Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Ишкер Ташовдун иши: Жарыш сөз бүттү, чечим чыгары күтүлүүдө

Имамидин Ташов Бишкек шаардык сотунда. 16-июль, 2026-жыл
Имамидин Ташов Бишкек шаардык сотунда. 16-июль, 2026-жыл

мазмуну

  • Эки жарым жылдан бери абакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун доо арызы Бишкек шаардык сотунда ачык каралууда.
  • Бул иш боюнча шаардык сот жакын арада чечим чыгары күтүлүп жатат.

Ишке Имамидин Ташовдун иши боюнча Бишкек шаардык сотунда 16-июлда уланган жараянда тараптар жарыш сөзгө чыкты. Ишкер анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринен кыйноо көргөнүн билдирди.

Ишкер жана адвокаттар Биринчи май райондук сотунун аны 9 жылга кескен чечими бир тараптуу каралып, басым алдында кабыл алынган деген негизде шаардык соттон актоо чечимин чыгарууну өтүнүп жатышат. Прокурор соттон Ташовду тогуз жылга кескен өкүмдү күчүндө калтырууну өтүндү.

Шаардык сотко жеткен иш

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2025-жылдын 25-июлунда Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан. Ишкердин адвокаттары бул чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, иш экинчи инстанцияда каралууда. Бул боюнча жакын арада чечим чыгары күтүлүүдө.

Ташов 16-июлдагы соттук отурумда кыйноодон тышкары өзүнө козголгон иштин жагдайы тууралуу айтып берди. 2023-жылы октябрда өзүнө тиешеси жок жер тилкеси үчүн кармалганын, 52 миллион сомду кыйноо аркылуу өндүрүп алышканын билдирди. УКМКнын кызматкерлери андан тышкары 100 миллион сом талап кылганын жана аны бербегени үчүн ар кандай кыйноого кабылганын кошумчалады.

Ишкер Имамидин Ташовдун иши райондук сотко кайтарылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:45 0:00



Ишкер 2023-жылы 8-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту өзүн үй камагына чыгарган маалда эркиндикке чыкканы менен кызматкерлердин тыкыр көзөмөлүндө болгонун белгиледи:

"Үйгө чыгар маалымда, жакындарым мени күтүп жатканда абактагы кийим-кече менен кошо машинеге салып, Бишкек шаардык УКМКнын кеңсесине, башкача айтканда, ошол маалда ат үстүндө жүргөн Салмоор Жумабековдун кабинетине алып барышкан. Ар кандай коркутуулар менен, балдарыма, үй-бүлөмө кол салуу ыкмаларын айтып сестентип көрүшкөн. Өзүнүн буйрутмасы менен “бул кишини эркиндикте таштап койгонго болбойт” деп 24 саат бою УКМКнын эки кызматкери мени менен чогуу жүрдү. Абдырахманов проспектисиндеги "Хаят" мейманканасына алып барып мени бекитип жатышкан. Мындай мыйзамсыздыктар боюнча ошол маалдагы баш прокурор Курманкул Зулушевге бир эмес, бир нече ирет кайрылгам", - деди Ташов.

Ал мындай маалыматты 2024-жылы да айтып чыккан. Буга жооп иретинде УКМК 2024-жылдын январында билдирүү таратып, 100 миллион сом боюнча айыптоону четке каккан. Ташовдун бийликти басып алууга аракет кылганы боюнча ынанымдуу далилдер бар экенин белгилеген.



Имамидин Ташов биринчи кармалган кезде абакта кыйноого кабылганын адвокаттары аркылуу да коомчулукка ачыктаган. Расмий органдар анын дооматтарына комментарий берген эмес. Башкы прокуратура 2024-жылы анын арызы каралып жатканын билдирип, бирок жыйынтыгы ачык айтыла элек.

Кийин Ташовго издөө жарыяланып, 2024-жылы апрелде атайын кызмат ал кыргыз-казак чек арасын бузуп өткөндө кармалды деп маалымат берген.

Ишкер үй камагына чыккандан кийин өлкөдөн тышка чыкпаганын соттук отурумда дагы кайталады.

Актоочу тарап Биринчи май райондук сотунун чечими басым алдында кабыл алынган деп эсептейт. Алар сотто кылмыш иши боюнча материалдар бурмаланганын билдиришти.

Адвокат Рабига Садыкова: "Кылмыш ишиндеги маанилүү болгон айыптоо актысында материалдарды жасалмалоо байкалат. Мында Ташовго байланыштуу айтылганды кечээ сиз да көрдүңүз, урматтуу сот. “Президент Жапаров референдумдан кийин өз кызматын ээлеп турганы легитимдүү эмес” деп айтты дегени 3-томдун 45-бетинде жазылып турат. Мындай кызыл чектен ашкан куру айыптоо ыкчам кызматкерлер жана тергөөчүлөр тарабынан даярдалган бардык кызматтык документтерде кездешет. Кечээ иштин материалдарын карап жатканда биз буга ынандык. Бул жагдай кылмыш ишинин материалдарынын жасалмаланганын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери тарабынан кылмыштын белгилеринин бар экендигин тастыктайт. Бул албетте, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн негиз болуп саналат. Анда Ташов эмне дейт? Келгиле, кененирээк карап көрөлү. Айыптоо корутундусунун 3-томунда, 46-иш барагында Ташовдун: "Шайлоодон кийин Жапаровдун тарапташтары 70% ашык добуш алышты. Алардын добуштарын урматтап, мен саясий этиканы сактоону чечтим" деген сөзү келтирилген”.

Ташовдун энеси Саибжамал Абдыкаимова шаардык сот адилеттүү чечим чыгарат деп үмүттөнүп жатканын "Азаттыкка" билдирди:

“Баламды бошотот деп, сотто ыйлап отурдум. Жакшы чечимдерди күтүп жатам. Буга чейинки соттун чечими туура эмес болгон. УКМКнын балдары күч менен баарыбызды коркутуп, мылтыктары менен залда турган. 2,5 жыл уйку жок болду. 2 саат уктайсың, анан балаңды эстейт экенсиң”.

Бишкек шаардык сотундагы жараян 16-июль түштөн кийин да уланып, жарыш сөз аяктады.

Анда прокурор соттон райондук соттун Имамидин Ташовго чыгарган өкүмүн күчүндө калтырууну өтүндү.

Иш күнү аяктаганда жараян жыйынтыкталып, 17-июль, саат 12:00гө жылды. Эртең айыпталуучу акыркы сөзүн айтса, сот андан кийин өкүм чыгармакчы.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2025-жылдын 25-июлунда Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан.

Адвокат райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арыз жазган. Жактоочу иш райондук сотто каралып жатканда айыпталуучу тарап келтирген өтүнүчтөрдүн көбү канааттандырылбай калганын, жактоочуларга басым болгонун, айыпталуучу кыйноого кабылган жагдайлар эске алынбаганын белгилеген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовду 2024-жылы апрелде кармаган. Атайын кызмат ага чейин издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөндөн кийин Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган. Ишкер коюлган киненин баарын четке кагып келет.

Андан сырткары алдамчылык тууралуу берене менен козголгон бир канча иш тергелип жатканы белгилүү болгон. Ал кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып, өзүнө бир нече жолу кол салган жана ачкачылык кармаган.

42 жаштагы Имамидин Ташов негиздеген KG Group компаниясы 2010-жылдан соң Бишкекте көп кабаттуу турак жайларды куруп келген. Аталган үйлөрдүн айрым тургундары бул объектилерде көйгөйлөр бар экенин айтып чыгышкан. Ташов 2021-жылкы президенттик шайлоодо ат салышкан. Анда ал 17 талапкердин ичинен алтынчы болгон.


  • 16x9 Image

    Түмөнбай Абдинаби уулу

    Түмөнбай Абдинаби уулу "Азаттыктын" кабарчысы. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG