Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Орусиялык укук коргоочу аял беш жылга сыртынан кесилди


Светлана Анюхина пикетте. Махачкала, Дагестан. (архив)
Светлана Анюхина пикетте. Махачкала, Дагестан. (архив)

Орусияда Махачкаланын Совет райондук соту "Марем" укук коргоо уюмунун негиздөөчүсү Светлана Анюхинаны орус армиясы тууралуу "жалган маалымат тараткан" деп айыптап, сыртынан беш жылга эркиндигинен ажыратты. Бул тууралуу APUS долбоору жазды.

Укук коргоочунун соттолушуна анын орусиялык аскерлердин Украинанын Буча шаарындагы 2022-жылы мартта кылгандары тууралуу Инстаграмга жазганы себеп болгон.

Анюхина өзү учурда Орусияда эмес.

"Марем" укук коргоо уюму Түндүк Кавказдагы аялдарга үй-бүлөлүк зомбулуктан качууга көмөктөшүп келген. Алардын жардамын акыркылардан болуп 21 жаштагы Айна Манкиева алган. Үйүнөн сегиз ай мурун качып чыккан Айна жакында Москва полициясына үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын билдирген соң Ингушетияда анын туугандарына карата кылмыш иши козголгону кабарланган.

Буча кыргынында, жалпысынан бул аймак орус аскерлеринин оккупациясында турган 33 күндө 1400дөн ашуун жайкын тургун өлтүрүлгөнүн өлкө президенти Владимир Зеленский 2023-жылдын март айында билдирген.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG