Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

New York Times Кыргызстанды саякаттоо сунушталган жерлердин тизмесине кошту


Кыргызстан. Евгений Дубинчуктун сүрөтү
Кыргызстан. Евгений Дубинчуктун сүрөтү

The New York Times басылмасы "2026-жылы саякаттай турган жерлердин" тизмесине Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорун кошту. Макалада өлкөнүн чыгышынан батышына чейин созулуп, Теңир-Тоону аралап өткөн багыт сунушталат. Жалпы узундугу 1 243 чакырымды түзгөн бул жолду басылманын Travel бөлүмүнүн редакторлору Борбор Азиядагы эң таасирдүү жөө жүргөнгө ылайыктуу деп мүнөздөшөт.

Негизги кооз жайлардын катарында Көл-Суу көлү, XV кылымда курулган Таш-Рабат кербен сарайы, ошондой эле Саймалуу-Таш аймагы бар.

Редакторлор аймакка июндан сентябрга чейин саякаттоону сунушташат. Алар белгилегендей, бул маалда ашуулар ачылып, тоо көлдөрү тоңо элек болот.

The New York Times басылмасынын журналисттеринин баамында, бул маршрут жаратылышты, тарыхты жана көчмөндөрдүн мурасын бириктирген, 2026-жылы сөзсүз көрүүгө тийиш болгон багыттардын бири.

Быйылкы тизмеге Борбор Азиядан бир гана Кыргызстан илинген.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG