Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Бишкекте машине коюп кеткен "Тазалыктын" кызматкери каза болду


Бишкекте 26-ноябрда эртең менен Боталиев – Кызыл-Кыя көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө өтмөктө көчө тазалап жаткан “Тазалык” ишканасынын кызматкерин унаа коюп кеткен. Жараат алган 59 жаштагы аял Улуттук госпиталда эсине келбей, эртеси күнү саат 6:40та каза болгон. Бул тууралуу 2-декабрда “Азаттыкка” Бишкек шаардык милициясынын патрулдук кызматы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын патрулдук кызматынын издөө бөлүмү унаанын айдоочусун кармап, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Айдоочу 36 жашта экени жазылган.

Башкармалык айдоочуларга кайрылып, жол кырсыгына кабылганда ал жерден качып кетүүдөн алыс болууга чакырды.

“Кырсык болгон жерден кетип калуу менен айдоо мыйзам бузгандан тышкары, жабырлануучуга заматта жардам көрсөтүүгө тоскоолдук кылган болот. Сиз нес абалда болсоңуз да кетип калбай, тез жардамды чакырып, милиция кызматкерлерин күтүңүз”, - деп жазылган маалыматта.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, (ЖКККББ) быйыл он айда Кыргызстанда 7443 жол кырсыгы катталып, 750 киши каза болду. Бул 2024-жылдын ушул убактысына салыштырганда 30% көп. Жалпысынан жолдогу кырсыктардан 10 миң 767 адам ар түрдүү жаракат алган.

"Тазалыктын" көчө тазалаган жумушчуларынын өлүмү менен аяктаган жол кырсыктары буга чейин да катталган. 2022-жылы бир айда “Тазалыктын” үч жумушчусу иш учурунда мерт болгон.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG