Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:08

КазТаг агенттигинин кеңсесинде, башкы редактордун үйүндө тинтүү жүрдү


Амир Касенов.
Амир Касенов.

Казакстандын борбору Астана шаарында КазТаг маалымат агенттигинин кеңсесинде жана башкы редактору Амир Касеновдун үйүндө 29-декабрда кечинде тинтүү жүрдү. "Азаттыктын" казак кызматы тинтүүгө келген полиция кызматкерлерин тартып алган, бирок алар комментарий берүүдөн баш тартып, тергөөгө жолтоо болбоону талап кылышкан.

Амир Касенов 23-декабрда кечинде Астана шаарында полицияга чакырылгандан кийин камалган. Маалымат агенттигинин башчысы Асет Матаев муну "укуктук чектен чыккандык" деп атаган жана буга байланыштуу Freedom finance компаниясын, анын жетекчиси Тимур Турловду айыптаган. Сот 25-декабрда Касеновдун бөгөт чарасын карап, ал тергөөнүн маалында үй камагында болот деген чечим чыгарган.

Касеновдун бөгөт чарасы каралган сот жараянына өз эрки менен беш адвокат катышкан.

Мунун алдында Freedom finance компаниясынын арызынын негизинде Касенов менен Матаевге "жалган маалымат таратуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Ага чейин сайтка аталган компаниядагы көз боемочулук схемалар тууралуу материал жарыяланган жана анда жетекчилеринин аты аталган.

Тимур Турлов Орусияда туулган, кийин казак жарандыгын алган ишкер.

Жазында бир катар казакстандык жарандар Freedom finance компаниясынын кызматкерлеринин айынан жабыркап, чыгымга учурашканын айтып чыгышкан. КазТаг буга байланыштуу материал даярдаган жана бир катар кайрылууларга карабай бул компания жооп бербегенин билдирген.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG