Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:42

Ахмединежаддын кайра шайлануусуна эки башка баа


Мир Хусейн Муссавинин жүз миңдеген колдоочулары шайлоо бурмаланды дешип, Тегерандын көчөлөрүнө аыгылып чыгышты. 15-июнь.
Мир Хусейн Муссавинин жүз миңдеген колдоочулары шайлоо бурмаланды дешип, Тегерандын көчөлөрүнө аыгылып чыгышты. 15-июнь.

Батыш президент Ахмадинежаддын кайра шайлануусу менен куттуктай элек. Бирок шайлоо бурмаланды деген ирандыктарды күч менен таркатууну, маалыматтарды жаап-жашыруу үчүн медиакаражаттарын төө бастыга алуусун сындашты. Иранга коңшу кээ бир өлкөлөрдүн лидерлери Ахмадинежадды “эмгегиңизди эл туура баалады” деп куттукташты.

Батыш Ахмадинежаддын жеңишин каалабаса да, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган да, тааныган да жок. Кошмо Штаттар, Мамкатчы Хиллари Клинтондун сөзүнчө, “шайлоонун жыйынтыгы Иран элинин чыныгы эркин жана каалоосун чагылдырат деген үмүттө”. Шайлоо калыс өткөнүнөн күмөн санаган вице-президент Жо Байден АКШ “жараянды толук иликтеп чыкмайынча”, бүтүм

Оппозиция реформачыл талапкер Мир Хусейн Мусавини колдоп, Тегерандын Ынкылап жана Эркиндик аянтында жүз миңдеген адамдар катышкан демонстрация уюштурду. 15-июнь.

жасабасын билдирип, Вашингтон шайлоонун чатагы басылган соң Иран менен түз сүйлөшүүгө даяр экенин каңкуулады. Бул сүйлөшүү Ирандын өзөктүк прогораммасын жана ХАМАС жана Хизбулла сыяктуу террорчул уюмдарды колдоосун токтотууга өбөлгө түзөт деп боолгошот Вашингтондо.

Евробиримдик ишемби күнү уюмга мүчө 27 өлкөнүн атынан жасаган билдирүүсүндө Ирандагы саясый өнөктүк маалында болду деген “мыйзам бузууларга” жана шайлоодон кийинки тополоңдорго тынчсызданды. Ага карабай, Биримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Хавьер Солана айткандай, Брюссель “Ирандын эли жана жетекчилиги менен байланышта болууну жана өз ара мамилени уланта берүүнү каалайт”.

Британия болсо Иран өкмөтүнүн шайлоодон кийинки нааразылыктарды жаап-жашыруу үчүн маалымат булактарын камоого алуусун сындады. Британ тышкы иштер министри Дэвид Милибэнд реформачыл талапкерлердин добуштары уурдалбадыбы деп суроо койду: “Көпчүлүк ирандыктар добуштар адилет саналганына ишенишпегени чоң күмөн саноолорды

Шайлоо бурмаланды деп, Тегеран жана башка шаарлардын көчөлөрүнө чыккан адамдарды күч менен таркатууну ырасмий Берлин менен Париж сындады. Ирандын Берлиндеги элчсинен Германиянын тышкы иштер министрлиги өлкөдөгү башаламандыктар жөнүндө тез жана толук маалымат берүү талап кылынды. Министр Франк-Вольтер Штайнмайер атүгүл шайлоонун ырасмий жарыяланган жыйынтыгына “ишенсе болобу” деген мааниде суроо койду.

Батыш өлкөлөрү Ирандагы шайлоо калыс өткөнүнөн шектенип жатканда Ооганстан, Ирак жана Пакистандын лидерлери, ошондой эле Ливандагы Хизбулла уюму жана палестиндердин ХАМАСы Махмуд Ахмадинежадды жеңиши менен куттукташты. Аталган эки уюм тең Ахмадинежад дүйнөнүн картсынан жок кылуу керек деген Израилге каршы согушуп келет.

Ахмадинежадды биринчи болуп куттуктаган Ооган президенти Хамид Карзай Иран эли “өз ар намысы үчүн добуш берди” десе, Пакистандын президенти Асиф Али Зардари Ахмадинежадды “теңдешсиз кызматыңызды эл баалады” деп сүйүндүрдү.

Араб Лигасынын башкатчысы Амр Муса Ахмадинежадга жазган куттук катында, Араб өлкөлөрү келерки төрт жылда Иран менен Араб өлкөлөрү арасындагы мамиле жакшырат жана эки жак Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотууда өз ара кызматташат деп үмүттөнгөнүн билдирди. Израил өз кезегинде эларалык коомчулукту Ирандын ядролук программасын жана террорчуларды колдоосун тез токтотууга чакырды.

XS
SM
MD
LG