Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:11

Эң катаал түрмөдө жаткан Эрматовду согуш күтүп турабы?


Мухамадюсуп Эрматов сот залына бараткан сүрөт. (Архив).
Мухамадюсуп Эрматов сот залына бараткан сүрөт. (Архив).

мазмуну

  • Мухаммадюсуп Эрматов 2017-жылкы Санкт-Петербургдагы терактка айыпталып, 27 жылга эркинен ажыратылган.
  • Эрматов кыйноо жолу менен көрсөтмө берүүгө мажбур болгонун айткан, ал учурда катаал шарттагы Норильск абагында кармалууда.
  • Орусиянын абактарында Борбор Азиядан барган мигранттардын укуктары бузулуп жатканы тууралуу укук коргоочулар такай коңгуроо кагышат.

"Азаттыкка" Орусиядан чыгып кеткен укук коргоочулар кайрылып, орус абагында отурган кыргызстандык Мухамадюсуп Эрматов тууралуу маалымат беришти. 34 жаштагы жигит 2017-жылдан бери Орусияда терроризм беренеси менен айыпталып, жакында Норильскидеги жабык түрмөгө которулган.

Санкт-Петербургдагы терактка айыпталган Эрматов

2017-жылы Санкт-Петербург метросунда болгон жардыруудан кийин полициянын рейддери Орусиядагы Борбор Азиядан барган мигранттардын жүрөгүнүн үшүн алган.

Терактта 16 адам каза болуп, ондогон киши жараат алган. Орус бийлиги бул иш боюнча Борбор Азиянын 11 жаранын айыптап, алардын ар бирине эң оор жаза чегерген.

Алардын арасында Мухамадюсуп Эрматов да болгон.

Мухамадюсуп Эрматовду сот залына алып бараткан сүрөт. (Архив).
Мухамадюсуп Эрматовду сот залына алып бараткан сүрөт. (Архив).

Эрматов азыр 34 жашта. Ал Кыргызстандын Ош облусунда төрөлгөн. Жаштайынан миграцияга кетип, Санкт-Петербургда кара жумушчу болуп иштеп жүргөндө камалган.

Мухамадюсупазыржакындары менен байланыша албайт.

“Азаттыкка” Германияда жашаган укук коргоочу Марина Тимофеева кайрылып, Эрматовдун жагдайы тууралуу айтып берди.

Тимофеевага окшоп Орусиядан чыгып кеткен укук коргоочулар жана жарандык активисттер абакта отурган адамдар менен кат аркылуу байланышып турушат.

“Биз алардын тууганы же жакыны эмеспиз. Болгону абактагылардын абалын сурап, кат жазабыз. Соңку каттардын биринде Эрматов аны башка абакка которушканын жана азыр жакындары менен байланыш үзүлгөнүн жазган. Ал мен сыяктуу дагы бир активистке жолдогон катында "Кыргызстандын президентине кайрылыңыздар" деп суранган экен. Орус бийлиги абактагыларга гумандуу мамиле кылбай, алардын укуктарын одоно бузуп жатат”, - деди Тимофеева “Азаттыкка”.

Маалыматка караганда, Мухаммадюсуп Эрматов 2017-жылдын 5-апрелинде Санкт-Петербургда белгисиз адамдар тарабынан уурдалып, бир айга жакын жашыруун жайда кармалган. Ал жакта аны ур-токмокко алып, кыйнашкан. Эрматовдун айтымында, аны “теракт уюштурган Акбаржон Жалиловду тааныйсыңбы?” деген суроолор менен уруп-сабап, коркутуу жолу менен көрсөтмө берүүгө мажбурлашкан. Аны расмий түрдө 11-майда гана “кармалды” деп каттоого алышкан, бирок укук коргоочулардын баамында бул “жасалма дата” болушу мүмкүн. Анткени ошол убакка чейин анын эч кандай юридикалык макамы аныкталбай, абакта мыйзамсыз кармалган. Бул иш боюнча Мухаммадюсуп Эрматовдун бир тууганы да азыр камакта. Бирок ал кандай шартта жана кайсыл жерде жаза мөөнөтүн өтөп жатканы белгисиз.

“Азаттык” Эрматовдун ишине байланыштуу ондогон сот чечимдерин жана документтерди карап чыкты. Соттун документтеринин биринде Мухаммадюсуп Эрматов 2019-жылдын 10-декабрында Санкт-Петербург шаарындагы Экинчи Батыш округдук аскердик соттун өкүмү менен 27 жыл 10 айга эркинен ажыратылганы көрсөтүлөт.

Ага коюлган айыптардын арасында терроризмге байланышкан бир нече беренелер бар: Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин бир нече бөлүктөрү, ошондой эле 205.4, 222.1, 223.1 беренелер көрсөтүлгөн.

Соттун чечими менен Эрматов катаал режимдеги түзөтүү колониясында жаза өтөөгө, ошондой эле 700 миң рубль айып төлөөгө милдеттендирилген.

"Судебные решение" сайтындагы соттун чечими.
"Судебные решение" сайтындагы соттун чечими.

Соттолгон күндөн тарта Эрматов орус бийлигине бир нече ирет кайрылып, жакындары менен байланышууга мүмкүндүк берүүнү суранганын билдик. Документтерге ылайык, 2021-жылдын 15-ноябрынан тартып ал Красноярск крайындагы ИК-17 түзөтүү колониясында отурган.

Бирок 2023-жылдын 4-октябрында Эрматов Жаза аткаруу федералдык кызматына (ФСИН) арыз менен кайрылып, өзүн ушундай эле шарттагы башка колонияга которууну өтүнгөн.

Эрматов бул өтүнүчүнүн негизги себеби катары абак турган жердин алыстыгынан улам анын Кыргызстандагы жана Орусиядагы туугандары жолугушууга келе албай жатканын көрсөткөн. Бирок сот анын өтүнүчүн четке каккан.

Орусиянын "Судебные решение" базасынан алынган документ.
Орусиянын "Судебные решение" базасынан алынган документ.

Акыркы жылдары Эрматов жакындары менен байланыш дээрлик үзүлгөнүн бир нече жолу билдирген. 2024-жылы ал "Орусиянын постасы" мамлекеттик ишканасын сотко берген.Эрматов өз арызында жакындарына жазган каттары дайыма кеч жетерин, башкача айтканда, мекеме көрсөткөн мөөнөттөр такай бузуларын билдирген.

“Мен жакындарым менен соттон, эркиндигим чектелген жерден кат аркылуу гана байланышып жатканымды эске алууну өтүнөм”, - деген Эрматов өз арызында.

Орусиялык укук коргоочулар Эрматов тууралуу "Поддержка политзаключённых. Мемориал" аттуу көз карандысыз долбоор аркылуу билишкен. Төрт миңден ашуун адамдын ысымы камтылган бул тизмедеЭрматов менен кошо Санкт-Петербургдагы теракт иши боюнча айыпталган башка кыргызстандыктардын да аты-жөнү бар.

“Биз тизмеге биз тергөөдө күмөндүү жагдайлары бар же кандайдыр бир себептен улам саясий туткун катары каралышы мүмкүн болгон абактагылардын ысымын киргизебиз. Бул жерде борбор азиялык гана эмес, орусиялыктар да бар. Бирок көп учурда диний же экстремизм беренелери боюнча соттолгон борбор азиялыктар өзгөчө аялуу топко айланып жатышат”, - деди “Азаттыкка” укук коргоочу, долбоордун өкүлү Анна Каретникова .

Соңку теракттарга шектелген борбор азиялыктар
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:27 0:00

Эрматов азыр Орусиянын Норильск шаарындаги катуу режимдеги колонияда жазасын өтөп жатат. Анын бул түрмөгө качан которулганы тууралуу так маалымат жок, бирок абактагылар тууралуу маалымат жарыялаган айрым Телеграм-каналдар быйыл сентябрда анын жаңы дареги катары Норильсктеги колонияны көрсөткөн.

Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын уруксаты менен гана кирүүгө мүмкүн болгон бул абакка Эрматов кандай шартта жана эмне себептен которулганы белгисиз.

"Ал орус бийлигинен жакындары менен жолугууга же кат алышууга уруксат берүүнү суранса, тескерисинче, аны мурдагыдан да алыс жайгашкан түрмөгө которушту. Бул абдан үрөй учурган көрүнүш. Анткени мындай мамиле адамдын негизги укуктарын да, Орусиянын мыйзамдарын атап айтканда, абактагылардын жакындары менен жолугууга кепилдик берген 89-беренени бузат. Узак мөөнөттүү жаза өтөө - оор сыноо. Аны жакындары менен байланышууга мүмкүнчүлүк бербей, кайра жазалоо катары колдонуу адамдык баалуулуктарга каршы келет", - деди Марина Тимофеева.

Укук коргоочу Эрматовдун иши боюнча кыргыз бийлигине кайрылганын, Акыйкатчы институтуна кат жазганын кошумчалады. Бишкектен бул иш боюнча Тышкы иштер министрлиги иш алып барарын жана ал мекемеге кат жолдонгону тууралуу жооп алган.

Марина Тимофеевага Акыйкатчы институту жиберген жооп
Марина Тимофеевага Акыйкатчы институту жиберген жооп

"Азаттык" байланышкан Мухаммадюсуп Эрматовдун жакындары сүйлөп берүүдөн баш тартты. Алар муну Орусиянын аймагында жашап жатканы жана жеке коопсуздугуна байланыштырды.

"Норильсктеги абак: ФСБнын уруксаты, тогуз ай кыш"

Эрматов азыр жазасын өтөп жаткан колония Норильск шаарында жайгашкан. Орусиянын түндүгүндөгү шаарда шарт өтө катаал, кышы тогуз айга чейин созулат. Норильскиге учак менен гана жетет, Орусиянын башка аймактары менен байланыштырган кан жол жок.

Климаттык шарты катаал бул аймактагы колонияда оор кылмыштар менен соттолгон 1500дөй эркек жаза өтөйт. Шаардын өзүнө Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын уруксаты менен гана кирүүгө болот.

Орусиянын картасы.
Орусиянын картасы.

"Ал түрмөдө өтө оор кылмыш жасагандар: киши өлтүрүү, террорчулук же ушул сыяктуу беренелер менен соттолгондор гана кармалат. Былтыр ал жерден эки кыргызстандык башка абакка которулган. Аталган колония Орусиядагы эң катуу режимдеги, шарты эң оор абактардын бири болуп саналат", - деди "Азаттык" байланышкан кыргызстандык котормочу.

Белгилүү себептерден улам аты-жөнүн жашырган котормочунун сөзүнө караганда, учурда Орусияда түрмөдөн түз эле согушка жөнөтүлгөндөр көбөйгөн. Андыктан соңку убакта абактагыларды улам башка жакка которуу мурдагыга караганда көп болуп жатат. "Согуш башталгандан бери айрым колониялар бош калганын угуп жатабыз", - деди ал.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Орусиянын абактарындагы шарттарга жана Борбор Азиядан барган мигранттардын абалына тынчсыздануусун билдирип келишет. Алардын айтымында, Эрматов сыяктуу миңдеген киши терроризм жана экстремизм беренелери боюнча айыпталып, сот адилеттигине жетпей, абакка айдалат.

Азырынча Кыргызстандын расмий органдары бул иш боюнча кеңири комментарий берише элек.

Санкт-Петербург метросундагы теракт

2017-жылдын 3-апрелинде Санкт-Петербургдагы жардырууда 16 киши өлгөн. Ал кезде бир да террордук уюм бул окуя үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алган эмес. Орусиянын Тергөө комитети жардыруудан эки жыл өткөндөн кийин террордук деп таанылган "Катиба Таухид вал-Жихад" тобун айыптаган. Бирок бул топ жардырууга тиешеси жоктугун жарыялаган.

Ошол жылы 17-апрелде кыргызстандык Аброр Азимов "жардырууну уюштурууга кол кабыш" кылган деп Москва облусунда кармалган. Ал кезде Аброр Москванын четиндеги “Лесное” кафесинде суши жасап иштеп жүргөн. Эки күндөн кийин Абрордун агасы Акрам Азимов кармалган. Ата-энеси аны Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү Оштогу ооруканада жаткан жеринен алып кетишкенин айтышкан. Бирок орус тарап анын Москвадан кармалганы тууралуу расмий кабар тараткан.

Кыргызстанда туулуп, кийин орус жарандыгын алган ага-ини Азимовдор тергөөдөгү баштапкы көрсөтмөлөрүн кыйноо менен бергенин сотто айтышкан.

Кыргызстандын органдары ага-ини орус жарандыгын алышканын, андыктан бул ишке Бишкек кийлигише албай турганын билдирген.

Ахрал Азимов уулдары Аброр жана Акрам менен. Сүрөт Ахрал Азимовдун «Фейсбук» баракчасынан алынган.
Ахрал Азимов уулдары Аброр жана Акрам менен. Сүрөт Ахрал Азимовдун «Фейсбук» баракчасынан алынган.

Жардыруу боюнча жалпысынан 11 борбор азиялык мигрант 19 жылдан 28 жылга чейин абакка кесилген. Арасында Азимовдордон тышкары, өзбекстандыктар, тажикстандыктар бар. Алардын баары сотто айыптоону карандай доомат деп четке кагышкан.

Бул окуядан кийин да Орусияда борбор азиялыктарга кысым күчөп, рейддер башталган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, Орусиянын абактарында 1500гө жакын кыргыз жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат. 2023-жылдын 11 айында орус абактарында отургандарды Кыргызстанга өткөрүү боюнча 132 суроо-талап Москвага жиберилген. Ал жылы 73 адам, былтыр жарым жыл ичинде 30 киши Кыргызстанга экстрадицияланган. Башкы прокуратуранын маалыматында, 494 соттолуучу экстрадициядан баш тарткан.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG