Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Прагада адам укуктары боюнча кино фестивал аяктады


Вацлав Гавел кытайлык диссидентке сыйлык ыйгарууда, 11-март, 2009
Вацлав Гавел кытайлык диссидентке сыйлык ыйгарууда, 11-март, 2009

19-мартта Чехиянын баш калаасында Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын "Бир Дүйнө" кароосу соңуна чыгууда. 40 чакты өлкөдөн 130тай тасманын ичинен башкы сыйлыкты Калифорниядагы жарды адамдардын турмушун чагылдырган "Деңиз деңгээлинен төмөн" деген тасма жеңип алды.

Жианфранко Росинин "Суу деңгээлинеин төмөн" тасмасынан көрөрмандар АКШнын Мексика менен чек арасына жакын жердеги какыраган талаада вагон, алачыктарда жашаган элдин күнүмдүк жашоосу менен таанышууга мүмкүндүк алышты.

Башкы кароодо биринчи орунду алган бул тасма менен катар, эң мыкты режисер деген ардактуу наам "Гьюмри" деген тасманы тарткан чехиялык режисер Яна Шевчиковага ыйгарылды.

Бул фильмде Арменияда 1988-жылы каргашалуу жер титирөө болгон жердеги адамдардын 20 жылдан кийинки жашоосунан кабар алабыз.

Ал эми "Билүүгө укуктуубуз" категориясындагы Рудольф Врба сыйлыгы америкалык Жини Ретикердин "Жаланкычты дубалап атып тозокко кайтар" деген тасмасына берилди. Анда Батыш Африкадагы Либерия өлкөсүндө мусулман жана христиан аялдары кантип өлкөнүн тагдырын өз колдоруна алып, бейкуттук үчүн кажыбас күрөшкөнүн билдик.

Бул тасма үчүн калыстар тобунун Кубадагы мүчөсү интернет аркылуу добуш берди. Фестивалга жолдогон катында Йоана Санчес бийликтер аны Кубадан чыгарбай койгондуктан, келе албагандыгын, бул филм аны канкор бийликке тынчтык жолдор менен каршылык көрсөтүп, жеңишке жетсе боло тургандыгына ынандыргандыгын жазды.

Ал эми Вацлав Гавелдин атайын сыйлыгын Чехиянын мурдагы президенти "Бирмалык видео-журналист – Жабык өлкөдөн кабар берүү" тасмасына тапшырды. Мындан тышкары, Прага шаар акиминин, Чех радиосунун, көрүүчүлөрдүн сыйлыктары тапшырылды.

Быйыл Чехияда жана башка борбор европалык өлкөлөрдө коммунисттик режимдин кулаганына 20 жыл толду. Бул датага арналган даректүү тасмалар өзүнчө бөлүмдө көрсөтүлдү.

Фестиваль өткөн шаршемби күнү салтанаттуу ачылганда кароонун жетекчиси Игор Блазевич мындай тилегин билдирген эле:

- Фестивал дүйнө элдери эркин жана коркпостон жашасын деген филмдер менен берилген бата болуп калсын. Мен биздин тасмалар Чех жумуриятынын атуулдарына жер шарынын ар кыл тарабындагы эр жүрөк, тайманбас аялдар менен эркектерди колдоого дем берет деп ишенем.

Ал эми фестивалдын уюштуруучусу "Лиди в тисне" – "Кыйналган адамдар" корунун Хомо Хомини сыйлыгы кытайлык укук коргоочу, учурда мекенинде түрмөдө жаткан Лиу Ксиаобого ыйгарылды. Анын Кытайда адам укуктарын бекемдөө жана сөз эркиндигин коргоодогу 20 жылдык талыкпас эмгегин даңазалаган сыйлыкты жарыялап жатып, өзү убагында коммунисттик бийликтин куугунтугунда болгон президент Вацлав Гавел буларга токтолгон:

- Мен чехтердин тажрыйбасын биздин кытайлык досторубуз да өздөштүрсө деп тилек кылам. Биздин башыбыздан өткөн окуялар акыры эмне менен бүтөөрүн биз билген эмеспиз. Мындай нерсени алдын-ала болжолдош мүмкүн эмес. Балким эртең, балким бүрсүгүнү, а балким 10 жылда гана өзгөрүү болот, өзгөрүү таптакыр болбошу да мүмкүн. Биздин тажрыйбабыз башкысы талыкпай күрөшө бериш керек экендигин көрсөттү.

Прага фестивалында тогуз күн бою фильмдер менен катар, таанымал режиссерлор менен жолугушуулар жана өрнөк сабактары өттү. Жакырчылык менен күрөштөгү маалымат каражаттарынын ролу тууралуу дискусссия уюштурулду. "Кыйналган адамдар" корунун Африкадагы долбоорлорунан сүрөт көрсөтмөсү коюлду. АКШда Барак Обаманын расизм тууралуу мындан бир жыл мурдагы жасаган билдирүүсүн франциялык актер Лө Саж окуп берди.

Ал эми ушул дүйшөмбүдөгү көчө акциясында үй-жайы жок, көчөдө калгандар театралдык оюн коюшту. Бул да болсо, Европа Биримдигинин учурдагы президенти болгон Чех жумуриятында да жардамга муктаж адамдар бар экендигин эске салды.

Төмөндөгү видео тасмада мурдагы чех президенти, драматург жана коомдук ишмер Вацлав Гавел кытайлык диссидентке сыйлык берилээрин 11-мартта жарыялап жаткан учур чагылдырылган.


Film festival opening
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:00:56 0:00

XS
SM
MD
LG