Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:32

Иран: талапкер Мусави шайлоо жыйынтыктарын таануудан баш тартууда


Соңку маалыматтарга ылайык, шайлоону азыркы мамлекет башчы Махмуд Ахмадинежад жеңди. Бирок президенттикке талапкер, реформачыл Мир Хосейн Мусави шайлоонун жыйынтыктарын таануудан баш тартууда. Мусави жума күнкү добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолгонуна байланыштуу нааразылыгын билдирип, мындай көрүнүш Иранда “зулумдуктун” орнотулушуна алып келиши ыктымал деп эскертти. Шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Мусавиге шайлоочулардын 32 пайызы, ал эми Ахмадинежадга 65 пайызы колдоо көргөздү. Ахмадинежаддын колдоочулары Тегерандын көчөлөрүндө жеңишин майрамдай башташты. Ички иштер министрлиги добуш берүүгө шайлоочулардын дээрлик 80 пайызы катышканын кабарлады. Бул – Иран тарыхындагы рекорддук көрсөткүч.

XS
SM
MD
LG