Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:43

Брекзиттин тагдыры таразада


Брекзитке каршы демонстранттар британ парламентинин имаратынын сыртында турат. Лондон, 14-январь, 2019-жыл.
Брекзитке каршы демонстранттар британ парламентинин имаратынын сыртында турат. Лондон, 14-январь, 2019-жыл.

Британияда Брекзит келишими добушка салынат деп күтүлүп жатат.

Премьер-министр Тереза Мэйдин өкмөтү Евробиримдик менен жетишкен макулдашуунун долбоору парламентте колдоо таппаса, Брекзиттин же Британиянын Евробиримдиктен чыгуу жараяны башаламан жолдо кетүү тобокелдиги бар.

Бирок кырдаалдын мындай өнүгүшүнүн кесепети оор болорун эки тарап тең эскертип жатат.

2016-жылкы референдумдун чечимин аткаруу же элдин эркин турмушка ашыруу үчүн премьер-министр Тереза Мэйдин өкмөтү Британиянын Евробиримдиктен чыгуу шарттары боюнча Брюссель менен түзгөн макулдашуу парламенттен колдоо табышы үчүн кеминде 318 добуш талап кылынат.

Бирок британ парламентинин жалпысынан 650 орундуу төмөнкү палатасында Тереза Мэйдин келишим долбооруна мынчалык деңгээлде колдоо жоктугу анык болду.

Келишим Британиянын кызыкчылыктарына жооп бербейт деп эсептеген топ премьердин өзүнүн партиясында да бар.

Мына ушундан улам Мэй өткөн айда парламенттеги добуш берүүнү токтотууга да аргасыз болгон.

Мунун артына бийликтеги Консервативдик партияда ага партлидер катары ишеним көргөзбөө маселеси добушка коюлуп, бирок Мэй анда кызматын сактап калган. Анда премьерге партиянын 317 мыйзамгеринин 117си каршы чыккан.

Британ өкмөт башчысы соңку күндөрдөгү сөзүндө Брекзит келишимин парламенттин четке кагышы “элдин демократияга болгон ишенимине” сокку ура турганын эскертүү менен өз саясатынын тууралыгын коргоп жатты:

Тереза Мэй
Тереза Мэй

- Биз макулдашуусуз чыкпай турганыбыздын (Евробиримдиктен) жалгыз кепили - Брекзитти токтотуу, британ элинин добушун садагага чабуу же макулдашууга ылайык чыгуу. Брекзитти макулдашуусуз ишке ашыруу акылсыздыктын жеткен чеги. Вестминистрдеги (Лондондун британ парламенти жайгашкан району) акыркы жети күнкү окуяларга байкоо салып отуруп, мен эң ыктымал жыйынтык - парламенттин параличке кабылуусу, Брекзиттин болбой калуу тобокелдиги деп эсептеп турам, - деди Мэй 14-январда сүйлөгөн учурунда. Ал Брекзит келишимин четке кагуу Шотландиянын көз карандысыздыгын жактагандардын да турумун чыңдай турганын аргумент катары келтирип жатат.

Эгер Мэйдин Брюссель менен макулдашкан келишими колдоо таппаса, парламент премьер-министрге кийинки кадамдар менен үч күн ичинде келүүнү тапшырат. Бул үчүн берилген мөөнөт 21-январда аяктайт. Премьер келишимди кайра эле добушка салууну өтүнүшү мүмкүн.

Брекзитти жактаган демонстрант британ парламентинин имараты сыртында. Лондон, 14-январь, 2019-жыл.
Брекзитти жактаган демонстрант британ парламентинин имараты сыртында. Лондон, 14-январь, 2019-жыл.

"Калабаны" эскертүү

Келишимдин четке кагылуусу, иш жүзүндө Британия Евробиримдиктен Брекзит жараяны токтотулбаса эле макулдашуусу жок чыгат дегенди билдирет. Бул мөөнөт 29-мартта келет.

Оппозициядагы Лейбористтик партиянын лидери Жереми Корбин чалкеш кырдаалды мөөнөтсүз шайлоо өткөрүп, жаңы өкмөт түзүп, Евробиримдик менен кайра сүйлөшүү аркылуу жөнгө салууну сунуштады.

Ал өкмөткө ишеним көргөзбөө маселеси парламентте добушка коюлушуна жетишүүнү убада кылып жатат:

- Менин жеке көз карашымда эгер 29-мартка барып, Евробиримдиктен макулдашуусуз чыгуу коркунучун токтото албасак, макулдашууга азыр жетишип алганыбыз жакшы. Макулдашуусуз чыгуу өнөр жай, соода үчүн кыйроо алып келет, анын узак мөөнөттүү кесепеттери да эбегейсиз болот. Биз, лейбористтер макулдашуусуз чыгууну алдын алуу үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз, - деди Корбин Би-Би-Си менен маегинде.

Жереми Корбин
Жереми Корбин

Британиянын саясий жана экономикалык шериктештиктен макулдашуусуз кетишинин кесепети эбегейсиз экенин Брюссель дагы айтып жатат:

- Менде макулдашуу болот деген үмүт бар. Макулдашуусуз Брекситти каалабас элем. Анткени бул Британия үчүн, Европа континенти үчүн үчүн да катастрофа болот, - деди Еврокомиссиянын президенти Жан Клод Юнкер.

Ал Брюссель Лондонго келишим шарттары кайра сүйлөшүлбөй турганын буга чейин эле эске салганын да кошумчалады.

Брекзитке каршылардын демонстрациясы. Лондон, 12-январь, 2018-жыл.
Брекзитке каршылардын демонстрациясы. Лондон, 12-январь, 2018-жыл.

Британиянын Евробиримдиктен чыгышы боюнча референдум 2016-жылдын июнь айында өтүп, анда бул сунушту добуш бергендердин 52% колдогон.

Талдоочулар Евробиримдикке дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн 17% үлүшү туура келерин, Британия өз алдында дүйнөнүн бешинчи ири экономикасы экенин эске алганда мына ушул жараяндын кандай кетери глобалдык экономиканын быйылкы өсүү ыргагына да таасир бере турганын белгилешүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG