Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:29

"Манас" аэропортунда тумандан улам айрым учак каттамдары үзгүлтүккө учурады


“Манас” эл аралык аэропорту. Архивдик сүрөт.
“Манас” эл аралык аэропорту. Архивдик сүрөт.

"Манас" эл аралык аэропортунун сайтында көрүнүп тургандай, Бишкектен Анталия, Казан жана Шарм-эл-Шейх шаарларына кетүүчү таңкы учак каттамдары кармалды. Казанга учуунун убактысы жылдырылса, калган эки шаардыкы дале кармалып турат.

“Кыргызстан аэропорттору” компаниясынын басма сөз кызматы жүргүнчүлөргө өз каттамын тактап, жаңыланган маалыматтарды карап туруу сунушталганын билдирүүдө.

Эки күн мурун да ушул эле аба майданда тумандан улам төрт учак каттамы токтотулган.

"Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасынын директору Манасбек Самидинов мурдараак "Манас" аба майданында III категориядагы (CAT III) жарык белги берүүчү система орнотулуп жатканын, мындан улам туманда да учактар конуп-уча берерин билдирген. Компаниядан такташкандай, авиакомпаниялардын айрым учкучтары бул системага толук туташа элек.

Декабрда Москва-Бишкек багытындагы учак "Манас" аэропортуна коно албай, Ысык-Көлдөгү Тамчы аба майданына конгондо жаңжал чыкканы тартылган видеолор тараган. Анда айрым жаалданган жүргүнчүлөр абалга нааразы болуп, компьютер өңдүү техниканы талкалап салганы айтылган. Аэропорттун жетекчилиги бул окуяга байланыштуу жергиликтүү милицияга кайрылган жана келтирилген зыянды төлөтүп алуу үчүн иликтөө башталганы маалым болгон. (ErN)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG