Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:02

Президент Жапаров 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасы толук аткарыларын айтты


 Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров жыл жаңырар алдында кыргызстандыктарга жолдогон куттуктоосунда 2025-жылы аткарылган иштердин айрымдарына токтолду.

Бул жылы чек аралар биротоло такталып, демаркация иштеринин негизги бөлүгү аяктаганын эске салды.

"Чек аранын толугу менен чечилиши — мамлекеттин коопсуздугу менен көз карандысыздыгынын бекем кепилдиги жана өлкөбүздүн туруктуу өнүгүшүнүн эң башкы фактору! Мурда өлкөбүзгө инвестор келсе экен деп самап келсек, бүгүн кайсы инвестордун шарты мамлекет үчүн пайдалуу экенин тандаган деңгээлге жеттик. “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу, “Камбар-Ата-1” ГЭСи, “Ала-Тоо резорт” туристтик комплекси сыяктуу ири долбоорлорго дүйнөлүк ири инвесторлордун кызыгуусу – мунун айкын далили", - деди Жапаров.

Ал өткөн жылда "Кыргызстандын эл аралык аброю андан ары жогорулады" деп билдирди.

"Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйыны сыяктуу маанилүү эл аралык иш-чараларды бийик деңгээлде өткөрүп, мурда дипломатиялык алака-катышыбыз жок бир катар мамлекеттер менен кызматташтыкты жолго койдук. Жогорку Кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоонун тынч, ачык жана адилет өтүшү — өлкөдө туруктуулук толук орногонун көрсөткөн олуттуу саясий жетишкендик болду. Биз быйыл “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын” кабыл алдык жана аны толугу менен аткарабыз", - деп айтылды президенттин куттуктоосунда.

“2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” жарлыкка Жапаров былтыр июнда кол койгон.

Экономика жана коммерция министрлиги жаңы программа элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга жана туруктуу экономикалык өсүшкө жетишүүгө багытталганын билдирген. Башкы стратегиялык максат – 2030-жылга чейин ички дүң продукцияны 30 миллиард долларга чейин көбөйтүү, бул ИДПнын номиналдык өсүш темпин жыл сайын 8–10% деңгээлинде сактоону талап кылат.

Программанын артыкчылыктуу багыттары болуп жаңы жумуш орундарын түзүү, индустриалдаштыруу, айыл чарбасын жана агроөндүрүш тармагын өнүктүрүү, туризм, энергетика, транспорттук коридорлор жана экспорттук потенциалды жогорулатуу, ошондой эле административдик-аймактык реформанын экинчи этабын өткөрүү саналат. Мындан тышкары, билим берүү жана саламаттык сактоо системаларын өркүндөтүү сыяктуу социалдык маселелерге көңүл бурулары айтылган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG