Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Британия: Мэй кызматын сактап калды


Премьер-министр Тереза Мэй парламенттеги талкууда. 16-январь, 2019-жыл.
Премьер-министр Тереза Мэй парламенттеги талкууда. 16-январь, 2019-жыл.

Шаршембидеги добуш берүүдө Тереза Мэй премьерлик кызматын сактап калды. Бирок бул Британиянын Европадан бөлүнүшүн караган Брекзит маселесин чечпейт.

Британ парламентинин Өкүлдөр палатасындагы депутаттардын 325и Мэйге ишеним көрсөттү. Ал эми 306сы премьер-министрдин кызматтан кетишин колдоду. Натыйжада Мэй болгону 19 добуш айырма менен өз кызматында калды.

Британ мыйзамчылары шейшембиде Брекзит келишимине каршы добуш берген соң Лондондо саясий кризис башталды. Мэйдин өкмөтүнүн келишим долбоорун 202 гана депутат колдоп, 432си каршы чыкты.

Шаршембиде парламентте Мэйдин өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө боюнча талкуу түнгө чейин уланды.

- 50-беренени Британия узарта албайт, ал Европа Биримдиги менен кеңешкенден кийин гана узартылат. Өкмөттүн саясаты боюнча 29-мартта биз Евробиримдиктен чыгабыз, - деген Мэй «референдумда колдоп добуш бергендердин ишенимин жоготуп албайлы» деген жүйө келтирди.

Парламенттеги оппозицячыл Лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбин «өлкөнү туңгуюкка кептеди» деп өкмөттү катуу сындады.

- Өкмөт ушул кездеги эң орчундуу маселе – Брекзитти чечүүгө кудурети жетпей, элдин колдоосун ала алган жок. Өкмөт кайрадан алсыздыгын көрсөтүп, шейшембиде добуш берүүдө утулду, - деп ал өкмөттү кызматтан баш тартууга үндөдү.

Британдардын алдында өкмөттү кызматтан кетирүү, мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүү, Брекзит жараянын узартуу, кайрадан референдум өткөрүү сыяктуу бир нече жол турат.

Ал ортодо Брюсселде «Британия Евробиримдиктен макулдашуусуз чыгып кетсе, анын саясий жана экономикалык кесепети кандай болот?» деген кооптонуу күчөдү. Британ парламентинде келишимдин четке кагылышы Британия шаркеттен макулдашууга жетишпей бөлүнөт дегенди билдирет.

Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск Британия шаркеттин курамында калышы керек деп эсептейт.

- Британиянын биримдиктен макулдашуусуз чыгып кетишин эч ким каалабаса, анда кырдаалдан чыгуунун жалгыз жакшы жолу кандай экенин ким айта алат?, – деди ал британ парламентиндеги добуш берүүдөн кийин.

Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер Евробиримдик менен Британия үчүн өз ара пайдалуу макулдашууга жетишүүнүн мөөнөтү өтүп баратканын эске салды.

Жан Клод Юнкер.
Жан Клод Юнкер.

- Улуу Британияны эмнени көздөп жатканын мүмкүн болушунча эртерээк айтууга үндөйм. Убакыт тар, - деди Юнкер. Ал ошондой эле «Британиянын Евробиримдиктен макулдашуусуз бөлүнүп кетүү коркунучу күчөгөнүн» белгиледи.

Европа Биримдигинин Брекзит боюнча ортомчусу Мишел Барнье Британия мүмкүн болушунча эртерээк өз планын аныкташы зарыл экенин айтты.

- Кийинки кадам кандай болорун эми британ өкмөтү айтсын. Евробиримдик макулдашууга жетишүүнү көздөп турат, - деди Барнье.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвадагы басма сөз жыйынында «Брекзитке Орусия кубанып турат» деген сөздү четке какты.

- Брекзит идеясы жандана электе эле бирдиктүү, күчтүү, эң башкысы өз алдынча Евробиримдикти көрүү биздин кызыкчылыгыбызда экенин айтканбыз. Эми кандай болорун көрөбүз. Албетте, Британия биримдиктен чыгып кеткен күндө да Еврошаркет жана Британия менен кызматташууга даярбыз, - деди орустардын башкы дипломаты.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон да окуянын мындан аркы өнүгүшү үчүн жоопкерчилик Британияда экенин билдирди.

Эммануэл Макрон.
Эммануэл Макрон.

- Британиянын Евробиримдиктен макулдашуусуз бөлүнгөнүнүн кесепети оор жана түйшүктүү болот, - деген Макрон өткөөл мезгил тууралуу макулдашуу зарыл экенин кошумчалады.

Ирландиянын өкмөтү Британиянын Европа Биримдигинен макулдашуусуз чыгып кетүү коркунучу чоң экенине тынчсызданып, андай жагдайга даяр болууга үндөдү. «Тилекке каршы, шейшембидеги добуш берүү Брекзит макулдашуусуз ишке ашабы деген кооптонууну күчөттү» деп айтылат Дублиндин билдирүүсүндө.

Брекзит жараяны Түндүк Ирландия менен Шотландиядагы улутчул күчтөрдүн чырагына май тамызып, Британиянын өзүн коркунучка кептеген. Британия Европа Биримдигинен быйыл 29-мартта чыгышы керек.

Премьер Мэй кийинки кадамдары тууралуу кандай планы бар экенин азырынча ачык айта элек. Брюссел Лондонго келишимдин шарттары кайра сүйлөшүлбөй турганын буга чейин эле эскерткен.

Тереза Мэй жаңы шайлоо же референдум өткөрүүнү туура көрбөй турганын айткан. Коомдук пикирди билдирген сурамжылоого караганда, көпчүлүк британдар эми Брекзитке каршы добуш беришет.

2016-жылдын июнь айында өткөн референдумда добуш бергендердин 52% Европа Биримдигинен бөлүнүүнү жакташкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG