Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Бейтсон: Виза саясаты АКШга пайда алып келиши керек


Ян Бейтсон
Ян Бейтсон

АКШ 21-январдан тарта 75 мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза берүүнү убактылуу токтотуп, туристтик жана иш визасы үчүн 15000 долларга чейин күрөө коюуга милдеттендирди. Буга байланыштуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Ян Бейтсонго бир нече суроо узаттык.

“Азаттык”: Иммиграциялык визаны күтүп жаткандар, көп жылдан бери ошол визаны алып балдары, башка жакын туугандары менен бирге, же болбосо жакын жашайбыз деп үмүттөнгөндөр үчүн жагымсыз жаңылык болду. Визалык чектөөгө туш болгон мамлекеттер кандай критерий менен тандалды?

Бейтсон: 21-январдан тарта иммиграциялык виза берүүгө тыюу салынган өлкөлөр тизмесине мурдагы советтик аймактан Орусия, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Армения, Грузия, Молдова кирди. Биз Америкада жашап жаткан иммигранттардын мамлекеттик жөлөкпулга көз карандылыгын изилдеп чыктык. Статистика көргөзгөндөй, дал ушул 75 мамлекеттен келгендер мамлекеттик каражатка башкалардан көбүрөөк көз каранды болуп чыкты. Бул АКШ экономикасынын азыркысы менен келечегине байланыштуу маселе. Бул чектөөнүн туристтик же башка виза боюнча убактылуу келип кетчү адамдарга тиешеси жок. Ошондой эле буга чейин берилген иммиграциялык визаларга, же жашыл карталарга жайылтылбайт, алар жок кылынбайт.

Мындан тышкары кыргызстандык, тажикстандык туристтер менен ишкерлер Америкага виза алыш үчүн 15 миң долларга чейинки акчаны күрөөгө коюшу керек болот. Күрөөнүн суммасын элчиликтеги аңгемелешүү учурунда консул аныктайт. Мунун баары Американын виза саясатын ондоп-түзөө, реформалоо аракетинин алкагында жасалып жатат. Саякаттап келген туристтер же башка иш боюнча келгендер убагында Америкадан чыгып кетиши керек. Иммиграциялык же туруктуу жашоого укук берген виза АКШга узак мөөнөттүү пайда алып келиши керек.

“Азаттык”: Бул чектөөлөр убактылуу киргизилип жатат деп айтылды. Канча убакыттан кийин өзгөрүшү же жоюлушу мүмкүн?

Бейтсон: Азырынча бул чектөөлөрдүн мөөнөтү аныктала элек. Убактылуу деп айтылды. Маселелер же көйгөйлөр бар экени анык. Аларды жоюу, оңдоо боюнча иш аракеттер, механизмдер изилденип жатат. Иммигранттардын мамлекеттик жөлөкпулдан көз карандылыгын кыскартуу зарыл. Ошондуктан мөөнөттү тактоодон мурун бул маселени чечүүгө канча убакыт кетет, ошого көз каранды.

“Азаттык”: Кыргызстан же бул тизмеге кирген башка өлкө чектөөлөрдү жойдуруш үчүн кандайдыр аракеттерди жасашы мүмкүнбү? Андай аракеттер кандай багытта болушу мүмкүн деп ойлойсуз?

Бейтсон: Бул тизмеге кирген айрым өлкөлөрдү гана атадык. Себебин да айттык, ал - буга чейин Америкага көчүп келген иммигранттардын Кошмо Штаттардын финансылык, социалдык колдоо программаларына көз карандылыгы. Бул чечим Американын иммиграциялык саясатын кеңири реформалоо аракетинин алкагындагы бир кадам. Мындан ары дагы башка аракеттер көрүлөт. Бул кадамдардын жалпы натыйжасы кандай болот, ошого жараша жаңы чечимдер болушу мүмкүн. Убакыт көргөзөт.

Кыргызстан же башка мамлекет мындай аракет көрсө болот деп айта албайм. Түркмөнстан тарабынан дипломатиялык жылыштар болгонун байкадык. Ал жерде туристтик виза боюнча маселе болгон. Дипломатия, албетте, мындай маселелерди чечүүнүн абдан маанилүү бөлүгү бойдон кала берет.

Президент Трамп үчүн иммиграциялык маселе күн тартибиндеги башкы, артыкчылыктуу багыт экенин билебиз. Мамлекеттик катчы Марко Рубио кайталап айткандай, виза – бул укук эмес, бул артыкчылык берүү болушу керек.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG