Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) чакырылып, кызматкерлер менен аңгемелешип келгенин журналист Эрнис Кыязов өзү Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал аңгемелешүү учурунда кызматкерлер күлүп-жайнап мамиле кылып, өлкөдө туруктуулукту сактоо зарыл экенин айтышканын билдирди.
"Ныпым оройлук жок. Буга чейинки журналисттик ишмердигимде мыкты профессионалдуу иштеримди алкап макташты. "Тээ качанкы бир кездерден бери көрсөтүүлөрүңүздү көрүп урматтаган журналистсиз..." дешкенде магдырай эле түштүм. Анан саал өзүмдү жыйып "...ошондо, каалаганыңар эмне?"десем. "Стабилдүүлүк"-дешти. Аябай таң калдым. Анткени менин да каалаганым стабилдүүлүк болчу да", - деп жазды Кыязов.
УКМК Эрнис Кыязовдун аңгемелешүүгө чакырылганы тууралуу маалымат бере элек.
Эрнис Кыязов өзүнүн Ютуб-каналында түрдүү адамдар менен маек-подкаст жарыялап келет. Анын акыркы маектештеринин бири - Каржы полициясынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев менен маек-подкасты коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Жапыкеев маек учурунда Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жакпастыгын айтып, улуу жазуучунун чыгармаларын “беш тыйындык бирдемелер” дегенине нааразы пикирлер соцтармактарда арбын жазылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште да депутаттар айтып чыгышты.
Журналист Эрнис Кыязов буга чейин 5-каналда башкы директор, “Кыргыз Руху” гезитинде, КООРТ ТВда, НТС телеканалында жана Жогорку Кеңештин аппаратынын маалымат бөлүмүндө жооптуу кызматтарда иштеген. КТРКда директордун орун басары, ЭлТР каналында башкы продюсер, ОшТВ телеканалында директор болуп эмгектенген. Автордук “Багыт” программасы менен таанымал.(ZKo)
Шерине