- Кинорежиссер Бакыт Карагулов жазуучу, журналист Бекен Назаралиевдин аңгемесинин негизинде “Бешик” аттуу фильм тартып бүттү.
- Адамдын ачуу-таттуу тагдыры, турмуштун оош-кыйыштары сүрөттөлгөн бул фильмде баш каармандарды кыргыздын белгилүү артисттери Мукамбет Токтобаев, Акылбек Абдыкалыков, Рысбек Жумабаев жана Бакыт Мукулдар аткарган. Бюджети 3 жарым млн сомду түзгөн “Бешик” тасмасы негизинен Жалал-Абатта, Төө Ашууда, Ала-Белде, Көлдө тартылган. Учурда тасманын монтаждоо иштери жүрүүдө. Ал эми көрөрмандарга май айында тартууланаары күтүлүүдө.
- Салтка айланган “Франкофония жумалыгы” бул жылы да уюштурулууда. 21-мартка чейин созулчу иш-чара ар кыл оюн-зооктор, сынактарды, киножумалык жана сүрөт көргөзмөлөрүн камтыйт. Жумалыкты уюштуруп жаткан Франциянын Кыргызстандагы элчилигинин билдиргенине караганда театралдык сынактын катышуучуларынын Францияга жолдомо утуп алууга мүмкүнчүлүктөрү болот.
- СССРдин эл артисти Алла Пугачева коштошууга арналган ыр турнесин Бишкекте да өткөрүүнү көздөөдө. Ырчынын маалымат жыйында билдиргенине караганда “Апрелден апрелге чейин” аттуу гастролу бир эле Орусияда эмес, КМШ өлкөлөрүнүн айрым шаарларында да өтөт. Ал эми ыр турне Кремлде салтанаттуу концерт менен жыйынтыкталат.
- Белгилүү ырчы Мадонна жана анын жолдошу режиссер Гай Ричинин ажырашып жаткандыгына байланыштуу балдары энеси менен кала турган болду. Мындай чечим жума күнү Нью-Йоркто өткөн соттун жүрүшүнөн кийин маалым болду. Ал эми балдардын атасы каалаган учурда келип көрүп турганга жана эс алуу күндөрү ырчы айым уруксат берсе Улуу Британияга алып кеткенге укугу бар.
- Орус адабиятынын классиги аталган Гоголдун 200 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар уюштурулаары күтүлүүдө. Анын алкагында Москвадагы кинотеатрларда жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган толук жана кыска метраждуу фильмдер, ошондой эле даректүү тасмалар көрсөтүлөт.
- “Форбс” журналы көркөм өнөр чөйрөсүндөгү эң бай адамдардын тизмесин жарыялады. Маалыматка караганда тизмеге чыгармачылыгынын аркасында байлык топтогон беш инсан кирген. Ал эми тизменин башында белгилүү голливуд режиссерлору Джордж Лукас жана Стивен Спилберг турат.
- 82-жаш курагында, Будапеште белгилүү венгриялык кинорежиссер Петер Бачо дүйнөдөн кайтты. Маалыматтарга караганда соңку жылдары маркумдун ден-соолугу начаралап, катуу ооругандыктан Москвада өткөн кинофестивалга катыша албай калган. Ал эми ал фестивалда анын жаңы тасмасынын дүйнөлүк премьерасы болгон.