Мурдагы илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов ичимдик ичип алып машина айдаганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылды. Бул тууралуу Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунан кабарлашты.
Президент Садыр Жапаров Бактияр Орозовду 15-декабрда кызматтан алган. Президенттин администрациясы тараткан маалыматта анын кызматтан алынышына мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасын так сактабаганы негиз болгону жазылган. Бирок сөз министрдин кайсы аракети жөнүндө экени айтылган эмес.
Көп өтпөй социалдык тармактарда Орозовду Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери токтоткону, ичимдик ичип алып машина айдап баратканы аныкталганы тартылган видеолор тараган.
39 жаштагы Орозов министрлик кызматка быйыл май айында дайындалган. Анын алдында юстиция министринин орун басары болуп эмгектенген. 2022-жылдын февраль-сентябрь айларында билим берүү министринин орун басары болуп турган.
Орозов өзү кабылган окуя тууралуу комментарий берген эмес.
Шерине