Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

УКМК аткезчилик менен алып келинген дарылар сакталган кампа табылганын билдирди


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстанга аткезчилик менен ташылып келген дары-дармектерди сатуу боюнча мыйзамсыз схеманын бети ачылганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматында 11-сентябрда Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан кампада тинтүү жүргүзүлүп, Европа жана КМШ өлкөлөрүнөн алып келинген көп көлөмдөгү дары-дармек каражаттары табылган. Тергөөдө кампа уруксат кагаздары жок иштетилип келгени аныкталган.

Сөз болуп жаткан кампадан алынган дары-дармек табылган 10 дарыкананын ишмердүүлүгүнө чектөө коюлуп, дарылар Ош шаарына жана Ош облусуна, Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарына, Жалал-Абад шаарына чейин жеткирилгени такталды.

Дарыканаларды тинткенде күчтүү таасир берүүчү психотроптук дары-дармек колдонуу боюнча рецепт кагаздарынын жана дарыгердин көрсөтмөсү жок сатылып жатканы белгилүү болгон.

Аларды мыйзамсыз ташып келүүгө шек саналып 52 жаштагы (Б.Г.Ж) шектүү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ушул тапта бул ишке тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG