Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Брюссел Лондондун өтүнүчүн четке какты


Брюсселдеги саммитке чогулган лидерлер - Нидерланддын премьер-министри Марк Рютте (оңдо) жана британ премьери Тереза Мэй (ортодо). 13-декабрь, 2018-жыл.
Брюсселдеги саммитке чогулган лидерлер - Нидерланддын премьер-министри Марк Рютте (оңдо) жана британ премьери Тереза Мэй (ортодо). 13-декабрь, 2018-жыл.

Евробиримдиктин лидерлери британ премьер-министринин Брекзит келишимин кайра карап чыгуу тууралуу өтүнүчүн кескин түрдө четке кагышты. Ал түгүл уюм Британия менен эч бир келишим түзүлбөй калган кырдаалга даярданыш керек экенин да билдирди.

Британиянын Евробиримдиктен кандай шартта чыгаарын аныктаган Брекзит келишиминин маселеси бейшембиде Брюсселде башталган саммиттин күн тартибине акыркы мүнөттөрдө киргизилди.

Маалымат агенттиктери кабарлашкандай, бул маселени талкуулоо учурунда залда чыңалган абал өкүм сүрүп турду. Немис канцлери Ангела Меркел баштаган бир катар лидерлер улам-улам британ премьери Тереза Мэйдин сөзүн бөлүп, расмий Лондон так эмнени каалап жаткан сурап жатышты.

Бул аптада аз жерден кызматынан кол жууп кала жаздаган Тереза Мэй келишим британ парламентинде ратификациядан өтүшү үчүн андагы айрым маселелер кайра каралышы керек экенин Евробиримдиктин калган 27 лидерине билдирди.

Маселен, британ эл өкүлдөрү бул келишим Улуу Британиянын курамындагы Түндүк Ирландия менен Евробиримдикке кирген Ирландиянын чек арасы ачык бойдон калышына мүмкүнчүлүк түзөөрүн айтышып, муну алгылыксыз жагдай катары мүнөздөп жатышат.

Бирок Евробиримдиктин лидерлери Брекзит келишими кайра каралбай турганын бир ооздон айтышты.

Немис канцлери Ангела Меркел.
Немис канцлери Ангела Меркел.

- Биздин бул талаптарга британ парламенти макул болобу, аны билбейбиз. Биз Европанын деңгээлинде жана мамлекеттик деңгээлде Британия уюмдан эч келишимсиз чыгып кеткен шартка даяр болушубуз керек. Бирок биз келишим түзүлүп калса дейбиз. Ошентсе да макулдашылып калган келишимди кайра талкууга чыгарбайбыз. Маселелер эбак сүйлөшүлгөн, - деди немис канцлери Ангела Меркел саммиттин биринчи күнү аяктагандан кийин.

Брекзит келишиминде Британия Евробиримдиктен чыгып кеткенден кийин эки тараптын соода-экономикалык алакасы кандай уланаары, миграция жана чек ара маселелери кандай чечилери жазылган. Бул документти уюм ноябрь айында жактырган.

Британ өкмөтү бул келишимди колдогону менен парламент каршы болуп жатат. Эл өкүлдөрү документке 11-декабрда добуш бериши керек эле. Бирок Мэйдин өкмөтү макулдашуу четке кагылаарын түшүнгөндөн кийин добуш берүүнү январь айына жылдырууга аргасыз болду.

Евробиримдиктин лидерлеринин Брюсселдеги саммити. 14-декабрь, 2018-жыл.
Евробиримдиктин лидерлеринин Брюсселдеги саммити. 14-декабрь, 2018-жыл.

Андан соң бийликтеги Консерваторлор партиясынын айрым өкүлдөрү Мэйге ишеним көрсөтпөө боюнча демилге көтөрүшүп, добуш берүүнүн жыйынтыгында премьер-министр дагы кеминде бир жылга кызматында иштегени калды.

Эгер Европа Биримдиги айтканынан кайтпаса, анда Мэй келишимди өз парламентинен кантип өткөрөт деген суроо кабыргасынан коюлуп турат.

Дэвид Лидингтон.
Дэвид Лидингтон.

- Премьер-министр парламент жана бир катар партиялар коюп жаткан талаптар боюнча Евробиримдиктен айрым убадаларды алууга аракет кыла берет. Алдыдагы күндөрдө бул багытта иш уланат. Андан соң ал келишимди кайра парламенттин добушуна коет. Биз талкуулайбыз, анан добуш берилет, - деп билдирди журналисттерге министрлер кабинетинин өкүлү, британ премьер-министринин иш жүзүндөгү орун басары Дэвид Лидингтон.

2016-жылдын 23-июнундагы референдумда британ шайлоочуларынын жарымынан бир аз көбү Евробиримдиктен чыгууну жактаган. Бирок британ коомчулугунда бул маселе боюнча кайчы пикирлер дагы эле бар.

Брекзит келишимин учурда эки тарап тең жактырбай турат. Евробиримдиктен чыгып кетүүнү колдогондор тизгин баягыдай эле Брюсселдин колунда калган деп эсептешсе, алардын каршылаштары Британия уюмдан өтө элек оолактап кетип жатат, андыктан Брекзит маселеси боюнча экинчи референдум өткөрүү зарыл деген пикирде.

Кантсе да жол картасына ылайык, Британия туура үч жарым айдан кийин уюмдан толугу менен чыгып кетиши керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG