Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:27

БУУ: Иранда каза болгондордун саны 20 миңден ашышы мүмкүн


Тегерандын четиндеги Соттук-медициналык борбордун жанындагы сөөктөр. Иран, 13-январь 2026-жыл
Тегерандын четиндеги Соттук-медициналык борбордун жанындагы сөөктөр. Иран, 13-январь 2026-жыл

22-январда АКШнын президенти Дональд Трамп нааразылык акциялары ырайымсыз басылган Иранга каршы күч колдонуу ыктымалдыгын жокко чыгарган жок.

Швейцариядан Америкага кайтып жатып, ал Ирандын деңиз жээгине америкалык аскердик кемелердин кербени баратканын, бирок аларды Тегеранга каршы колдонууну каалабаганын айтты.

АКШнын расмий адамдары "Рейтер" агенттиигине маалымдашкандай, Жакынкы Чыгышка жакын арада учак ташыган "Авраам Линкольн" кемеси жана бир нече эсминец барат.

Трамптын айтымында, анын администрациясы Ислам жумуриятындагы кырдаалга байкоо салып жатат.

Өлкөдө эки жумадан бери интернет өчүп турат. Чыныгы абал тууралуу маалымат алуу мүмкүн эмес.

АКШдагы ирандык HRANA (Human Rights Activist News Agency) бейөкмөт укук коргоо уюму Ирандагы нааразылык акциялары учурунда бийликтин зомбулугунан каза болгондор 5002ге жеткенин тактаганын, дагы 10 миңге жакын кишинин өлүмү текшерилип жатканын билдирди.

Расмий Тегерандын өкүлү "Рейтердин" кабарчысына толкундоолордо 5 миңден ашуун киши набыт болгонун, алардын 500ү коопсуздук аскерлери экенин маалымдаган.

БУУнун Ирандагы адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Маи Сато бейшембиде дарыгерлердин маалыматтарына таянып билдиргендей, нааразылык акцияларында каза тапкан карапайым ирандыктардын саны 20 миңден ашышы мүмкүн.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 23-январдагы угууларында “Ирандын коопсуздук күчтөрүнүн тынч демонстрацияларды мыкаачылык менен басуунун масштабына” байланыштуу камтама айтылды.

Ирандагы нааразылык толкуну былтыр жыл этегинде экономикалык маселелерге байланыштуу башталып, кийин саясий талаптар да айтылып жатты.


Шерине

XS
SM
MD
LG