Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

Тышкы карыз 2035-жылга чейин толук жабылары айтылды


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Кыргызстандын тышкы карызы 2035-жылга чейин толук жабылат. Бул тууралуу 26-декабрда Бишкекте IV Элдик курултайда делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып президент Садыр Жапаров билдирди.

Жыл өткөн сайын тышкы карыз өсүп жатканын айткан Жапаров 2022-жылы 392 млн, 2023-жылы 595 млн, 2024-жылы 688 млн, ал эми 2025-жылдын эсебинен тышкы карыздын 857 млн доллары төлөнгөнүн айтты. Ал ошондой эле келерки жылы 1 млрд 48 млн, 2027-жылы 1 млрд 277 млн, ал эми 2028-жылы 1 млрд 326 млн сом сырткы карыз төлөнөрүн кошумчалады.

2030-жылдан тартып сырткы карыздын көлөмү азая баштарын айткан президент 2035-жылы карыздан толук кутулууга жол ачыларын белгиледи.

Тышкы карыз маселеси тууралуу ноябрь айында да түшүндүрмө берип Жапаров 2035-жылга чейин өлкө өз күчү менен карыздан толук кутулат деп ишендирген. Ал учурда сырттан алынып жаткан каражаттар эң ириде чоң экономикалык долбоорлорго жумшалып жатканын айткан.

Жалпы көлөмү боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы сентябрдагы маалымат боюнча 732,7 млрд сом же 8,4 млрд долларга жеткен. Түзүмү боюнча мунун 37,5% ички, 62,5% тышкы карыз болуп эсептелет. (KS)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG