Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

АКШ Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан расмий чыкты


АКШ Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан (ДССУ) расмий чыкты. Президент Дональд Трамп былтыр жыл башында кызматына киришкенде ал уюмдан чыгуу көрсөтмөсүн берген. Ага себептердин бири катары COVID-19 пандемиясын жөнгө салуудагы каталары айтылган.

Маалыматка караганда, бул багыттагы жараян 22-январда аяктады.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар министрлиги ДССУнун бардык демилгелерин каржылоо токтогонун, америкалык кызматкерлер уюмдун бардык кеңселеринен чакыртылып алганын, АКШ жетекчиликте жана жумуш топторуна катышпай турганын билдирди.

Bloomberg агенттиги жазгандай, Вашингтон ДССУ алдындагы 260 млн долларга тете карызын төлөбөйт. Конгресстин 1948-жылкы резолюциясы боюнча уюмдан чыгуу үчүн АКШ бир жыл мурун кабардар кылып, карыздарынан кутулушу керек болчу.

Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги жогорку өкүлдөрдүн бири мыйзамда уюмдан чыгууга чейин карызды төлөө талабы айтылбаганын билдирди.

Мамлекеттик катчы Марко Рубио жана саламаттыкты сактоо министри Роберт Кеннеди-кенженин биргелешкен билдирүүсүндө айтылгандай, “ДССУ америкалыктардын өмүрүн сактап калууга шарт түзгөн маанилүү маалымат алмашууга бут тоскон, андан кийин ошол каталарын жашырган”. Алар ДССУну "эффективдүү эмес бюрократия" үчүн сындашты.

АКШ башка өлкөлөр жана “абройлуу мекемелер” менен кызматташууну улантары кабарланды.

ДССУ буга чейин Вашингтондун чечимине өкүнөрүн билдирген. Кошмо Штаттар уюмдун эң ири донору болчу.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG