Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Чатыр-Көл кинотеатрынын имараты Бишкек мэриясына өткөрүлөт


"Чатыр-Көл" кинотеатры. Архив.
"Чатыр-Көл" кинотеатры. Архив.

Министрлер кабинети Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине Бишкектеги "Чатыр-Көл" кинотеатрынын имаратын 40 сотых жери менен кошо борбор калаанын муниципалдык менчигине өткөрүп берүүнү тапшырды.

Министрлер кабинетинин бул тууралуу токтомунда жазылгандай, кинотеатрдын ордуна балдар жана кары-картаңдар үчүн кызмат кылуучу социалдык мекеме тургузулат. Чечим элдин жашоосун жакшыртуу, балдарга жана улгайган адамдарга жеткиликтүү социалдык кызмат көрсөтүү максатында кабыл алынганы кабарланды.

“Чатыр-Көл” кинотеатры 1967-жылы курулган.

Мыйзамсыз менчиктештирилгени айтылган кинотеатр 2010-жылы мамлекеттин карамагына алынып, “Учур” театрына берилген. 2012-жылы Бишкектин менчигинен алынып, ал кездеги Маданият жана туризм министрлигине өткөрүлүп берилген.

Оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөн имаратта бир нече жолу өрт чыккан. Акыркы жолу былтыр ноябрь айында күйүп кеткен соң, мэрия аны өз карамагына алары белгилүү болгон. (ZKo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG