Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

Президент Жапаров курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту


Президент Садыр Жапаровдун курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушуусу. Бишкек. 23-январь, 2026-жыл
Президент Садыр Жапаровдун курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушуусу. Бишкек. 23-январь, 2026-жыл

Президент Садыр Жапаров 23-январь күнү Кыргызстанда иштеген ири курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту. Жолугушууга тиешелүү мамлекеттик органдардын жана Бишкек шаар мэриясынын жетекчилери да катышты.

Талкуу учурунда куруучулардын өз милдеттенмелерин аткаруусуна байланыштуу маселе көтөрүлдү. Ошондой эле курулуш тармагын тескеген мыйзам-жоболордогу карама-каршылыктарды жоюу көйгөйлөрү айтылды.

Президент курулуш компанияларын ачык-айкын жана таза иштөөгө чакырып, эл алдындагы милдеттенмелери бузулушуна жол берилбестигин эскертти. Садыр Жапаров айрым мыйзамсыз иштеген компаниялардын ишин мисал келтирди.

Айрым айтылган көйгөйлөрдү чечүү үчүн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге тийиштүү тапшырмалар берилди.

Жапаров ошондой эле шаар мэрине жана курулуш министрине көйгөйлөр көбөйүп кетпей, өз убагында чечилип турушу үчүн мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүүнү тапшырды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги былтыр июнь айында Бишкекте курулуштагы коопсуздук талаптары сакталган эмес деген жүйө менен он чакты компанияга эскертүү берип, айрымдарынын ишин убактылуу токтоткон.

Аталган министрлик быйыл 17-январда алардын арасындагы “Аалам строй” компаниясына куруп жаткан турак жай комлексинде курулуш мыйзамдары бузулган жана коопсуздук чаралары сакталган эмес деген жүйө менен 3 миллион сом айып пул салып, курулушу токтотулган.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 23-январда мамлекет башчынын тапшырмасы менен Шопоков шаарында көп кабаттуу үй куруп жаткан “Дөөлөт” курулуш компаниясынын ишин жеринде текшерди. Жыйынтыгында ал аталган курулуш компаниясынын бул объекти мамлекетке өткөрүлүшү ыктымалдыгын айтты.

Мурдараак “KG групп”, “Көчмөн Сити” сыяктуу курулуш компаниялары салып жаткан объекттер да үзгүлтүккө учурап, анда жүздөгөн үлүшчүлөр жабыркаган. Алардын да курулуш объекттери мамлекетке алынып, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу курулуш иштери улантылып жатканы маалым. (ZKo)


Шерине

 

XS
SM
MD
LG