайманов ушул тушта Улуттук госпиталда нейротравматология бөлүмүндө жатат. Анын айтымында, уруш-жаңжалды Тилек Сейитбеков менен анын жанындагылар баштаган:

««Космос» кинотеатрынын жанында турсак эле тигилер кыйкырып өтүп баратыптыр. Бизди көздөй бир нерсе деп кыйкырышты. Биз болсо «ушул эле жерлик болобуз, кете бергиле» десек эле болбой жаныбызга келип калышты. Жаргондор менен сүйлөй баштаганда эле кандай адамдар экенин, мас экенин түшүндүм. «Кечирип койгула, кете бергиле» дедим. Менин ошол сөзүм жакпай калды. Менин оң жагымда турган бала чаап жиберди. Оң көзүмө чаап жибергенде көз айнегим жерге кулап, көзүмдүн үстүнөн кан ага баштады. Мени менен жүргөн Улук менен Саламат арачалап калышты. Мен да, жанымдагылар да менин бир көзүм көрбөй турганын, майып экенимди айтып кыйкырып жаттык. Жерге отуруп калганда мени тээп, чаап кетип жатышты. Мен ошондо булардын акыл-эси жайында эмес экенин билдим».

Урмат Сулаймановдун айтымында, бычакты каза болгон Тилек Сейитбеков алып чыккан. Жапаркул Сакараевди урушкандарды тынчытыш үчүн гана чакырган.

«Мени ары жакка алып барып коюшканда оюма дароо эле «Жоник» келди, - деп сөзүн улантты Турат Сулайманов. - Ага мени сабашканын, Улук менен Саламат калып калганын айттым. «Жоник» келгенде тынч туруп калган тигилер: «Силер дагы балдарды чакырдыңарбы?» деп кайра жиндей башташты. Кайра мушташ башталды. Дастан бычакты өлгөн баладан тартып алган. Берки олбурлуу бала болсо «Жоникке» кол салган. Дастан ачууга тез алдырган бала. Мен аны түшүнөм. Ал менин бир эле көзүм калганын билет. Ошол көзүмдөн кан агып жатканын көрүп өзүн жоготуп койду окшойт. Мен аны бетке чапкылап: «Дастан, эмне болду?» десем: «Урмат байке, ал «Жоникти» муунтту, мен анын бычагын жулуп алдым, беркини урдум» деди. Мен андан: «Бычак менен сайдыңбы?» - десем: «Урмат байке, билбейм, бычак менен урдум окшойт», - деп паника болуп калыптыр».

Анын айтымында, Жапаркул Сакараев тууралуу « байдын көпкөн баласы» деген сөздөр негизсиз жана анын бул окуяда күнөөсү жок.

«Ал акчалуу болгону менен жупуну эле жүргөн бала. Сиз ал тууралуу аны менен чогуу жүргөндөрдөн, иштешкендерден, кошуналарынан сурап деле көрсөңүз болот. Кийингенин, минген машинесин, колдонгон телефонун деле байкаса болот. «Жоник» акылдуу, бардык жакты ойлогон, ар бир кадамын эсептеген бала. Андай ызы-чуу үчүн бычак көтөрбөйт. «Байдын баласы» деген жалгыз жүйө менен эле асылмай болуп жатат», - дейт Турат Сулайманов.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталган. Алгач ишти Токмок шаардык милициясы тергеп жаткан, бирок иликтөөгө байланыштуу ар кандай доомат айтылып жаткандыктан ишти Чүй облустук ички иштер башка башкармалыгы тергей баштады.

Өткөн айда аткезчилик чуусуна байланыштуу Жогорку Кеңеш менен Токмок шаардык кеңешинин депутаттарынын аты аталган. Былтыр август айында Токмок шаардык кеңешинин бир депутатына «адам бычактады» деп кылмыш иши козголгон жана ушул тушта ал издөөдө жүрөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG