Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:37

Иран: Риалдын куну качты, көчөгө чыккандар полиция менен кагылышты


Тегерандагы нааразылыктын катышуучулары, 29-декабрь, 2025-жыл
Тегерандагы нааразылыктын катышуучулары, 29-декабрь, 2025-жыл

Иранда улуттук валютанын куну кескин түшкөнүнөн жана инфляцияга байланыштуу кооптонуулардан улам нааразы болгондор экинчи күнү катары менен баш калаанын көчөлөрүнө чыгышты. Күч органдары көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, демонстранттар менен кагылышты.

29-декабрда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун "Фарда" кызматы Тегерандын борборуна топтолгон адамдар экономикалык кыйын кырдаалды жана өкмөткө каршы ураан-чакырыктарды кыйкырып чыгышканын жазды. Борбордо турган Чоң базардагы соодагерлер дүкөндөрүн жабышты.

Эл аралык санкциялардан улам өлкөнүн экономикасы кыйын кырдаалга кабылып, Ирандын улуттук валютасы - риалдын куну түштү.

Борбордук банктын башчысы кызматтан кетти

Иран медиасы соңку нааразылыктан улам Борбордук банктын башчысы Мохаммад Реза Фарзин кызматтан кеткенин кабарлады.

Президент Масуд Пезешкиандын өкүлү 2022-жылдын декабрынан бери башкы банкты башкарган Фарзиндин ордуна мурунку экономика министри Абдолнасер Хеммати барарын билдирди. Аны парламент мартта иштен бошоткон.

Иранда бейрасмий базарда 1 АКШ доллары 1,4 миллион риалга сатылууда. Былтыр 1 доллар 800 миң риал эле. Расмий жайларда курс мындан пайдалуу болгону менен калың калк жана компаниялар андай жерлерден колдоно албайт.

Көптөгөн дүкөндөр жабылып, соодагерлер нааразылык билдирип, демонстранттарга кошулуп кетти.

"Диктаторго өлүм"

Көчөгө чыккандар "диктаторго өлүм" деп кыйкырышты. Бийликке нааразылардын мындай урааны 2022-жылы Иранды солк эттирген "Аял, жашоо, эркиндик" деген элдик толкундоодо да жаңырган.

Өлкөнүн ичинде тартылган видеолордо демонстранттар менен коопсуздук күчтөрү кагылышканы, элди таратуу үчүн желим союлдар колдонулуп, көздөн жаш агызуучу газ чачылганы көрүнөт.

Бул жолу Ирандын мамлекеттик маалымат кызматтары дагы адаттан тышкары иштеп, радио, телевидение нааразылык акциялары тууралуу кабар таратты.

Fars маалымат агенттиги Тегерандын бир катар райондорунда акциялар өтүп, чогулгандар саясий ураан-чакырыктарды кыйкырышканы тууралуу кабарлады.

Ислам революциясынын сакчылары менен байланыштагы агенттик "мындай жыйындар башаламандыктардын очогуна айланып кетиши ыктымал" деп баалап, "коопсуздукка коркунуч" жана "дестабилдештирүү" тууралуу эскертти.

ISNA маалымат агенттиги акча алмаштыруучу жайлар олку-солку кырдаалдан улам жабылганын кабарлады.

"Көпчүлүк жайлар акчанын курсунун кескин секиригинен улам валюта базары дээрлик жабылганына тынчсыздануусун билдиришти", - деп маалымдады.

Ички иштер министринин орун басары Али Акбар Пуржамшидиан ISNA агенттигине соодагарлерди "сабырдуу, токтоо болуп, базардагы абалды андан ары курчуткан психологиялык операцияларга жол бербөөгө" үндөдү.

28-декабрда Ирандын статистика мекемеси инфляциянын деңгээли 52% жеткенин жарыялады. Ушул эле күнү президент Пезешкиан мамлекеттик бюджеттин долбоорун парламентке сунуш кылып, инфляцияны жана жашоо-турмуштун кымбаттап баратканын токтотууга убада берди.

Ирандын экономикасы АКШнын жана Улуттар Уюмунун санкцияларынан улам кыйын кырдаалга кептелди. Тегеран өзөктүк программасы боюнча Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдү жандантуудан жана Эл аралык атомдук энергия боюнча агенттик менен кызматташуудан баш тарткан соң санкциялар кайра күчөтүлгөн.

Сентябрда Улуттар Уюму санкцияларды кайра калыбына келтиргенден кийин "Фарда" радиосунун угармандарынын бири Иранда инфляция "көзөмөлдөн чыкканын" айткан.

Дагы бир угарман "эл топтогон акчасын кантип сактоонун жана сарптоонун жолун өзгөртөт. [Инфляциянын] айынан алтын жана доллар базарына басым күчөйт” деген эле.

Шерине

XS
SM
MD
LG