Америкалык "Форбс" (Forbes) басылмасы дүйнөдөгү эң бай адамдарды тизмелеп баалап келчү. Эми анын жаңы чыгарылышы жарыкка чыкты.
Анда жер шарындагы эн таасирдүү саясатчылар же бийлиги күчтүүлөр аныкталып, жалпы тизмеге 67 киши кирген. Тизмени ким баштайт деп ойлойсуз?
Серепчилердин баамында, АКШ президенти Барак Обаманын "Форбс" журналы тарабынан дүйнөдөгү азыркы эң таасирдүү адам деп аныкталганы – күтүлгөн эле нерсе болчу.
Айта кетчү нерсе - "Форбс" басылмасы алгач “бийлик” же “таасир” деген эмне экенин аныктоого аракет жасаган.
Бирок кызыгы – таасир, бийлик, күч деген түшүнүктөрдүн мааниси кеңири да. Маселен, өтө таасирдүү диний лидерге болгон ишенимдин күчүн - саясий бийлиги бекем өлкө жетекчиси менен кантип салыштырса болот? Колунда курч калеми бар журналист таасирдүүбү же мылтыкчан согушкерби?
Мындай бири-бирине чырмалышкан жана чаташкан түшүнүктү аныктоо үчүн "Форбс" 4 шарт иштеп чыккан:
1) бул адамдар калктын эң көп бөлүгүнө таасири эте алабы;
2) бул адамдар зор каржы ресурсуна көзөмөлдүк кылабы;
3) бул адамдардын түрдүү тармактарда таасир-күчү барбы;
4) бул адамдар иш жүзүндө өз бийлигин жигердүү колдонобу?
Айта кетчү нерсе, иликтөө учурунда жогорудагы төрт шарт деле так эместиктерге жол берген.
Маселен, Америкадагы Уолл Март деген тармактык дүкөндүн ээси Майкл Дьюк тизмеде 8-орунду ээлеп, орус президенти Дмитрий Медведевден алда-канча таасири күчтүү инсан катары аныкталганы кызык.
Президент Медведев тизмеде 43-орунду алып, Кремлдин дагы бир төбөлү, вице-премьер министр Игорь Сечинди алдына чыгарып жиберген.
Орусиянын жетекчисине удаалаш эле америкалык өтө популярдуу сыналгы ток-шоу программасынын автору, актриса Опра Уинфри айым турат.
42-орунду ээлеген Орусиядагы экинчи таасирдүү киши катары аныкталган Игорь Сечин Владимир Путиндин орун басары гана эмес, өтө жакын санаалашы. Сечинди ал тургай айрым чөйрөлөрдө Кремлдин “Дарт Ведери” деп, ага “Жылдыздар согушундагы” космостон келген, эч кимге жеңилбес каармандын ысмын ыйгарып коюшкан.
Орусиядагы 1-таасирдүү инсан - премьер министр Владимир Путин 67 кишиден турган дүйнөлүк тизмеде 3-орунду ээлейт. Тизмени баштаган Барак Обамадан кийинки катарда - Кытайдын президенти Ху Цзинтао. Анын бул сыйлуу орунга татыктуу болушун серепчилер учурда Кытай мамлекети дүйнөлүк супердержава АКШнын жападан-жалгыз атаандашы экени менен байланыштырат.
"Форбстун" тизмесинде ак жакалуу төбөлдөрдөн башка дагы кылмыш дүйнөсүндө таасири арткан мексикалык баң зат барону Хоакин Гузман (Joaquin Guzman) бар. Гузмандын жеке байлыгы 1 миллард АКШ долларын чапчыйт. Ал Синалоа картелин жетектейт. Мангизат төбөлдүн түштүк Мексиканын тоолорунда жашырынып жатканы, анын башына 2 миллиондон ашуун доллар сыйлык убада кылынганы эч кимге жашыруун деле эмес.
"Форбс" өткөн жылы Гузманды дүйнөдөгү миллиардерлердин катарына киргизгенде аны мындай абройлуу тизмеге түшүрүп, өз эмгеги менен байыган ишкерлерге теңөө калпыс иш экенин айтып, расмий Мехико нааразычылыгын билгизген.
Тизмедеги көзгө дароо урунган дагы бирөө - Ал-Каида террордук тобунун лидери Осама бен Ладен 37-орунга чыгып, Пакистан премьер министри Сайед Юсуф Гилани менен Ирандын диний лидери Аятолла Али Хаменейини артка калтырат.
"Форбс" басылмасы аялзат өкүлдөрүнүн эң таасирдүүлөрү катары Германия канцлери Ангела Меркел айымды жана андан эки орун артта - АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтонду атаган.
Кыргызстанда ким - чыгаандардын чыгааны?
Кыргызстанда таасирдүү адамдар деп мамлекеттик бийликтин төбөлдөрүн атоого болот. Анткени Кыргызстандай өнүгүп келе жаткан өлкөдө саясий бийлик – экономикалык байлыктын жана коомдо кадыр-барк күтүүнүн бирден бир күчтүү куралы, дешет адистер.
Көз карандысыз журналист Бакыт Орунбеков Кыргызстандагы 100 бай адамды аныктаган тизме түзгөн.
Ал эми "Кыргыз коомундагы эң таасирдүүлөр кимдер?" деген сурообузга Орунбеков мырзанын жообу мындайча болду:
“Президент Курманбек Бакиев, анын айланасындагы адамдар. Бийликтин күчү, бийликтин камчысы аркылуу ал адамдар таасирдүү болот.”