Министр буга чейинки жетекчи эмнеден улам иштен алынганын тактаган жок. Бул мекеме түзүлгөндөн тартып директорлору улам алмашып жатат жана өлкөдө соңку жылдары жаралган дары-дармек таңкыстыгы жоюла элек.
“Кыргызфармацияны” 2025-жылдын март айынан тартып финансы жаатында эл аралык тажрыйбасы бар Талант Султанов жетектеп жаткан эле. Түзүлгөндөн тартып жетекчилер улам алмашкан мекеменин директору кайрадан өзгөрдү.
Бул жолу өлкөнү дары-дармек менен камсыз кылуу милдети буга чейин Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болгон, Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген Болот Жунусовго жүктөлдү.
Министр Каныбек Досмамбетов мекеменин жаңы жетекчиси Болот Жунусовду жамаатка тааныштырып жатып тийиштүү каржылоо болсо дагы дары-дармек, медициналык препараттар менен камсыздоодогу, “Кыргызфармациянын” ишиндеги бир катар кемчиликтерден бейтаптар жабыркап жатканын билдирди.
"Азыркы кырдаалдын себептери тышкы факторго байланыштуу эмес, бул ички башкарууга байланыштуу маселелер. Тактап айтканда, начар менежмент, кызыкчылыктар кагылышы, айрым учурларда фармкомпаниялардын күмөн иштерине буга чейинки жетекчилердин түздөн-түз аралышканы”,-деди министр.
Кыргызстанда дары базарын көзөмөлдөө максатында “Кыргызфармация” ишканасы үч жыл мурда түзүлгөн. Анын иши шыр кетпей, өлкөдөгү дарыканаларда айрым дары-дармектерди алып келүүдө маселе жаралган. Андан бери ишкананын жетекчилери утур алмашып, тармактагы маселе толугу менен чечилбей жатканын адистер айтып келишет.
Мындай кырдаалдан эң оболу сейрек дары-дармектерге муктаж болгон бейтаптар жабыр тартып жатат.
Бишкек шаарынын тургуну Зарина Исмаилованын жети жаштагы уулунун талма оорусу бар жана ал баласына Түркиядан, Германиядан кымбат дары алдырууга аргасыз:
“Баламдын оорусуна байланыштуу бир топ дары алышыбыз керек. Бирок анын бирин дагы Бишкектен ала албайсың. Биз Европадан алып келип жатабыз. Мисалы, менин балам азыр Бишкекте сөзсүз болушу керек деген препараттардын бирин, Ламиктал деген дарыны ичип жатат. Ал өлкөдө жок. Талманы алдын алган Ривотрил деген дары да жок. Биз чет өлкөдөн Сабрил дарысын алып келебиз. Баары түшүнүктүү болушу үчүн айта кетейин, эгер балам бул дарыларды ичпесе анда анын саламаттыгы кескин начарлайт, талмасы күчөшү мүмкүн. Эсин жоготуп, комага түшүп калышы ыктымал деген коркунуч бар. Биз көйгөйүбүздү айтып Саламаттык сактоо министрлигине бир канча жолу бардык, азырынча эч нерсе өзгөргөн жок”.
Министрлик кезектеги жетекчини дайындоо менен тармакты жөнгө салууну көздөп жатат. Адистер бул маселенин түпкү түйүнүн чечүүгө аргасыз болуш керек экенин айтууда.
Фармацевтикалык бирикменин аткаруучу жетекчиси Алмаз Алтыбаевдин пикиринде, дары-дармек базарындагы монополия кризиске кептеди, буга чейин түзүлүп калган системаны ойрон кылды:
“Өлкөнүн баарын дары-дармек менен бир гана уюмдун камсыздашына аракет жасалгандыктан каатчылык жаралды. Жеке компанияларга дары-дармекти алып келишине мүмкүнчүлүк бергендин ордуна баарын чектөөлөрү, тоскоолдуктары көп бир мамлекеттик компанияга берип коюшту. Биздин оюбузча, кайсы гана компания болбосун, эч кандай каттоосу жок алып келе алган дары-дармектердин тизмесин жарыялап коюу туура болмок. Бул биздин базарларга, дистрибьюторлорго жол ачмак. Алар дары-дармекти расмий алып келе алышмак. Дагы бир маселе – азыр биздин базарларды көмүскө жол менен ташылган, баштыктарга салынып келген препараттар менен толтуруп жатышат. Башында "Кыргызфармация" эми түзүлгөндө анын идеясы жакшы болгон. Анда табууга кыйын болгон, жеке компаниялар алып келе албаган дарыларды алып келүү менен алектенет деп айтылган. Анан эле “Кыргызфармацияны” өзгөртө башташты. Ага эбегейсиз ыйгарым укук берип, монополистке айлантып салышты. Эми баары “сынып”, коррупциялык тобокелчиликтер пайда болду".
2021-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып өлкөдө фармацевтикалык мафия бар экенин айткан. Алар дары-дармек баасын атайылап жогорулатып келгенин билдирген.
2023-жылы мартта өкмөт “Кыргызфармацияны” мамлекеттик ишканасын түзгөн. Ошол жылы күзүндө ал кездеги министр Алымкадыр Бейшеналиев “Эл аман” атуу мамлекеттик дарыканалар ачууну сунуштаган жана мындай жайларда препараттар алда канча арзан болору айтылган.
“Азаттык” дары-дармек таңкыстыгынан улам жаралган көйгөйлөр, айрыкча оор дарты бар балдарын ата-энелери кабылган кыйынчылыктар тууралуу бир канча материал даярдаган.
“Кыргызфармацияга” жаңы жетекчи тандоодо, министр Досмамбетов белгилегендей, негизги талап анын фармкомпаниялар менен тааныш-билиштиги жоктугу болду.
Бул ишкананын жаңы директору Болот Жунусов 52 жашта, анын биринчи жогорку билими тарыхчы, кийинчерээк Орусиянын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияны аяктаган.
Жунусов Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болгон, өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп да иштеген.
Саламаттык сактоо министрлигине эки ай мурда келген Досмамбетов өзү да бул тармактын ичинен эмес, башка тармактан дайындалган кызматкер. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков саламаттык сактоо министри кызматына Каныбек Досмамбетов кандай жагдайда тандалганын түшүндүрүп, ал мурда УКМКнын коррупцияга каршы кызматындагы жетекчилердин бири болгонун, Жалал-Абад облусундагы башкармалыкты башкарып, кыска аралыкта аймактагы бардык тармактарды терең анализдеп, олуттуу реформаларды жүргүзө алганын айткан:
"Натыйжада мурда коррупциялык жол менен жеке колдорго өтүп кеткен мүлктөр мамлекетке кайтарылды, ишкерчиликтеги ири коррупциялык схемалар жоюлду, бизнес ээлери расмий каттоодон өтүп иштей баштады. Ошондой эле тоо-кен тармагындагы кен иштетүү көзөмөлгө алынып, тартип орнотулду. Инвесторлорду тартуу аркылуу социалдык имараттарды курууда салымы чоң. Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тармагы да терең реформага, олуттуу өзгөрүүлөргө муктаж. Ушул себептен улам буга чейин өзүн реформатор жана мыкты менеджер катары көрсөтө алган Досмамбетов министр болуп тандалды. Айрым сынчылар арасында “өзү врач болбосо кантип саламаттык сактоо министри болот?” деген пикирлер айтылышы мүмкүн. Бирок анын орун басарлары тармакты мыкты түшүнгөн, медицина системасында көп жылдан бери иштеген адистер болот. Ал эми Досмамбетов жетекчи катары саламаттык сактоо тармагында узак убакыттан бери түзүлүп калган коррупциялык схемаларды жоюп, тартип орнотууга негизги басым жасайт".
Шерине