Орусиянын Коргоо министрлиги 27-декабрда Украинанын аймагына жапырт чабуул жасалганын кабарлап, үндүн ылдамдыгынан да тез учуучу жана аэробаллистикалык ракеталар, согуштук дрондор колдонулганын билдирди.
Мекеме бутага "украин аскерлеринин кызыкчылыгы үчүн колдонулуучу" энергетикалык инфраструктура объектилери, аскердик өнөр жай комплексинин ишканалары алынганын, максатына жетишкенин кабарлады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский ишембиге караган түнү жана эртең менен Орусия 500дөй учкучсуз учак, 40 ракета, анын арасында "Кинжалдарды" учурганын, негизги бутага борбор калаа Киев, энергетика жана жарандык инфраструктура алынганын билдирген.
Киевдин мэри Виталий Кличко шаарда жапырт аткылоодон жараат алгандар 27 кишиге жеткенин, Киев облусунда 47 жаштагы аял каза тапканын, жабыркагандар арасында балдар да бар экенин маалымдады.
Украин борбор калаасында жалпысынан 11 саат абадан коркунуч тууралуу эскертүү берилип жатты.
Днепров, Дарница, Десна, Оболонь, Шевченко райондорунда көп кабаттуу үйлөрдө өрт чыкканы, сыныктар тийип, жабыркаганы белгилүү болду.
Ал тапта украин президенти Владимир Зеленский АКШга баратып жолдон Канадада токтоп, бул өлкөнүн премьер-министри Марк Карни менен жолугушуу өткөрөрүн «РБК-Украина» жазды.
Зеленский менен Трамптын кезектеги жолугушуусу 28-декабрда Флоридада өткөнү жатат.
Шерине