Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

"Бирин бири куткарам деп чөгүп кеткен". "Тазалыктын" үч жумушчусу кабылган кырсык


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Бишкекте 30-декабрда"Тазалык" муниципалдык ишканасынын үч жумушчусу кабылган каргашалуу окуянын чоо-жайы териштирилип жатат.

Окуя борбор калаанын түштүк-чыгыш тилкесинде, Аламүдүн-1 кичи району тарапта эртең менен болгон. Үч жумушчу Ауэзов көчөсү жактагы каналга чөгүп кеткен.

Мэриянын басма сөз кызматынын баштапкы маалыматында кырсык Чоң Чүй каналында болгону айтылган, кийин, тактоодон соң ал жер Бишкектин Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) караштуу техникалык канал деп аталары белгилүү болду.

Саат 14:00гө карата сууга чөккөн үч кишинин биринин сөөгү табылды, калган эки кишини издөө уланууда. Бул тууралуу Бишкектин Куткаруу кызматынын башчысы Бактияр Акматов билдирди:

"Табылган адам 1988-жылкы деген баштапкы маалымат берилди. Аны көрүп калган адамдар чыгарып алышкан. Азыркы учурда Бишкек шаары боюнча Куткаруу кызматынан, Чүй облусунун Аламүдүн кызматынан жалпысынан 18 куткаруучу жана суучулдар иштеп, эки кишини издеп жатышат. Куткаруучулар дагы кошумча тартылат, эки жээктен издөө иштерин жүргүзөбүз".

Акматовдун айтымында, техникалык каналдагы суунун тереңдиги 2-4 метрди түзөт.

"Тазалык" ишканасынын директору Жолдошбек Чуштуковдун айтымында, кырсык эртең менен саат 8:00-8:30 чамасында болгону аныкталды:

Жолдош Чуштуков
Жолдош Чуштуков

“Биздин бир кызматкер сууга кулап кеткен экен. Эмне болуп кулаганы азыркы маалда белгисиз. Аны куткарам деп аркасынан кирген кызматкер да, экөө чөгө баштаганда үчүнчүсү да кирип, акыры үчөө тең чөгүп кеткен факт катталды. Биринин сөөгү табылып, аны моргго алып кетишти. Ал эми экөөнү издөө иштери жүрүп жатат. Факт боюнча тергөө жүрүүдө. Бири 1988-жылкы экен, экөө 1963, 1964-жылкылар, үчөө тең эркек кызматкер".

Чуштуков аталган жумушчулар "Тазалыкта" эмгектенгенине 2-5 жылдай убакыт болуп калганын кошумчалап, ишкана бардык кызматкерлерге жума, ай сайын коопсуздук тууралуу эскертип, инструкция берип турарын кошумчалады.

Баштапкы маалымат боюнча, үчөө тең ошол тараптагы өз жумушун бүтүрүп, үйүнө кетип бараткан.

“Мастери эртең мененки 8де иш бүткөндөн кийин Жаңы жылды белгилөөгө келбей калгандардын белектерин таратып берген экен. Жумушун бүтүргөн экен. Калган маалыматты териштирүү жүрүп жатат", - деди Чуштуков.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын 102 кызматына маалымат саат 09:02 чамасында түшкөнүн мекеменин басма сөз кызматы билдирди:

"Ауэзов көчөсүндө эки адам чөгүп кетти деген маалымат түшкөн. Аталган факт каттоого алынган. Ыкчам тергөө тобу жерине келгенде эки эмес, үч киши чөккөнүн аныктаган. Алардын биринин сөөгү табылды, эки адам изделүүдө. Тиешелүү экспертизалар дайындалат, дагы кошумча маалымат берилет".

Кырсык болгон жерге борбор калаа мэри Айбек Жунушалиев барганын, териштирүүнү дыкат жүргүзүп, көзөмөлгө алууну тапшырганын басма сөз кызматы маалымдады:

"Издөө иштеринин жыйынтыгынан кийин "Тазалык" ишканасынын профсоюз комитетинин каражатынан тышкары шаардык резервдик фонддон да жардам көрсөтүү тапшырылды. Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып, бул факт боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Маселе Бишкек шаарынын мэринин жеке көзөмөлүндө".

"Тазалык" мэрияга караштуу муниципалдык ишкана. Анын милдети - калаанын аймагын санитардык тазалоо, коммуналдык жана жол тейлөө иштерин аткаруу.

Ишкананын жумушчулары түрдүү кырсыкка кабылган окуялар буга чейин да катталган.

Быйыл 26-ноябрда эртең менен Боталиев жана Кызыл-Кыя көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө өтмөктө көчө тазалап жаткан жумушчуну машина коюп кеткен. Жараат алган 59 жаштагы аял Улуттук госпиталда эсине келбей каза тапкан. 2022-жылы бир айда “Тазалыктын” үч жумушчусу иш учурунда мерт болгон.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG