Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:58

"Жашым 18-19да дешет экен". Зордуктоону тыюу боюнча депутаттын талаштуу сунушу

Кыздардын, аялдардын укуктарын коргоо талабы менен уюштурулган акция. Бишкек. Архив сүрөт.
Кыздардын, аялдардын укуктарын коргоо талабы менен уюштурулган акция. Бишкек. Архив сүрөт.

мазмуну

  • Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаеванын сексуалдык мүнөздөгү айрым кылмыштар боюнча пробациялык көзөмөлдү колдонууну карап көрүү сунушу коомчулуктун сынына кабылды. Анда депутат пробацияны кайтаруу, тараптардын жарашуусуна жол берүү жана өспүрүмдүн жашын билбеген учурларды өзүнчө кароо маселесин көтөргөн.
  • Коомчулукта бул маселе сынга алынган соң Жогорку Кеңеш билдирүү таратып, депутаттын жашы жете электерге сексуалдык ыдык көрсөткөндөргө жаза, чараны жеңилдетүү максаты жок экенин билдирди.

Жогорку Кеңеште жыныстык мүнөздөгү айрым кылмыштар боюнча мыйзамдарды кайра кароо сунушу айтылды. Депутаттар пробацияны кайтаруу, тараптардын жарашуусуна жол берүү жана өспүрүмдүн жашын билбеген учурларды өзүнчө кароо маселесин талкуулашты.

Депутат Айсаракан Абдибаева коомчулукта талаш жараткан билдирүүсүн 29-сентябрда парламенттин Сот укуктук маселелер боюнча комитеттин жыйынында айтты. Анда Абдибаева Кылмыш-жаза кодексиндеги сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар боюнча жаза катаал болуп жатканын белгилеген. Мындан улам мындай кылмыштарга пробациялык жаза чегерүү жагын карап көрүү зарыл экенин сунуштады. Депутаттын айтымында, учурдагы мыйзамдын катаалдыгынан сөз болуп жаткан кылмышка шектелгендер узак мөөнөткө абакка кесилип жатат.

"Жашы жете электерге карата жасалган жыныстык мүнөздөгү кылмыштар коомдо чоң тынчсызданууну жаратып жатат. Бул багыттагы мыйзамдардын натыйжалуулугуна жана аларды колдонуу тажрыйбасына өзгөчө көңүл бурууну талап кылууда. Ошол эле учурда жашы жете элек жаш өспүрүм балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, адам укуктарын, күнөөсүздүк презумциясын жана сот адилеттигинин принциптерин камсыз кылуу маселелери көтөрүлүүдө. КРдин Кылмыш-Жаза кодексинин 154 жана 157-беренелеринде каралган "Жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар боюнча мыйзамды жөнгө салууну жакшыртуу хзарылдыгы келип чыгып жатат. Негизги максат- адамдын жыныстык кол тийбестигин жана балдардын укуктарын коргоо, сактоо менен бирге кылмыш-жаза жоопкерчилигин катаалдаштырууга жол бербөө".

Парламенттин тармактык комитетинин 29-сентябрдагы жыйынында укук коргоо органдары жарандардын адеп-ахлактык саламаттыгына, жыныстык кол тийбестигине жана эркиндигине каршы кылмыштарды алдын алуу боюнча мыйзамдардын аткарылышы тууралуу маалымат беришкен.

Депутаттын сунушу Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгүнө («Зордуктоо») жана 157-беренесине («Он алты жашка чыга элек балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер») байланыштуу болгон.

Талкуу маалында бул эки берене ар башка кылмыштарды камтый турганы белгиленген. 154-берене күч колдонуу, коркутуу же адамдын алсыз абалынан пайдалануу менен жасалган жыныстык катнашка тиешелүү болсо, 157-берене бойго жеткен адамдын 16 жашка толо элек өспүрүм менен "зордуктоо белгилери жок жыныстык мамилесин" жөнгө салат.

Айсаракан Абдибаеванын айтымында, азыркы мыйзам айрым учурда жаштарга өтө эле катаал жаза берүүгө алып келиши мүмкүн. Ал жакында каралган иштердин бирин мисал келтирип, сот бир жигитти 15 жылга эркинен ажыратканын айтты:

Айсаракан Абдибаева
Айсаракан Абдибаева

"Өспүрүмдөр өздөрү келип, "менин жашым 18-19да" деп айтышат, бирок кийин паспорту боюнча жашы жете элек болуп чыгып жатат. Андай учурда муну кантип аныкташ керек? Эгер жаш жигиттер ал кыздын жашы жете элек экенин билишсе, мындай жолго барышмак эмес да. Жашы жете элек экенин билбей туруп ушундай кылмышка барган болсо, сотторго да аны актоого мүмкүнчүлүк берилмек".

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева азыркы мыйзамдарда жабыркаган тараптын чыныгы жашын билген же билбегенине жараша өзүнчө жаза каралбаганын түшүндүрдү. Мындай иштерди кароодо сот бардык жагдайларды изилдеп, зарыл болсо экспертиза дайындайт. Ошол эле учурда өспүрүмдүн жашын билген эмес деп өзүнчө алып кароо мыйзамда жок:

Үмүткан Коңкубаева
Үмүткан Коңкубаева

"Билген же билбеген деп өзүнчө квалификация киргизүүгө мыйзам жол бербейт. Бул жерде сөз 16 жашка чыга элек өспүрүм тууралуу болуп жатат. Эгер ушундай учурлар болсо, азыр деле практикада колдонулат, атайын экспертиза дайындалат. Анда "Бул адам канча жашта болгон, болжол менен канча жаштагыдай көрүнөт?" деген маселелер каралат. Анткени адамдардын дене түзүлүшү, өнүгүүсү жана психологиялык өзгөчөлүктөрү ар кандай болот да. Бул механизм азыркы мыйзамдарда да колдонулуп келет".

Коңкубаева буга чейин мыйзамдарда пробация жана тараптардын жарашуусу сыяктуу механизмдер каралганын, бирок алар кийин Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышындагы депутаттардын демилгеси менен алынып салынганын айтты.

Депутат Абдибаева прокурор айтып жаткан бул өзгөртүүлөр өз убагында аялдардын укуктарын коргоону күчөтүү максатында кабыл алынганын белгиледи. Анын пикиринде, жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыш боюнча мыйзамдардын катаалдашуусу аялдарга карата зомбулукка каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган. Бирок, ошол эле учурда, айрым учурда жаш жигиттер дагы өтө оор жазага тартылып, эркинен ажырап калып жатканы белгиленди. Ошондуктан ал мыйзамдарды кайрадан талдап чыгып, өспүрүм балдардын укуктарын коргоо жагын да эске алуу зарыл деп эсептей турганын айтты.

"Ооба, жетинчи чакырылышта мен да бар элем. Бул мыйзамга өзгөртүү киргизүү ошол учурда өтө актуалдуу болуп калган. Баарыңыздарга белгилүү болгондой, аялдардын, айрыкча кыздардын укуктары жетиштүү корголбой, өлүмгө алып келген жана башка көптөгөн оор учурлар катталган. Ошонун негизинде мыйзамга өзгөртүү киргизгенбиз. Бирок тыйындын эки тарабы бар дегендей, бир жагынан аялдардын укуктарын коргоо максатында мындай өзгөртүүлөрдү киргизсек, экинчи жагынан келечегибиз болгон жаш жана өспүрүм балдарыбыз түрмөгө түшүп калып жатат. Ошондуктан айрыкча жашы жете элек балдардын укуктарын коргоо максатында мыйзамды кайра өзгөртүү зарылдыгы келип чыгууда".

Абдибаеванын сөзүнө караганда, азыркы мыйзамдарда айрым жагдайларды, анын ичинде жаш курак боюнча жаңылышуу болушу мүмкүн учурларды өзүнчө кароо мүмкүнчүлүгү жок. Ушундан улам ал жыныстык мүнөздөгү айрым кылмыштар боюнча мыйзамдарды кайра карап чыгып, жоопкерчиликти жекече жагдайга жараша баалоо механизмдерин талкуулоону сунуштады.

Жыйында тараптардын жарашуусу тууралуу маселе да көтөрүлдү. Абдибаева Кылмыш-процессуалдык кодекстин 505-беренесин тараптардын жарашуусу боюнча процесстик макулдашуу тууралуу жоболор менен толуктоону сунуштады. Анын пикиринде, мурда мындай механизм айрым иштер боюнча натыйжалуу колдонулуп келген.

Коңкубаеванын айтымында, 154-берене боюнча жарашуу мүмкүнчүлүгүн мыйзам чыгаруу деңгээлинде кароого болот. Бул үчүн тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке киргизилип, коомдук талкуудан өтүшү керек. Бирок ал 157-берене боюнча мындай ыкмага жол берилбей турганын баса белгиледи. Себеби кеп 16 жашка чыга элек балдардын укуктарын коргоо тууралуу болуп жатат жана мындай иштерде мамлекет алардын кызыкчылыгын өзгөчө көзөмөлдөйт. Ошондуктан жарашуу же каршы арыз берүү механизми колдонулбайт.

"154 бул - "Зордуктоо" беренеси, экинчиси 16 жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер. Ушул эки беренеде мурда эки тарап элдешип алган болсо пробация мүмкүн болчу, бирок, 7-чакырылыштын 80 депутатынын демилгеси менен бул 82-берене алынган. 157-берене боюнча иш эч качан кыскартылган эмес, ага мыйзам аркылуу жол берилбейт. Себеби кыздардын жашы жете элек болгондуктан алардын кызыкчылыгын мыйзамдуу өкүлүнөн сырткары мамлекет да колдойт", - деди Коңкубаева.

Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев буга чейин Жогорку сот ушуга окшош демилгелерге терс корутунду бергенин билдирди.

"Сот тутуму - укук колдонуучу орган. Кылмыш-жаза саясатын өкмөт түзөт, ал эми Жогорку Кеңеш мыйзамдарды кабыл алат. Эгер силер мыйзам кабыл алып берсеңер, биз соттук практиканы ошого ылайык жүргүзөбүз. Өз учурунда Жогорку Сот бул мыйзам долбоорлору боюнча терс корутунду берген. Анткени мыйзамдарды күчөтүү эч качан туруктуулукка алып келбейт деп эсептейбиз".

Мусаев депутат мисал келтирген конкреттүү иш боюнча материалдар менен тааныш эмес болгондуктан анын чоо-жайына баа бере албасын айтты. Ошондой эле азыркы мыйзамдар мындай жагдайларды жазаны жеңилдетүүчү өзүнчө негиз катары карабастыгын белгиледи.

Талкууга катышкан депутат Сүйүнбек Өмүрзаков да жыныстык кылмыштар боюнча мыйзамдарды катаалдаштыруу маселеси мурда коомчулукта көп талкууланганын эске салды. Анын айтымында, бир катар резонанстуу кылмыштардан кийин мыйзамдар күчөтүлгөн. Ошол учурда эле айрым депутаттар өтө катаал нормалардын кесепети оор болушу мүмкүн экенин айтып чыгышкан.

Сүйүнбек Өмүрзаков
Сүйүнбек Өмүрзаков

"Убагында комитеттин төрагасы катары мен да каршы пикиримди билдиргем. Бирок ошол учурда резонанстуу кылмыштар көбөйүп, коомчулукта кеңири талкуу жаралгандыктан, айласыздан бул мыйзам долбоорун кабыл алууга туура келген. Мен ошондо деле: "Бул мыйзам долбоору өтө катаал болуп калды, мындан көп адамдар жабыркайт" деп айткам".

Быйылкы жылдын алгачкы сегиз айында жашы жете элек балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү 266 кылмыш иши катталган. Алардын 228и сотко жөнөтүлүп, 30у боюнча тергөө уланууда. Бир кылмыш иши кыскартылган. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы мындай мүнөздөгү 444 кылмыш иши катталып, алардын 381и сотко өткөрүлгөн.

Ошондой эле былтыр зордуктоо фактысы боюнча 219 кылмыш иши катталган. Алардын 204ү сотко жөнөтүлгөн. Үч иш боюнча тергөө токтотулуп, кийин кайра жандандырылгандан кийин сотко өткөрүлгөн.

Парламенттеги жыйынга зордуктоого шектелип, камалгандардын жакындары да чакырылган.

Тахмина Куланбаева төрт жыл бою ыдык көргөнү айтылган 13 жаштагы кыздын өгөй атасынын бир тууганы. Ушул жылдын башында Куланбаеванын агасы “өгөй кызын зордуктаган” деп, 20 жылга эркинен ажыратылган. Ал жогоруда аталган беренелерге өзгөртүү киргизүү сунушу менен парламентке июнда, андан кийин, прокуратурага, президентке чейин кайрылган.

"Серийный кыздар деп коет, бир кыз бир канча баланы отургузган. Ошолор боюнча тапшырма берилген, эки айдан бери токтоп турат. ИИМге нааразылыгыбыз бар. Стамбул протоколу боюнча мен жеке факт менен кайрылгам, ишибиз эки айдан бери каралбай турат".

Абдибаеванын парламент сессиясындагы сунушунан кийин 30-сентябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы түшүндүрмө таратып, анда депутат 19-25 жаштагы көптөгөн жарандардын куру жалаа менен мыйзамсыз түрмөдө олтургандыгы тууралуу ата-энелеринен кайрылуулар арбын келип жатканын жүйө келтирип, аталган багыттагы мыйзамдарды карап чыгуу сунушун бергенин маалымдады.

"Бирок жыйында айтылган сунушта жашы жете элек балдарга ыдык көрсөткөндөр үчүн жаза-чараларын жеңилдетүү тууралуу маселе көтөрүлгөн эмес. Андан тышкары бул багыттагы мыйзам долбоору да каралган жок. Эл өкүлү Айсаракан Абдибаева бардык кылмыш иштери жазасыз калбашы керектигин, ошол эле учурда бирөөнү куруу жалаа, доомат менен жазалоого болбой тургандыгын белгилейт", - деп жазылат Жогорку Кеңеш тараткан маалыматта.

30-сентябрда "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, депутат Абдибаева балдары түрмөдө отурган ата-энелер ага июнда кайрылганын, аларды кабыл алып, маселеден чыгуу жолдорун чогуу издегенин айтты.

"Чындыгында бир да мамиле болбой туруп камалып кеткен балдар бар. Аларга ырайым берсек болот. Себеби кыздар айрым учурда тосмо арыз берип, "мен өзүм сүйлөшүм жүргөм" деген да учурлар болот. Мына ошондон улам бул сунушту берип атабыз. Жашы жете элек кыздар, бирок ошол эле учурда эркек балдарыбыз бар. Алар мындай ишке билип-билбей барып калган, адашып барып калган. Азыр түрмө толо биздин жаш балдар отурат. Алардын тагдырына ким жооп берет? Алардын укуктарын ким коргойт? Ооба, биз кыздарды коргошубуз керек, бирок ошол эле учурда балдарыбызды да коргошубуз керек".

Дагы бир депутат Илимбек Кубанычбеков мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушуна каршы чыгып, пикирин мындай деп түшүндүрдү:

"Зордуктоонун жазасы өзгөрүүсүз калыш керек. Баарыбызда уул-кыз бар. Мыйзам иштеген өлкө катары мен буга караманча каршымын. Кылмышкер кылганы үчүн сотто көрсөтүлгөн жазасын толук алышы керек. Педофилия адамдын эркине каршы аракет болуп эсептелет. Ошондуктан мыйзам чегинде жооп берүүсү кажет".

Бул маселе парламент комитетинде каралган соң коомчулукта кызуу талкууларды жаратты. Депутаттын демилгесин жашы жете электерге карата зомбулукка карата жазаны жеңилтетүү катары сынга алышууда.

Кыргызстанда балдарга зомбулук үчүн жоопкерчиликти күчөтүү сунушу бир нече жылдан бери көтөрүлүп келген. Дал ушундан улам парламент мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, жазаны катаалдаштырган. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында депутат болуп отурган кезинде мурдагы башкы прокурор Аида Салянова жашы жете электерге карата зордук-зомбулук боюнча жазаны катаалдаткан сунуш киргизип, ал колдоо тапкан.

Эми парламентте мындай жазаны жеңилдетүү маселеси каралышы туура эмес деген оюн Аида Салянова билдирди.

"Кайсы мамлекет болбосун, алар жазаны катаалдатуунун үстүндө иштеп келе жатышат. Себеби алар бул өтө оор кылмыш экенин билишет. Бул кылмышка кескин чаралар көрүлүшү керек. Мага түшүнүксүз болду бул сунуш. Эмнеге дегенде, биз өлүм жазасына чейин алып бара албайбыз, бирок, мыйзам боюнча жаза болушунча катуу болушу абзел. Бизде укук коргоо, сот органдары бар. Алар адамдын, өзгөчө балдардын укугун коргош керек. Бирок, тилекке каршы коргобой эле кордоп келген учурлар болгон. Соттук тажрыйбада болгон окуяларды алып карасак, 8,10,12 жаштагы кыздарды "өзү каалады" деп, эки тараптын коррупция коштолгон элдешүүсү менен зөөкүрлөрдү актап чыгарган. Бул эми акылы бар адамдын оюна келбейт. Кантип кичинекей бала ошону каалашы мүмкүн? Бирок соттор ошондой тажрыйбаны колдонуп келген".

Жашы жете электерге карата кылмыштарга жазаны катаалдаштыруу башка өлкөлөрдө да каралып келет.

Мисалы, Казакстанда 2024-жылы балдарга карата кылмыштар үчүн жазалар күчөтүлүп, жаш баланы зордуктаган адамдарды өмүр бою эркинен ажыратуу каралган. Өзбекстанда 2023-жылдан тартып айрым сексуалдык кылмыштар үчүн соттолгондорго балдар менен иштөөгө тыюу салынган. Ал эми 2024-жылы балдарды зомбулуктун бардык түрүнөн коргоо боюнча өзүнчө мыйзам кабыл алынып, 2025-жылы күчүнө кирген. 2026-жылы болсо сексуалдык кылмышка баргандар үчүн жүрүм-турумду өзгөртүүгө багытталган психологиялык коррекция чаралары киргизилип, 2027-жылдан тартып мындай иштерди атайын даярдыктан өткөн тергөөчүлөр жана соттор карайт деп пландалууда.

Кыргызстанда балдарга жана аялдарга карата зомбулук фактылары эң курч көйгөйлөрдүн бири. 2025-жылы Кыргызстанда 369 сексуалдык зомбулук фактысы катталганын. Расмий маалыматтарга караганда басымдуу бөлүгү зордуктоо. 137 зордуктоо фактысы, 16 жашка толо электерге карата сексуалдык мүнөздөгү 115 аракет, 43 зомбулук, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоого байланыштуу 20 факт жана башка кылмыштар катталган. Сексуалдык зомбулуктан 288 бала, 77 аял жабыркаган.

  • 16x9 Image

    Кундуз Кызылжарова

    "Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG