Reuters жергиликтүү бийликке таянуу менен дайынсыз кеткендердин 700дөн ашууну чет элдиктер экенин жазды. 177си Индиянын, 63ү АКШнын, 53ү Украинанын, 34ү Австралиянын жарандары. Мындан тышкары Улуу Британия, Канада, Германия, Түштүк Корея жана Жапониянын жарандары да бар.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги кырсык болгон аймакта 100 кытайлык жаран бар экенин жарыялады. Орусиянын Непалдагы элчилиги орусиялык төрт жаран байланышка чыкпай жатканын кабарлады.
Каза тапкандардын арасында индуист жана буддисттердин ыйык жери саналган Кайлас тоосу менен Манасаровар көлүнө зыяратка баргандар да бар экени кабарланды.
Издөө, куткаруу иштери уланууда.
Баштапкы маалыматтарга караганда, 26-августтагы күтүүсүз суу ташкынына эртең менен, жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 8:37де болгон жер титирөөдөн кийинки жер көчкү себеп болгон. Ылай аралашкан топон суу жээкке жакын жайгашкан имараттарды, адамдарды алып кеткен. Кырсык тартылган видеолордон ондогон кишилер топон суудан качып баратканын көрүүгө болот.
Кытайдын “Синхуа” агенттиги жабыркагандар көп экенин, алардын так саны аныкталып жатканын билдирди.
Дрон менен тартылган кадрларда сел жолдорду толугу менен талкалап, имараттар ылайдын астында калганын көрүүгө болот. Айрым жерлерде суунун агымы үйлөрдүн экинчи кабатына чейин жеткен.
Непалдын өзгөчө жабыркаган Нувакот аймагында сел ушунчалык тез келгендиктен, көпчүлүк тургундар коопсуз жерге чыгып кетүүгө үлгүргөн эмес.
Жоголгон туристтердин олуттуу бөлүгү Тибеттеги Кайлас тоосуна зыяратка бара жатышкан.
Кайлас индуизмде ыйык жерлердин бири болуп эсептелет жана жыл сайын ага Индиядан жана башка мамлекеттерден миңдеген зыяратчылар барат.
Непалдын Расува району Кайласка баруучу негизги туристтик маршруттардын биринде жайгашкан.
Дайынсыздардын арасында жергиликтүү тургундар да көп.
Непал полициясынын өкүлү Аби Нараян Кафле кеминде 28 полиция кызматкери дайынсыз экенин билдирди. Reuters буга чейин Расувадагы чек ара бекеттеринин бирин суу толугу менен агызып кеткенин кабарлаган.
Көпүрөлөр менен жолдор талкаланды
Непалдын чек арага жакын аймактарындагы инфраструктурага да олуттуу зыян келтирилди.
Расмий маалыматка ылайык, кеминде 19 көпүрөнү жана 40 чакырымга жакын жолду суу агызып кеткен. Бир нече айыл жана гидроэнергетикалык объектилер талкаланган.
Бхотекоши дарыясы шаршембиде таңкы саат тогуздар чамасында нугунан ашып, жолундагы калктуу конуштарды каптаган.
Тоолуу аймактагы жолдордун бузулушу куткаруу иштерин кыйындап жатат. Айрым жерлерге тик учактар да коно албай жатканы кабарланды.
Непал өкмөтү Кытай менен Индиядан жардам сурады.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Непалдын премьер-министри Балендра Шах менен сүйлөшүп, Дели зарыл болгон гуманитардык жардамдын бардык түрүн көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
БУУнун айрым түзүмдөрү да Непалга жардам көрсөтүүгө даярдык көрүп жатат. Уюмдун өкүлү Стефан Дюжарриктин айтымында, кырсыктан кийин гуманитардык жардамга муктаждык өтө чоң болушу мүмкүн.
Кырсыктын так себеби азырынча расмий аныктала элек
Алгач Непалдын расмий өкүлдөрү аймакта болгон жер титирөө мөңгүнүн кулашына түрткү берип, андан кийин сел жүргөн болушу мүмкүн деген божомолду айтышкан.
АКШнын Геологиялык кызматы башында Катмандудан 66 чакырымдай түндүктө, Кытай менен чек арага жакын жерде магнитудасы 4,4 баллга жеткен жер титирөө катталганын билдирген.
Непалдын Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана башкаруу боюнча улуттук мекемеси Planet Labs компаниясынын спутниктен тартылган сүрөттөрүн изилдеп, муз жана таш аралаш көчкү Лхенде дарыясына түшүп, андан кийин ылай, таш жана суу аралаш катуу агым пайда болгонун билдирген.
Кырсык болгон аймак акыркы 14 айдын ичинде экинчи жолу ири селге туш болуп жатат.
Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча адис Сасвата Саньялдын айтымында, бул жолку сел Непал тараптагы мөңгүдөн муз жана таш аралаш көчкү түшүп, дарыянын нугун убактылуу бөгөп калгандан кийин башталган.
Топтолгон суу тосмону жарып өткөндө төмөн жакка эбегейсиз көлөмдөгү суу, таш жана ылай бир учурда агып кеткен.
Ушул эле аймакта 2025-жылдын августунда да катуу сел жүргөн. Анда Тибеттеги мөңгү көлү абанын температурасынын жогорулашынан улам ташып, тогуз киши каза болгон. Непал менен Кытайды байланыштырган маанилүү көпүрө жана башка инфраструктура талкаланган.
Шерине