Казакстанда Атырау облусунда жубайлардын каза болушуна байланыштуу 29 жаштагы шектүүгө издөө жарыяланды. Бул тууралуу аймактык полицияга таянып "Казинформ" агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, шектүү катары Атырау облусунун Жангелдин айылынын тургуну таанылган. Полиция ошондой эле бул окуяга башка адамдардын катышы бар-жогун да текшерип жатат.
25-декабрда Атырау облусунда жергиликтүү тургун полицияга кайрылып, бир тууганы Максот Карабалин жана жубайы Насип Утешкалиева эки баласы менен дайынсыз жоголгонун билдирген. Анын айтымында, алар менен бир айдан ашуун убакыттан бери байланыш үзүлгөн.
6-январда жубайлардын сөөгү өз үйлөрүнүн короосундагы сарайдан табылып, 8-январда Жангелдин айылында жерге берилди.
Полиция үй-бүлөнүн дагы эки мүчөсүн издөө иштери улантылып жатканын маалымдады.
Мындан тышкары, укук коргоо органдары бул үй-бүлөнүн кызы менен күйөө баласы Өзбекстанга, андан ары башка өлкөгө чыгып кеткенин аныктаганын билдиришти.
Издөө жарыяланган адам дал ошол үй-бүлөнүн күйөө баласы экени айтылууда.
Шерине