Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:29

М. Чолпонбаев: Шайлоо бурмаланса бизде эл Ирандагыдан да катуу толкуйт


Алдыдагы президенттик шайлоонун калыс өтөөрүнө эмитен эле күмөн саноолор күч. Эгерде добуштар бурмаланып, шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолсо Кыргызстанда да Ирандагыдай эл толкуп чыгабы? Бул маселе боюнча “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна Бириккен элдик кыймылдын мүчөсү, саясатчы Мукар Чолпонбаев жооп берди.

- Ирандагы президенттик шайлоонун жыйынтыктары өлкөдө нааразылыктардын толкунун пайда кылды. Айрым батыштык саясатчылар шайлоо жыйынтыгынын бурмаланышын Ирандын өзөктүк программасы менен байланыштырып жатышат. Сиз кандай пикирдесиз?

-Эми Иранда шайлоо өттү деп айтсак болот, акыркы кездерде ушул Азия мамлекеттеринде бийликте турган күчтөр шайлоону өзүнүн гана пайдасына толук пайдаланууга аракет кылып жатышат да. Иранда дагы ошол сыяктуу болуп өттү деп айтсак биз жаңылышпайбыз. Ошондуктан оппозициялык күчтөр өздөрүнүн нааразылыктарын билдирип жатышат. Бирок эми ал жакта көпчүлүк эл көбүнчө бийликте тургандарды колдоорун билебиз. Анткен себеби, кандай айткан күндө дагы Иран бизге салыштырмалуу өтө өнүгүп бараткан мамлекеттердин катарына кирет да.

Ал эми биздин Кыргазстандын шарты Иранга караганда таптакыр башкача. Кыргызстанда элдин басымдуу көпчүлүгү бийликтин азыркы ишине нааразы жана каршы. Нааразы болуп аткан себеби, экономикалык жактан дагы, саясий жактан дагы, социалдык жактан биздин Кыргызстан эң артта баратат да. Коррупция боюнча, коррупциянын өнүгүшү боюнча Кыргызстан дүйнөдө төртүнчү орунга чыккан болсо мына ошондон кийин кайсы арыбызга мактансак болот? Эми мындай шартта эгер шайлоо боло турган болсо аны эчак эле болуп өттү деп айтабыз. Болот деп айткан күнү эле бүткөн шайлоо. Анткен себеби, азыркы бийлик толук бойдон бир гана үй-бүлөнүн тапшырмасын аткарып жатат да. Ал эми Кыргызстанда Ирандан айырмаланып уюшкан оппозициялык күчтөр өтө күчтүү деп айтсак болот. Эгер оппозиция өзүбүздүн ишибизди туура жүргүзүп кете алсак элдин баары биз менен болот деген ойдобуз...

- Эгерде оппозиция, же болбосо сиздердин кыймыл перзиденттик шайлоонун таза өтөөрүнө көзүңүздөр жетпесе анда эмне үчүн кыймылдын атынан талапкер көрсөтүлдү деген дагы суроолор жаралышы мүмкүн?

-Эмне үчүн талапкер көрсөтүлдү деген суроонун эң негизги маселеси мында турат да. Оппозицияга эл менен ачык жолугушуп, сүйлөшүү жүргүзүүгө бийлик мүмкүнчүлүк бербей жатат, аны баарыңыздар билесиздер. Былтыр Түптөн жумуртка менен урса, быйыл болсо ошол жерге болгону бир облустун курултайын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бербей Ысык-Көлдүн тегерегине он чакты жерге тосмолорду коюп, элдин баарын тосуп жатпайбы. Мунун баары бийликтин оппозициядан, элден коркондугунун белгиси. Эл менен иштегенге жападан жалгыз бир жол бул – мыйзамдуу, ачык иштөө. Оппозицияга бир талапкерди перзиденттикке коюп, мына ошонун тегерегинде эл менен иштөө мүмкүнчүлүгү түзүлүп атты да.

- Сиздин оюңузча, эгерде шайлоо адилет өтпөсө, бурмалоо боло турган болсо, бизде да эл Ирандагыдай толкуйбу?

- Эл Ирандагыдан дагы өтө күчтүү болуп толкуп чыгат. Эми президент Бакиев болсо ойлоп атат го, мына бүгүн мен Москвада тез жардам бере турган күчтөрдү түзүүгө катышып койдум, кол коюп койдум ал күчтөр ага чейин түзүлөт, анан өздөрү айткандай бул күчтөрдүн баардыгы негизинен Борбордук Азияда пайдаланууга даярдалып аткан күчтөр деп. Мына ошол күчтөр жардам берет го деп ойлоп атат го. Мен бул чоң жаңылыштык деп эсептейм. Эгерде Россия жана башка мамлекеттер Кыргызстандын ички саясий иштерине кийлигише турган болсо, бул өтө чон жаңылыштык болот деп ойлойм.

- Маегиңизге рахмат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG