Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Сирия бийлиги Алепподо күрт күчтөрү менен атышууну токтотуу режимин жарыялады


Ички иштер министрлигине караштуу коопсуздук күчтөрү Алепподо салгылашуулардан кийин өз карамагына алышкан Ашрафия районунда күзөттө турушат. 9-январь, 2026-жыл.
Ички иштер министрлигине караштуу коопсуздук күчтөрү Алепподо салгылашуулардан кийин өз карамагына алышкан Ашрафия районунда күзөттө турушат. 9-январь, 2026-жыл.

Сириянын Коргоо министрлиги 9-январда өкмөттүк күчтөр менен күрт кошуундарынын ортосунда бир нече күнгө созулган кандуу кагылышуулардан кийин Алепподо ок атышууну токтотуу чечими кабыл алынганын билдирди.

Соңку куралдуу жаңжал кеминде 21 адамдын өмүрүп алды, миңдеген тургундар жер которууга аргасыз болду.

Бул Сириянын мурдагы башчысы Башар Асад бийликтен кулатылгандан берки эң ири куралдуу кагылышуу болуп калды.

АКШ колдогон, өзүлөрүн Сириянын демократиялык күчтөрү (SDF) деп атаган күрт кошуундары Сириянын мунайга бай түндүк жана түндүк-чыгыш аймактарынын кеңири бөлүгүн көзөмөлдөйт. Бул кыймыл 2019-жылы өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топту кыйратууда чечүүчү роль ойногон.

Өлкөнүн экинчи чоң шаары Алепподогу соңку жаңжал үчүн тараптар бири-бирин айыпташкан.

"Коргоо министрлиги Алеппонун Шейх Максуд, Ашрафия жана Бани Зейд райондорунун аймагында саат 03:00дөн тартып ок атышууну токтотуу режимин жарыялайт", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Күрт жоокерлерине жума күнү саат 09:00гө чейин бул аймактардан чыгып кетүү талабы коюлган.

AFP агенттигинин кабарчысы бейшемби күнү кечке чейин күрттөр көп жашаган Ашрафия жана Шейх Максуд райондорунда катуу салгылашуулар болгонун билдирди.

Сирия армиясы операция башталар алдында бул райондордун тургундарына гуманитардык коридорлор аркылуу чыгып кетүүнү эскерткен.

Мамлекеттик телеканалдын маалыматына ылайык, болжол менен 16 миң адам үйүн таштап кетүүгө мажбур болгон.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG