Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:32

Одессада Орусиянын соккуларынан кийин 30 миңден ашуун киши электрсиз калды


Одессада Орусиянын чабуулунан кийин көп кабаттуу үйлөр электрсиз калды. 19-январь, 2026-жыл.
Одессада Орусиянын чабуулунан кийин көп кабаттуу үйлөр электрсиз калды. 19-январь, 2026-жыл.

Орусиянын куралдуу күчтөрү 19-январга караган түнү украин жергесине 145 учкучсуз аппарат менен чабуул койду, алардын көпчүлүгү асманда жок кылынды. Украин армиясы билдиргендей, 12 жерде дрондор бутага тийип, дагы беш аймакка атылган аппараттардын калдыктары кулады.

Одесса облусунун аскердик администрация башчысы Олег Кипер билдиргендей, дрондор турак жай, энергетика, газ тармактарына зыян келтирди. Бир көп кабаттуу үй бутага алынды. Облустун мамлекеттик энергетикалык башкармалыгы 30800дөй киши электрсиз, жылуулуксуз калганын эскертти. "Тармакка олуттуу зыян келтирилгендиктен, оңдоп калыбына келтирүү иштерине бир топ убакыт талап кылынат," - деп айтылат компания тараткан билдирүүдө.

Дүйшөмбүдө эртең менен атылган ракеталардан Харьков шаарынын инфраструктурасына зыян келтирилди. Соңку күндөрү өлкөнүн бир катар аймактарында энергетикалык объекттер бутага алынгандыктан, 19-январда бир канча облуста, анын ичинде Днепропетровск облусунда электрди убактылуу жапырт өчүрүп үнөмдөө режими киргизилди. Украинанын энергетика тармагына соңку чабуулдар олуттуу кыйроо алып келгендиктен, айрым райондордо электрди өчүрүү 10-12 саатка созулушу мүмкүн экени эскертилди.



Шерине

 

XS
SM
MD
LG