Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Өзбекстанда жалданмачылык беренеси менен дагы бир жаран соттолду


Өзбекстандын Бустан райондук соту жалданмачылык беренеси менен айыпталган 38 жаштагы кишини үч жылга эркинен ажыратты. UzNews тараткан маалыматка ылайык, аты аталбаган жаран быйыл апрелде Орусияга эмгек миграциясына кеткен. Июнда ал жактагы полиция документтери жок деп кармап кеткен. Ошондон кийин, айыпталуучу өзү айтып бергендей, кол коюу үчүн кагаз беришкен, кийин ал Орусиянын Коргоо министрлиги менен Украинадагы согушка катышуу келишими болуп чыккан.

Келишимге кол койгондон кийин Украинанын Донецк облусуна жөнөтүлүп, орус аскерлери үчүн азык-түлүктү жүктөө менен алектенчү. Кийин Луганск облусуна которулуп, гранатаны чогултуу маалында болгон жарылуудан жаракат алган. Октябрда госпиталда дарыланып жаткан жеринен Өзбекстанга качкан.

Бир нече күн мурун Өзбекстандын соту Кашкадарыя облусунун 40 жаштагы тургунун жалданмачылык беренеси менен төрт жылга эркинен ажыраткан.

UzNews Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматына шилтеме менен 2022-жылдан бери өлкөдө чет жактардагы куралдуу жаңжалдарга жалдануу беренеси менен 338 кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Мекеме ал адамдардын диний-экстремисттик жана эл аралык террордук уюмдарга кошулганын же чет өлкөлүк аскердик түзүмдөргө жалданганын аныктаган. Кайсы жаңжалдар тууралуу кеп болгону белгисиз.

Орус армиясынын катарында канча өзбекстандык согушуп жүргөнү белгисиз. Расмий Ташкент андай маалыматтарды расмий жарыялаган эмес. Украинанын мамлекеттик "Хочу жить" долбоору быйыл октябрда Өзбекстандын кеминде 2 715 жараны Украинага каршы согушканын же согушуп жүргөнүн аныктаган.

Долбоордун эсебинде, 2023-жылы Орусия тарапта 498 өзбекстандык, ал эми быйыл алгачкы алты айда дээрлик 1300 адам согушкан.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG