Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Иран: Митингде каза болгондор саны өстү, интернет өчүрүлдү


Иран. 8-январда тартылган сүрөт.
Иран. 8-январда тартылган сүрөт.

Иранда өкмөткө каршы акциялар уланууда. Экономикалык каатчылыкка каршы чыккан демонстранттар саясий ураандарды да чакырып жатышат. Бийлик “сырттан уюштурулган кутумга” катышкандар жазаланарын эскертүүдө.

АКШнын Венесуэладагы аскердик операциясынан кийин ушундай эле сценарий Иранда да кайталанышы мүмкүнбү деген суроо байма-бай талкууланып жатат. 12 күндөн бери уланып келаткан нааразылык акцияларында ондогон адамдын өмүрү кыйылганы, миңдеген киши кармалганы, интернет жапырт өчүрүлүп жатканы кабарланууда.

9-январда Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи элге кайрылуу жасап, митингчилерди АКШнын президенти Дональд Трамптын атынан аракеттенүүдө, мамлекеттик мүлккө кол салууда деп айыптап, “чет өлкөлүктөргө жалданган адамдарга каршы чара көрүлөрүн” эскертти:

"Кечээ кечинде козголоңчулар менен вандалдардын тобу мамлекетке, элдин өзүнө таандык имаратты талкалап кетишти. Алар жөн гана америкалык президентке жагууну көздөгөн".

Хаменеи Трампты “өз өлкөсү менен алектенүүгө” үндөдү.

Акциялар тутанганда АКШнын президенти Дональд Трамп коопсуздук күчтөрү ок ачса демонстранттарга жардам жөнөтөрүн эскерткенден кийин Тегеран Вашингтон кийлигише турган болсо анын арты бүтүндөй регионду бейстабилдүүлүккө батырат деген жообун кайтарган.

8-январда америкалык лидер Иран бийлиги акцияга чыккандарга каршы күч колдонууну уланта берсе Вашингтон кийлигишиши мүмкүн деген эскертүүсүн кайталаган.

Ошол эле күнү АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Ирандагы тынч митингчилерге колдоосун билдирди:

"Биз, албетте, тынч нааразылык акцияларына катышкандарды, жарандардын тынч чогулуу укуктарын коргоп, өз үнүн жеткирүүнү көздөп чыккандарды колдойбуз. Иран режиминин маселелери көп экени айкын. Өз укуктарын коргогон дүйнөдөгү, анын ичинде Ирандагы элди колдойбуз".

8-январда социалдык тармактарга чыккан видеолордон өлкөнүн түндүгүндө демонстранттар Ислам жумуриятынын желегин айрып салганын көрүүгө болот. Рейтер агенттиги ал качан тартылганын аныктай албаганын, Ирандын мамлекеттик медиасы ал окуя Мешхед шаарында болгонун кабарлашууда.

Буга чейин айрым жерлерде акциялардын катышуучулары менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуулары болгону, тартип коргоочулар ок чыгарып, жаш агызуучу газ колдонгону маалымдалган.

Үч жылдан бери Иранда мындай ири толкундоолор боло элек эле.

Шаршембиде Абданан шаарында 300дөй киши тынч акцияга чогулушканын жарым-жартылай мамлекеттик Тасним агенттиги маалымдады.

Ошол эле күнү Ирандын Жогорку сотунун төрагасы Голям Хоссейн Мохсени Эжеи “тоз-тополоңдорго катышкан, аларды жетектеген же колдоп, көмөктөшкөндөргө каршы чара көрүлөрүн” эскертти:

“Өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткан ошол адамдарды эч нерсе актабайт. Алар Ислам жумуриятынын душмандары менен кутумга барып жатканы ачык-айкын болуп калды”.

Бул жолку акциялар 28-декабрда Тегерандагы базарда иштеген соодагерлер улуттук валюта – риалдын куну качышын айыптап чыкканда башталган. Демонстрациялар өлкөнүн башка аймактарына жайылып, экономикалык каатчылыкка, инфляциянын өсүшүнө нааразы болгон эл көчөлөргө агылган. Кээ бир жерлерде саясий жана социалдык эркиндиктерди талап кылган, диниятчылар режимине каршы ураандар жаңырып турду.

Бийлик экономикалык маселелер бар экенин моюнга алганы менен башаламандыкка шыкактоо үчүн “чет мамлекеттер менен байланышы бар түйүндөрдү” айыптады.

Ирандын маалымат каражаттары 8-январда жазганына караганда, президент Масуд Пезешкиан улуттук акчаны жана банк системасын стабилдештирүү чаралары көрүлөрүн убада кылды. Ал ошондой эле жергиликтүү бизнесмендерге бааларды көтөрбөөнү эскертти жана бийлик субсидия берүү тармагында реформа жүргүзүп жатканын билдирди.

Ошол саясатка ылайык, ирандыктарга айрым дүкөндөрдө азык-түлүк сатып алуу үчүн айына 7 доллардан бөлүнүп турмакчы. Бул чаралар тууралуу жарыялангандан кийин өсүмдүк майы, жумуртка өңдүү кээ бир негизги азыктарга баалар кескин өсүп кетти.

Бирок Эззатти аттуу жергиликтүү тургун өкмөттүн демилгелеринен майнап чыгарына ишенбейт:

“Бул пландын, кымбатчылыкты эске алганда, абалыбызды оңдооруна көзүм жетпейт. Ошол эле маалда жардамга чындап муктаж, колунда жок адамдар 7 доллар менен тамак-ашынын кайсы бир бөлүгүн жаба алат. Бары бир, менимче, пайдасы анча тийбейт”.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Иранда бийлик нааразылык акциясына чыккандарга күч колдонуп, атып жатканын билдирүүдө. Кеңсеси Норвегияда жайгашкан Iran Human Rights (IHR) уюму азыркы митингдер башталгандан бери Ирандын күч кызматкерлери кеминде 45 кишини өлтүргөнүн, алардын сегизи өспүрүмдөр экенин, 7-январь эң кандуу күн болгонун, анда 13 кишинин өлүмү тастыкталганын, 2 000ден ашуун адам камакка алынганын жарыялады.

AFP агенттигинин маалыматына караганда, бийлик жана жалпыга маалымдоо каражаттары акциялар башталган күндөн бери кеминде 21 адамдын өлүмү катталганын, арасында күч кызматкерлери да бар экенин билдирди.

Netblocks онлайн уюмунун 8-январдагы маалыматында "түз эфирдеги көрсөткүчтөр Иран азыр Интернет жапырт өчүрүлгөн абалда турат" деп айтылды.

Human Rights Activists News Agency маалымат агенттиги акциялар Ирандын бардык 31 провинциясынын 348 жеринде өткөнүн жазды.

Көз карандысыз булактар курмандыктар боюнча санды өз алдынча текшерүү мүмкүн болбогонун бегилешет. Ал эми Ирандын бийлиги демонстранттардын өлүмү тууралуу маалымат бербестен, коопсуздук күчтөрүнүн эки кызматкери каза тапканын, ондон ашууну жараат алганын билдирди.

Былтыр жайында Израил менен АКШнын өзөктүк жайларга урулган соккуларынан кийин ансыз да жылдардан бери санкциялардан жабыркап келаткан Ирандын экономикасы оор абалга кептелди.

Батыштын Ислам жумурияты атомдук куралдын үстүнөн тымызын иштеп келатат деген айыптоосун Тереган четке кагууда.

Пентагондун мурдагы кызматкери, American Enterprise институтунун изилдөөчүсү Майкл Рубин “Фарда” радиосуна курган маегинде Иранда демократиялык өзгөрүүлөргө жакын арада күбө болобуз деген ойдон алыс:

"Эмне дегенде Ирандын өзүндө демократиялык өзгөрүүлөргө жолтоо болгон күчтөр көп. Ошол күчтөрдүн колунда азыркы тушта ресурстардын көбү топтолгон, жакшыраак куралданган. Иран тарыхын алып карасаңар, демократиялык күчтөргө жеңиш үчүн абдан көп убакыт талап кылынган. Максаттарына жеткиче уюшулган контрреволюцияга туруштук берүүгө туура келген... Балким Иранда ыңкылапка күбө болуудабыз. Адатта Тегерандын базары жабылган сайын кадыресе нааразылык акциялары маанилүү окуяга айланат. Ал жай абдан консервативдүү жана динчил район. Айтайын дегеним, азыркы демонстрацияларды өлкөнүн жогорку көсөмү бир кездери тарапташтары деп эсептеген адамдар башкарып жаткандыр".

Кошмо Штаттар Венесуэлада аскердик операция жүргүзүп, президент Николас Мадурону кармап кетсе да ал өлкөдөгү режим алмашкан жок. Ал окуялардан кийин ушундай эле сценарий Иранда да кайталанышы мүмкүнбү деген суроо байма-бай талкууланып жатат. Майкл Рубин андай ыктымалдыкты жокко чыгарбайт.

Тегеран Ак үйдүн соңку аракетин көз карандысыз өлкөнүн улуттук суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн бузуу деп кескин айыптаган.

Ал ортодо 8-январда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегеран Вашингтон менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин, бирок диалог “бири-бирин жана кызыкчылыктарын урматтоого негизделиши керек” деп билдирди. Муну менен катар министр АКШ согушту көздөсө Ислам жумурияты ага да даяр турарына басым жасады.

Теннесси университетинин доценти Саид Голкар бул толкундоолор "экономикалык нааразычылыктардан улам чыкканы менен анын түпкү себеби режимдин басымчыл саясаты, идеологиясы жана жөндөмсүздүгүндө" экенин жазган.

Ал эми Берлинде жайгашкан Жакынкы Чыгыш жана глобалдык тартип борборунун негиздөөчүсү Али Фатхолла-Нежад 30-декабрда белгилегендей, Ирандагы акциялардын себеби "валютанын арзандашы, суу жана электр энергиясынын тартыштыгы, күйүүчү майдын кымбатташы, инфляциянын гиперинфляцияга жакындашы, экологиялык кыйроо сыяктуу кризистер чогулуп калышында".

Махса Амининин өлүмү: Иранды толкуткан окуя
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:49 0:00

Ирандагы азыркы толкундоолор 2022-жылдын сентябрынан берки эң ири нааразылык акциялары боллууда. Анда 22 жаштагы ирандык студент Махса Амининин өлүмүнөн кийин ири толкундоолор тутанган.

Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбади 1-январда "Фарда" радиосуна курган маегинде "Акыркы нааразылыктар бир чындыкты ачык көрсөттү. Көптөгөн ирандыктар азыркы түзүлүш өлкөнү толук кыйратканга чейин, кандай гана баа менен болбосун, мүмкүн болушунча тезирээк кетиши керек деп чечишти" деген пикири менен бөлүшкөн.

Экономикалык кысым, 50 пайыздан ашкан инфляция жана иран риалынын кескин арзандашы учурда Иран коомун түп-тамырынан солкулдатып жаткан негизги факторлор бойдон калууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG